
Өз баласын сүйбөгөн, кам көрбөгөн ургаачыны биз көбүнчө күкүккө теңейбиз. Мунун чындыгы бар. Күкүк жумурткасын чоочун уяга таштап учуп кетет. Күкүктүн балапаны жумурткадан эрте чыгып, жанындагы башка жумурткаларды уядан түртүп чыгара баштайт. Бирок күкүктөн да ашкан таш боор ургаачы макулуктар бар. Аларга адамдар колдонуучу мыйзамдарды колдонсо, дароо энелик укуктан ажырашмак.
- Ургаачы арстан кыздарын эркелетип, жакшылап кам көрөт. А уул балдарына жетишерлик камкордук көрмөк түгүл чоң арстандар аны тытмалап жатышса да, кош көңүл карап тура берет. Анткени ургаачы арстан өз уулун да келечектеги атаандаш жырткыч катары көрөт экен.
- Салмагы 100 килограммга дейре жетчү эби жок панда салмагы 80-140 граммга араң жетчү жаңы туулган баласын басып өлтүрүп коёт. Бул кичинекей панда жылуу жер издеп апасынын алды жагына кирип кеткенинен болот.
- Кумурскалардын адетомирма деген түрүндө толук эмес каннибализм өкүм сүрөт. Ургаачы кумурска личинка таштагандан кийин кайра эле ал личинканын бир жерин тешип, көп убакытка чейин суюктукту соруп жүрө берет. Өлбөй калган личинка андан ары эптеп күнүн көрүп кетет.
- Африкалык кара бүркүттүн ургаачысы көбүнчө 2 жумуртка тууйт. Бирок жумуртканы жарып чыккан балапандар өз ара каршылашып, тирүү калуу үчүн күрөш жүргүзүшөт. Энеси болсо аларды жөн гана карап турат да, аман калганын багууга өтөт.
- Галапагос аралын байырлоочу тирүү туучу акулалар балдары жарыкка келери менен тайыз сууга түртүп салууга аракет кылышат. Болбосо акулалар, анын ичинде ургаачылары терең сууда жолунан жолуккандарды өз баласы экенине карабай жеп кете берет. Тайыз суудан терең сууга кетип калган кичинекей акулалар ошентип өз апаларына жем болуп калышат.
- Кара аюу эгер бир гана мамалак тууп калса, анда аны тагдырдын ара жолуна таштап, карабай коёт. Эне аюу жарыкка 2-3 болуп келген балдарына гана толук кандуу эне болуп берет.
- «Дарвиндин бакалары» аталган бакалардын ургаачылары икра таштаган соң «эми буларга сен камкордук көр» деп эркектерине таштап кете беришет.
- Таранчылардын ургаачыларынын өзүнчө кызыктай мыйзамы бар. Алар эркегинин башка ургаачы таранчылардан жарыкка келген балапандарын өлтүрүүгө болгон күчтөрүн жумшайт. Бул «башкалардан тапкан балдарына эмес, экөөбүздүн балапандарга гана кам көрсүн» деген далалаты.
- Ичке денелүү маймыл – лангурлар 25-30дан болуп топ түзүп жашашат. Топко жаңы лидер келгенде ал топтогу башка эркектерди кубалап, кичинекей балдарын кошо өлтүрүп салат. Бул «өзүмдө гана тукум калышы керек» дегени. Жаңы туулган баласын бага албаган жаш, тажрыйбасыз ургаачылардын балдарын башка лангурлар уурдап кетип, багып алууга аракет кылышат. Мындан сырткары лангур ургаачыларынын ичинде мажүрөө баласын өзү өлтүрүп салгандар да чыгат.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
ээ