Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАНККА АКЧА САЛЫП ПАЙДА ТАБУУГА БОЛОБУ?

№527 7-13-Декабрь, 2012-ж

БАНКТЫК САЛЫМ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Банктык салым (депозит) – кардар тарабынан банкка сакталган акча каражаты.
Банктык салым үчүн банктар акча ээсинен акы сурабайт. Тескерисинче, сактоого калтырылган акчаны банк акчага муктаждарга насыя түрүндө берип пайда табат. Насыядан түшкөн пайданын бир бөлүгүн банк өзүнө алса, бир бөлүгүн акча ээсине төгүп берет.

КАЙСЫ ТҮРҮ ПАЙДАЛУУ?

  • Талап кылганга чейинки банктык салым (довостребование). Канча убакыт сактоо мөөнөтү көрсөтүлбөйт. Тактап айтканда, бул түрдөгү салым менен салынган акчаны толугу менен же жарым-жартылай банктан алууга болот. Бирок мында банк тарабынан сизге эң төмөнкү үстөк пайыз төлөнөт. Ал эми айрым банктар эч кандай үстөк пайыз кошуп бербейт.
  • Мөөнөттүү банктык салым. Салымдын бул түрү банкка акча сактагандар үчүн эң кирешелүү болуп саналат, себеби белгилүү бир мөөнөткө келишим түзүлөт да, кардар банктан мөөнөт бүткөнчө акчаны албайт. Эгер акча керек болуп, кардар келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну кааласа, анда банктын ички мыйзамына ылайык, башта белгиленген пайыздар кардарга төлөнбөйт. Кардардын өзүнүн салган акчасын гана кайтарып берет. Төлөнсө да, белгиленген пайыздык чендин жарымынан аз бөлүгү берилет.
    Мындан сырткары салымдын төмөндөгүдөй түрлөрү да бар:
  • Топтолуучу банктык салым. Мында кардар банктан эсеп ачып, баштапкы салган салымга ай сайын кошумча сумма кошуп турууга мүмкүнчүлүгү бар. Улам жаңы салынган акчанын пайызы да кошо эсептелинет.
  • Топтолуучу-сарптоочу салым. Бул салым акчаны банкка сактап, четинен алып колдонууну каалагандарга ыңгайлуу. Банк тарабынан көрсөтүлгөн минималдык сумманы банкка сактап, анын үстүнө улам акча кошуп турууга болот. Керектүү учурда эсептеги акчаны майдалап четинен алып турууга ылайыкталган. Пайызы аз өлчөмдө төлөнөт.

ЭМНЕГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?
Акчаны сактоодо коопсуз жайлардын бири банк экени талашсыз. Бирок акчаны сактоонун алдында банкты тандоо зарыл. Себеби банк банкрот болуп калып, салым ээлери акчаларын ала албай калган учурлар бар. Аны менен катар акчаны жөн гана сактабастан, кошумча пайда алып келгидей болушу шарт. Андыктан төмөнкүлөргө көңүл буруңуз:

  • Аты таанымал, алдыңкы катардагы, көп жылдан бери иштеген ишенимдүү банк болууга тийиш.
  • Салым боюнча пайыздык ченин караңыз. Бирок алдыңкы катардагы банктардын тизмесине кирбеген, ишенимдүү эмес банктар жогорку пайыздык ченди көрсөтүп элди тартууга аракет кылышат. Андыктан абайлаңыз.
  • Аймактык жайгашкан орду үйүңүзгө жакыныраак болсо жакшы.
  • Кызмат көрсөтүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн жана акыларын тактаңыз. Кээ бир банктар көрсөткөн кызматы үчүн акы алышат.

УЗАК МӨӨНӨТКӨ САЛСАҢЫЗ, ПАЙДА ТАБАСЫЗ
Банкка акча сактаган адамдардын көпчүлүгү андагы пайыздык суммага карап пайда табууга умтулушат. Бул туура кадам. Анткени үйдө акчаны катып жата бергенден көрө банкка салсаңыз, биринчиден, коопсуз, экинчиден, пайда алып келип турат.
Салымдардын ичинен эң кирешелүүсү – мөөнөттүү салым. Ошондой эле салымдар мөөнөтүнө карап 9 айга чейин кыска жана 1 жылдан жогорулар узак мөөнөттүү деп экиге бөлүнөт. Мөөнөт канчалык узак болсо, салымдын үстүнө кошулуучу пайыздык суммасы да жогору болот.

КАЙСЫ ВАЛЮТАДА САЛУУ КЕРЕК?
Салымдын пайдасына карасаңыз, улуттук валютабыз – сом менен салыңыз. Сомго болгон пайыздык чен жогорку өлчөмдө. Ал эми чет элдик валюталарга аз өлчөмдө пайыз төлөнөт.

ПАЙЫЗДАРДЫ КАПИТАЛИЗАЦИЯЛОО
Эгер салымдын пайыздарын ай сайын же квартал сайын алууга муктаждык жок болсо, анда пайыздарды капитализациялоого болот. Бул – салым үчүн сизге төлөнүүчү пайызды салымдын үстүнө кошуп, андан дагы пайда алуу жолу.

КЕЛИШИМ
Келишимге көз жүгүртүп жатканда банктык салымдарды коргоо каралдыбы-жокпу, сөзсүз билиңиз. Эгер мындай сүйлөмдү таба албасаңыз, анда баш тартыңыз. Себеби банк банкрот болуп калса, салымды төлөп берүүдөн качат да, акчаңыз күйүп кетет. Эгер банктык салымдар коргоого алынган болсо, коркуунун кереги жок. Банк банкрот болуп калган учурда Салымдарды коргоо агенттиги ар бир кардардын салымын жана анын пайыздарын төлөп берет. Бирок төлөнүүчү компенсациянын өлчөмү бир кардарга пайызын жана салымдын негизги суммасын кошкондо 100 миң сомдон ашпайт. Андыктан кардардын эсине, бир банкка 100 миң сомго чейинки гана акча салыңыз. Мисалы, 150 миң сомду бир банкка салдыңыз да, бир аз убакыт өткөндө банк банкрот болуп калды дейли. Мында сизге 100 миң сом гана кайтарылып берилет да, 50 миң сомуңуз жана пайыздарыңыз күйүп кетет. Ошон үчүн 75 миңден бөлүп эки банкка салыңыз. Эгер бир банк банкрот болуп калса, андагы 75 миң сомуңузду жана анын пайыздарын толук кайтарып алууга мүмкүн.

БАНКТА САКТАП КАНЧА ПАЙДА ТАБУУГА БОЛОТ?
Банктык салымдын учурда түрүнө жана мөөнөтүнө жараша бир жылдык үстөгү 15 пайызга чейин. Эң пайдалуу деген мөөнөттүү банктык салымды тандап, акчаңызды 2 жылга салсаңыз, жылына үстөк 15 пайыздан эсептелет. Мисалы, 1000 сомду жогорудагы айтылгандай кылып салсаңыз, бул акча эки жылда 300 сом пайда алып келет. Ошондо банктан салымдын сактоо мөөнөтү бүткөндө колуңузга 1300 сом аласыз.

ТАРЫХЫНАН БИР ҮЗҮМ...
Банктык иштерди жүргүзүүнү вавилондуктар жана грециялыктар баштаганы тарых беттеринде айтылат. Анда айтылгандай, соода жүргүзүүчү жайларда акчаны сактап жана аны алмаштыруучу банколор болгон. «Банко» сөзүн итальян тилинен бизче которгондо «стол» дегенди түшүндүрөт. Мына ошол столдо отуруп акча алмаштырып иштегендерди банкерии (bancherii) же азыркы тилде банкир деп аташкан. Банколор акчаны сактоого берген адамдын атынан ар кандай төлөмдөрдү төлөп туруу кызматын көрсөтүшкөн. Бул кызмат көбүнчө соода кылгандар үчүн ыңгайлуу болгон. Себеби ар кайсы шаардын өзүнүн акчасы болгондуктан, соода кылууда акчаны алмаштырууга туура келген. Алар сатып алуучунун эсебиндеги акчадан сатуучуга которуп жазып, башка валютадагы акча болсо, банко өз эсебиндеги акчадан төлөп турган.
Башка шаарларга да акчаларды банкирлердин жардамы менен ташып барышкан. Мындай систем соодагерлер үчүн бир топ жеңил болгондуктан, бул тармак өнүгүүгө бет алган. Акча алмаштырууда көрсөткөн кызматы үчүн акы алып турушкан жана ал пайданы үстөк пайыз менен насыяга берип пайда табуу жолун өздөштүрүшкөн. Андан сырткары ар кандай баалуу буюмдарды, документтерди да сактоого кабыл алып пайда табышкан. Ошондой эле ошол кездерде чиркөөлөр да элдин мүлкүн сактоо, насыя берүү кызматын көрсөткөндүгү белгилүү. Алардын үстөк пайыз алгандыгы же албагандыгы тууралуу маалымат жок.
Байыркы Рим жана Грециянын соода жайларындагы банколор өнүгүп отуруп, банктар түзүлгөн. Алар элдин акчасын сактап, бирок колдонууга мүмкүнчүлүктөрү болгон эмес. Ал эми сактаган каражат үчүн банктар акы алып турушкан. Аны менен жаңы терминдер пайда болуп, элдин банкка сактаган акчасы банктык салым (депозит) деп аталган. Байыркы римдиктердин «depositum»деген сөзүнөн келип чыккан бул термин бизче которгондо «сактоого берилген буюм, аманат» дегенди түшүндүрөт. Ал эми банктар салымды насыяга берип, андан түшкөн пайыздык пайданын жарымын өзүлөрүнө, жарымын салым ээсине берүү системи 1609-жылдарда ишке кирген.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(25)
10.12.2012. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
рахмат жакшы кенеш экен,ушундай пайда келтируучу кенештердида жазсанар элге пайдасы чон болсо керек себеби учурда ботон элде кыйналып акча тапкандар акчасын эмне кыларын билбегендер деле коп болсо керек,акча тапканча эсеп тап дегендей кеп.
10.12.2012. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
casio-ctk, ботон элде кыйналып иштеп тапкан акчаны ботон жерде деле банктар бар кыргызстанга караганда ишеништуу и просенти коп 2жылда 300 сом кошулса ал не деген акча кыргызстанга салгандан коро салбай эле койгон жакшы.Москвада 1жылга салсан ай сайын 1000руб проценти кошулуп турат жакшы эмеспи сомго которсон 1500 сом утасын
10.12.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
melashka, эми сиз капа болбонуз 300сом эле деп..кыргызстан эми онугот ко.. Анан москвада ботон элдин акчасын ала берет бекен.?
10.12.2012. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
melashka, чет жерде деле ушундай да. Бул жерде 1000сомго деп турат го, ошондо 10мин салсан 13мин болот, 100минге 30мин кошуп беришет экен
11.12.2012. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мелашканы жаман коптоп кеттинер го чындыгында кыргызстанда аз экен процент.
10.12.2012. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
melahska 300 сом пайда деп кичине суммадан мисал келтирип атпайбы.Эгер канчалык коп салсан,пайдасы да ошончолук кобуроок болот.
10.12.2012. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мелашка сен кайсы банкты жана тарифти айттасын москвадагы?
10.12.2012. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
банкка сала турган акчам болсо туруно карабай эле салып коймокмун...
11.12.2012. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Банкка акча салып кутомбу 15% деп андан коро ошол акчаны колдонсом жылына 15% эмес 70% чейин которуш мумкун
11.12.2012. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
migrantarga dele bankta ak4a saktasa bolot menin ak4alarym bankta ele turat birok depozit emes ustuno ak4as kowulbait. jon ele iwe4i4tuurook . emi kvartirada kop adam jawaibyz ar kim ar kaldai degendei.emi boton jerde jurgondon kiyin kaalagan maalda ak4a kerek bolup kalywy mumkun owogo. depozit kylsa dele bolot. ar bankta ar kandai paiyzda tolop beret. orto4osu 5-5,5 %. uzak moonotko korson andaan da jogoru bolot
11.12.2012. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Банктын аябай пайдалуу жактары коп. Мисалы "Золотая Корона" деген пласт.карточкада "Универсал" дегени аябай ынгайлуу жана % максимальный. Кыргызстанда туруктуу банктар ОАО "Коммерческий банк КЫРГЫЗСТАН", ОАО "РСК" жана ОАО"Эко-исламик банк" деп ойлойм.
11.12.2012. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен рахмат рск банк ишенимдуу болсо керек деп эсептейм
11.12.2012. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men toka Ekoislamik banktyn kyzmattaryn koldongom
11.12.2012. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен рахмат супер
12.12.2012. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн ишенимдуу банк-РСК Банк,процентная ставкасы да жакшы.
12.12.2012. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дунуйо 1тыйындан курулат!300 сомду аз акча деп айтууга болбойт го дейм
12.12.2012. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандан акча салат элем деп москвага келеби 1000ге 300 жакшы эле го..
12.12.2012. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bosh akchasi barlar uchun da, uydo jon ele saktagicha...
12.12.2012. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул акчаны жакшы иштетсен айына 10% пайда тапса болот.
13.12.2012. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Процентке акча топтогонго мусулмандарга туура келбейткоо деген ойдомун...
13.12.2012. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bankka salgıday akçabız bolso kana
16.12.2012. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хоть алтын банк болсо да пайдасы тийбейт ко..?бекер акча жок эч жерде.акчаны коротпой сактоонун жолу эле.кредиторлор мутитете берет.эл эле кыйналат баягы.мен лично в лицо коро элекмин кредиттен кийин жыргаганын
16.12.2012. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен, чоон рахмат,Куба байке
31.03.2013. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенеш Бергенинер аябай жакшы. Ал эми % боюнча айта кетсек уйдо жон эле катып койгондон коро банкта сактоо выгодный. Мен РСК банкта депозит Алай кард колдоном % ай сайын эсептелет жана каалаган убакта банкоматтан алса болот, бирок мин.20000 калыш керек банктын талабы боюнча аны келишим буткондо алса болот. ал эми сыртта жургондор учун озунчо депозит бар.% жагын карасак кайда барба мамайдын кору т.е. процентти эсептегенди билиш керек. Россия кытай айрымасы почти жок.
03.03.2018. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1. 000. 000сом салып..
Бир айдан сон1. 100. 000 алса да болобу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо