Мирбек Иманбеков:«БУТ ТОСУУЛАРДАН УЛАМ АЙРЫМ ТИЛЕКТЕРИМ ОРУНДАЛБАЙ КАЛДЫ»

№527 7-Ноябрь-13-Декабрь, 2012-ж

Мирбек Иманбеков бойдок учурунда ага ашык болуп артынан ээрчиген кыздар көп эле. Мезгил өтүп, бетинде уячасы бар, кара тору, чырайлуу жигит өз сүйүктүүсүн таап, үй-бүлө очогун тутанткан. Анткен менен азыр деле Мирбекти сүйгөн кара көздөр арбын. Бул жолу ырчы мырза бизге учурдагы жашоосу, кубанычтары менен ой бөлүштү.

– Кандайсың, Мирбек, көп көрүнбөй кеттиң да?
– Жакшы, рахмат. Үй-бүлө менен убара тартып жүрөм. Кызым кичинекей, кичүү балам бир жашка чыга элек. Ошондуктан аларды карашып, тарбиялаганга салым кошуп дегендей. Гастролго көп чыкпасам да, тойлорго чакыруулар болуп, барып турам. Кудайга шүгүр, жашоо жакшы.

– Чыгармачылыгыңдын солгундай түшкөнүнө өзүнчө очок тутантып, үй-бүлө күткөнүң себеп болуптур десек жарашабы?
– Жок, үй-бүлөм эч качан менин чыгармачылыгыма тоскоол болгон эмес. Бирок убагында бул тууралуу ар кандай сөздөр, ушактар чыккан. Мыкты ырчы жаңы чыкканда популярдуу болот, эл сени көргүсү келет, ырыңа талап көп болот. Азыр деле ошондо сахнага бир чыккан ырчылар тегиз, бир деңгээлде эле баратабыз. Ырларды мурункудай көп жаздырбасам да, аздан ыр, клиптерди жаратып жүрөм.

– «Таластык кызды» ырдап чыккан Мирбек менен азыркы «Сүйүктүүм» деп созолонткон Мирбектин кандай айырмачылыгы бар?
– Эң биринчи айырмачылыгы жашта. Жаңы ырдап баштаганда 20 жашта элем, азыр 27ге чыктым. 7 жыл ичинде сахнага чыгып, элге таанылдым, күйөрман күттүм. Азыр эки баланын атасымын, ой токтотуп, үй-бүлөмдүн келечегин ойлонуп калдым.

– Биринчиң кыз эле, эми уулдуу болуу бактысы кандай экен?
– Балам төрөлгөндө мен Орусияда элем. Бишкекке учарда апама чалсам, Бурулду төрөтканага алып кетишкенин айтты. Дал ошол күнү аэропорттон 4-5 саатка кармалып калып жатпайлыбы. Келгиче санааркап, тынчым кетти. Бишкекке түшөрүм менен апама телефон чалсам «сүйүнчү, уулдуу болдуң!» дейт. Ошондо өзүмдү деле билбей калдым, залды жаңырта кыйкырып жибериптирмин.
Анан аэропорттон төрөт үйүнө чейинки жолдун узундугун айт. Эптеп балама жеттим. Анын бетиндеги меникиндей уячасын көрүп өзүмө окшоштуруп кубанып, көзүмдөн жаш тегеренип кеткенин да билбей калдым. Анан 3-4 күн жууп кеттик. Балама азыр 8 ай болду, күн сайын кылыктары чыгып жатат. Мурун гастролдордо жүрүп кызымдын кантип чоңойгонун билбей деле калгам. Азыр болсо баламдын кылыктарына арбалып, карыш чыга албайм.

– Кызыңар силерди ымыркайдан кызганбай элеби?
– Чынында, көңүлүбүз балага ооп кетти. Кызыбызды эрке өстүргөндөнбү, башында аябай эле кызганып жүрдү. «Эмнеге мени эркелетпейсиңер?» деп ыйлай берчү. Азыр бөбөгү ыйлап жатса, бизден мурун чуркап барат. Экөөнүн ойноп-каткырып жатканын көрүп эзиле беребиз. Жаш баланын күлкүсү өзүнчө бир керемет, дары экен да. Көп дартыңды айыктырып, жан дүйнөң эс ала түшөт. "Балалуу үй – базар" дегендей, биздикинде күндө базар. Сыналгыны тынч көрө албайбыз.

– Ашыгып жеткен арзууң Бурул сен күткөндөй жубай болуп бердиби?
– Ооба. Мен күткөндөй эле жубай болууда. Мурун экөөбүз эле болсок, кийин үчөө болдук, эми минтип саныбыз төрткө жетти. Балдарым томпойгон, сулуу, анан аябай тентек болсо экен деп тилечүмүн. Кыялдарым орундалып, келинчегим мен каалагандай балдарды төрөп берди. Үй-бүлөдө анча-мынча келишпестик болуп турат, албетте. Бирок андай нерселерге көз жумуп коёбуз.

– Бурул экөөңөр айтыша кетсеңер, кызыңар кимге тартат?
– Арууке 4 жашка чыгып калды. Апасы экөөбүз айтышып кетсек, бизди кечке карап туруп, мага «папа, мамамды урушпачы» дейт. «Мамаң тил албай жатпайбы» десем, «мама, тил албайсыңбы?!» деп коёт ага. Бир жолу катуу ачууланып апасына кыйкырып салсам, көзү тостоюп коркуп кетти. Ошондон кийин мен да бала жакшы тарбия алып чоңоюшу керек деп карманып калдым.

– «Концерттерим аншлаг менен өтүп турган чакта неге үй, машина сыяктуу материалдык байлык топтогон эмесмин?» деп азыр өкүнүп жаткан жоксуңбу?
– Ал кезди бир чети эстесем, бир чети эстегим да келбейт. Эстегим келгени, концерттерден эл мени күтүп көргөн күндөрүм, ал эми сахнанын артындагы нерселерди сөз кылгым келбейт. Мен эмне жөнүндө айтып жатканымды тиешелүү адамдар билишет. Ошолор жакшылап ойлонуп көрүшсө, түшүнөт деп ойлойм. Туура, материалдык байлык тууралуу ойлончумун. Мен деле үйлүү-машиналуу болгум келген. Бирок бут тосуулар болгон үчүн ушул тилектерим орундалбай калды десем болот.

– Чыгармачылыкка байланышкан жашооңдогу унутулгус мүнөттөр...
– «Таластык кыз» деген ырым радиолордон байма-бай жаңырып жаткан кез. Телеге чыга элек болсок да, базарларда хит болуп жаткан. Султандын концертинде ырдап жатсам капыстан аппараттын баары өчүп калса болобу! Зал болсо толо. Микрофонго «раз, раз» десем иштебейт. Биздин элде бир жаман сапат бар го, бир нерсе болсо эле шылдыңдагансып каткырып жиберебиз. Ошентип толтура киши каткырып калышты. Эмне кыларымды билбей кирип кеттим. Бир маалда кайра көрүүчүлөр «Мирбек, Мирбек» деп кыйкырып мени чакырып жатышпайбы. Кайра чыксам көп элди токтотуш кыйын экен, сахнага чыгып кетишине аз калыптыр. Коопсуздук кызматкерлеринин да алы жетпей араң турушту. Ошондо гана жеке концерт бериш керек экен деп чечкенбиз.

– Сени эл ким деп эстеп калышын каалайт элең?
– Бул тууралуу, чынында, ойлонуп көрбөптүрмүн. Мага, эң негизгиси, Мирбек Иманбеков деген ырчы жигит бар деп эстеп калышса жетиштүү. Анан да менин ырларымды унутпай ырдап турушса деген тилек.

– Тилектериң орундала берсин.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Мирбек Иманбековдун өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"Мени көрө албагандар көп эле болду" дейт Мирбек Иманбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(42)
10.12.2012. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула ! Балдары шипшиирииин экен
10.12.2012. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырларды кооооооооооооооооооооооооп чыгарса деген сураныч, суйуунун керемети, тагдыр ырлары абдан жагат азырда суйуп угам
10.12.2012. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Karmawkan koldorunar uzulbosun
10.12.2012. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы чыккан убагында. бирок тиги ачкемердей болгон Асыл апасова деген продюсери бул балага коп бут тосуууларды жаратты. даже уй-блосу, кызы бар экенин айттыртпай журбодубу желмогуз десе. Ачыгын эле айтпайбы десен теледен бут тосуулар болду деп.
10.12.2012. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мика, кошулам, менда угуп калган элем ушундай создорду. Эмнеси бактылуу болсун балдары жубайы менен. Ата эненин пешенесине балдары, балдардын пешенесине ата эне бар болсун!!!
10.12.2012. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne chon sahnaga chykpaisyzby?
10.12.2012. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула.
10.12.2012. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уй булонуз мн бактылуу болун сиздин ырларынызды суйуп укан куйорманыныз
10.12.2012. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласы копия экен.Бактылуу болгула!
10.12.2012. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын Асыл Апазованы Мирбек жакшы эле тойгуздуго ушунча жыл иштетип сокур тыйыны жок уй жай машинасы жок еще талантына бут тосту. Суйуктум деген ыры аябай жагат ийгилик!
10.12.2012. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул мирбек жанагы оздору айткандай лампочка эле болду жарк этип куйду да анан очту, ун деле жок.Азыр дайыны чыкпай калды бирок оной бекен аялын 2 баланы багыш. Эмнеси болсо да жакшы жарга туш келгенине ыраазы бол, анан балдарына камкор ата болуп журо бер. Сахнага бут тосуп атышса эмне кыласын ун болбосо?!!
14.12.2012. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emine, о
11.12.2012. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаааным деген ырын канча уксам да жадабайм. Удачи тебе!
11.12.2012. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уну бир жакшынакай озу силерге ким жагат???Просто красавчик Ишине ийгилик жолун ачылсын
11.12.2012. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн биринчи бактылуу болгул!!! Менин эн суйуктту ырчым ушул унуда бир сонун ал эми жакпагандар укпай эле койгула!!! Ар дайым ийгилик сизге!!!
12.12.2012. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар ардайым!
12.12.2012. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле бир кезде катуу жылдыз болгон. Ал учурда Асыл апасованы жакшы эле бакты, ушунун артынан акча иштеп ал аял машина алды. Анан Мирбек да тажады окшойт, бирөөнү баккандан. Туура эле кылдың продюсеринен кетип. Азыр деле аны багып жүрмөксүң. Эн негизгиси уй-булон менен бактылуу бол.
13.12.2012. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
krasavchik mirbek
13.12.2012. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булолук бакыт каалайм
16.12.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырларыныз абдан жагат азаматсыз!менин бир эжем чоон эле уй булолуу болуп туруп сизди суйоорун айтып жолугаар кунум болор бекен деп арманын айтканда абдан тан калгам.ИШИНИЗГЕ ИЙГИЛИК!
SUPER.KG видео
31.01.2013. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мирбек молодецццццццццц
SUPER.KG видео
31.01.2013. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mirbek saga ijgilikterdi kaalaim!!!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
01.02.2013. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Azamatsyn Mirbek, baldaryn, jubaiyn menen baktyluu bol. Chygarmachylyk iigilk.
SUPER.KG видео
01.02.2013. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Токтоо тушунуктуу адам болуптур талантын ташкындай берсин.Ийгилик!!!
SUPER.KG видео
01.02.2013. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бут тоскон адам ад анын озунун тууган ежеси Асыл Апазова экенин эл бешке билет!
SUPER.KG видео
04.02.2013. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatsyz Mirbek baike ayabai toktolup kalypsyz.
SUPER.KG видео
05.02.2013. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирбек Иманбеков убагында аябай атактуу болду эле кийин чыкпай калдыго эмнегедир. Эмнеси болсо да жакшы ырдайт. Алга МИРБЕК!
SUPER.KG видео
05.02.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жогорку билимдуу экени созунон билинип турат,маанилуу суйлойт экен,бактылуу бол Мирбек.
SUPER.KG видео
11.02.2013. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец,бактылуу бол!
SUPER.KG видео
13.02.2013. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooo menin birin4i suiuum... oooo menin birin4i mahabatymgoo..))
SUPER.KG видео
05.03.2013. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сени ажаан Асыл апчен эле жеп койду, Мирбек. Бар уй-булонду жашыртты, ырдатып акчанды алып, озунду эл алдына алдамчы кылды. Кыскасы таланттуу баланы продюсер деген жаман атка жамынып сени капа кылды.
SUPER.KG видео
03.10.2013. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krasavchik bala, bir nersege kapadai. Konulu kattuu kalgandaigo. Iygilik.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо