Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
МАКСИМ БАКИЕВДИН ИШИ 7-ДЕКАБРДА КАРАЛАТ...
№527 7-Ноябрь-13-Декабрь, 2012-ж

- Экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди экстрадициялоо тууралуу уктуруу 7-ДЕКАБРГА белгиленди.
- БИШКЕК шаары, СОКУЛУК жана АЛАМҮДҮН райондорунда жайгашкан мектептер менен бала бакчалар Жаңы жылга карата өрт коопсуздугу боюнча текшерүүгө алынууда.
- Казакстандын өкмөт башчысы Серик Ахметов Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ысымын ыйгарууга жана МАНАСТЫН эстелигин орнотууга даяр экенин айтты.
- Аскердик прокуратура МЕДЕТ САДЫРКУЛОВДУ өлтүрүү жөнүндө иш боюнча соттун чечимине кайра арыз жазып, соттолгондордун жазасын буга чейинкиден катаал кылууну суранууда.
- 7-декабрь күнү Бишкек шаарында өлкөнүн эң биринчи жетекчилеринин бири МАКСИМ АММОСОВГО арналган эстелик ачылды.
- Каржы министринин орун басары Алина Шаикованын айтымында, 2013-ЖЫЛДЫН АПРЕЛЬ АЙЫНА карата ар бир кыргызстандык жаранга жеке номур берилет.
- КОЧКОР-АРАЛ-ТӨӨ-Ашуу автожолунун 99-чакырымында №2-жүк текшерүүчү тараза пункту ишке киргизилди. Өлкөдө баары биригип мындай 17 тараза бар.
- Олимпиадалык курамдын мүчөсү АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВАГА 6-декабрь күнү сот чечимин чыгарып, шарттуу түрдө 2 жылдык жаза мөөнөтү берилди.
- ЖАШОО САПАТЫ боюнча дүйнөлүк рейтингде Бишкек шаары 204-орунду ээледи.
- ЮНЕСКОнун Маданий мурастар боюнча тизмесине кыргыздын АЛА КИЙИЗИ менен ШЫРДАГЫ каттоого алынды.
- Бишкек шаарында сарык оорусунун күчөп кеткенине байланыштуу башталгыч класстар менен бала бакчаларда КАРАНТИН жарыяланды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Рейтинг:
0