«Жылдын супер ТВ персонасы» наамынын ээси Эрмек Нурбаев:«АТЫБЫЗ КВНдин ТАРЫХЫНДА КАЛДЫ»

№528 14-Декабрь-20-Декабрь, 2012-ж

«Тамашоу»долбоорунун түптөлүшүнө 5 жыл болгонуна карабай эми гана көп ийгиликтерди багынтууга жетишти. Эне тилди өнүктүрүү максатында ачылган бул долбоор улам тамыр жайып, учурда 150 команда чогулган. Анан да бир гана Кыргызстанда эмес, Алматыда 4 жолу чемпион аталып, жакында эле Астанада өткөн Эл аралык КВН союзунун Орто Азия Лигасында да чемпион болушту.

– Эрмек, жеңишиңер кут болсун! Сен үчүн бул жыл майлуу-сүттүү болду окшойт?
– Рахмат, айтканыңыз чын. Жыл аягында минтип сиздердин гезиттин тандоосу боюнча «Жылдын супер ТВ персонасы»наамына ээ болдум. Андан тышкары «Тамашоу»курама командасы Астанада өткөн Эл аралык КВН союзунун Орто Азия Лигасында чемпиондукту утуп келди. Кудай буюрса, дагы да багындырчу жеңиштер алдыда деп ойлойм.

– «Тамашоу»Астананы багындыргандагы кубанычың менен бөлүшө кетпейсиңби?
– Жакшы болот. Быйыл Астанада Эл аралык КВН союзунун Орто Азия Лигасынын биринчи сезонунун ачылышы болду. Орусия, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстан, Армения, Казакстан өлкөлөрүнөн 14 команда катышып, жыл ичинде 5 оюн өттү. Жыйынтыгында «Тамашоу»курама командасы алдыга озуп, чемпион аталдык.

– Бир канча өнүккөн мамлекеттер арасында чемпион болуш кыйынга тургандыр...
– Оюнга расмий түрдө чакыруу алганда эле балдар менен жеңишибиз керек деген максат койдук. Финалга чыгып, чемпиондукка бир кадам калганда да балдарга "эстеп көрсөңөр, буга чейинки 4 оюнда тең биринчиликти алганбыз. Мында да биз жеңишибиз керек!" дедим. Айткандай эле эмгегибиз текке кетпей, кубокту илип кеттик. Триумфатор болгонубузга аябай кубандык, анткени алгачкы расмий сезонунда чемпион катары тарыхта атыбыз калып отурат. Астанага барып ойногонубуз да туура болуптур. Анткени ал жакта алпаруучулук кылган Александр Масляковдун кичүүсү менен КВНдин редактору Михаил Гуликов биздин оюндарды көрүп, расмий түрдө Сочиге чакырышты.

– Сочиге барып ойноп келүүгө да көп каражат керек го.
– Буюрса, Сочиге барганга көп каражат талап кылынат, бирок ал жакта 800гө жакын команданын арасында Эл аралык КВН союзунун Орто Азия Лигасынын чемпиону катары чыгыш да биз үчүн чоң упай болуп берет. Кыргызстандын атынан чыгып жаткандан кийин элибизге да чоң сыймык болушу керек. Эми КМШ өлкөлөрүндө өтчү оюндарга катышып турсак деп жатабыз. Сочиге 14-январда жол тартабыз.

– Эл аралык КВН оюндарына катышып жүрүп, «Тамашоуго»көңүл бөлүнбөй калып жаткан жокпу?
– Жок, андай эмес. «Тамашоу»– биздин пайдубалыбыз. Бул жактан көрсөткөн тамашалар бизге сыртка чыкканда архив болуп берет. Оюн алдында редактордон өтүп жатканда "бул жарабайт" деп айрымдарын кесип салса, кийинки күнү кайра 30 тамаша менен барабыз. Ал да таң калат, "мынча көп тамашаны кайдан табасыңар?" деп. Бир ирет КВНден кийин алар менен жабык кечеде отуруп калып, "Тамашоу" жөнүндө айтып, "150 команда бар" десек таң калышты. Жадакалса Казакстанда андай көп команда жок экен. Андыктан биринчи орунда өзүбүздүн «Тамашоубуз», кыргыз тилин өнүктүрүү турат. Андан кийин гана чет жакта ийгиликтерге умтулабыз.

– Астанадагылар кандай тосуп алышты?
– Биринчи барганда "Тамашоу" деген эмне? Кийимдери кантет?" дей беришчү. Улам жакшы оюн көрсөтүп, атыбыз чыгып, ал жакта да таанылып калдык. Көрүүчү болуп отуруп, жанымдагылар эле "көк кийинген жигиттер – "зверь" деп бизди айтып жатышканын көрүп сүйүндүм. Орусу, казагы болобу, бизди кызуу кол чаап тосуп алып жатышты.

– Казакстандан кыргыздар жеңсе, демек, колу ийрисине тартуу деген болбоптур да...
– Финал биз үчүн өтө коркунучтуу болуп, Армения биз менен тең тайлашып келаткан. Эгер видеодон карап көрсөңөр, чынында, биз жакшыраак оюн көрсөттүк. Финалдык оюнда гана "бир аз тартып жатышабы?" деген ой кетти. А бирок биздин динамика, бий, анан да биатлон сынагынан залды жарып, Армениядан 0,2 упай ашып, утуп кеттик. Эми жакында биз аттанып жаткан Сочидеги оюнда ар бир командага 4 мүнөт гана убакыт берилет экен. Ошол кыска убакытта 800 команданын ичинен өзгөчөлөнүп, өзүбүздү көрсөтүп алсак, сонун жеңиш болмок.

Бизди колдойбуз деген патриот ага-эжелер болсо,0705 09-10-00 номерине чалып,биз менен байланышсын.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Эрмек Нурбаев: "Биринчи жолу чыкканыбызда "что за рубашки" деп шылдыңдашкан"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(35)
SUPER.KG видео
15.12.2012. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодцы дагы да чон чон ийгиликтерге жетебергиле
SUPER.KG видео
15.12.2012. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Algaa Tamashoo
SUPER.KG видео
15.12.2012. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызымдын жигиттери!!! деген ушул Тамашоунун балдары да. Кыргызды дуйно жузуно жакшы жагынан таантып келе жатышат. Кыргыздын чыныгы мекенчил жигиттери! Булар патриоттуулугун соз менен эле эмес, иш менен далилдеп келишуудо. Албан ийгиликтерди каалайм!
SUPER.KG видео
15.12.2012. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
super info тамашоунун астанада тартылган тасма болсо жуктоп койгулачыы эгер болсо
SUPER.KG видео
15.12.2012. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alga Tamashow!!!
SUPER.KG видео
15.12.2012. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип жардам корсото алабыз байланышсак болобу Эрмек байке
SUPER.KG видео
16.12.2012. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ermek baike azamatsiz!!! uvajayu...sizdei patriot adamdar KGde koburok bolso,bat ele onugobuz.
SUPER.KG видео
16.12.2012. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
удачи
SUPER.KG видео
16.12.2012. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол тамашалар жокбу астанадагы
SUPER.KG видео
16.12.2012. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamaatsyz!!!
SUPER.KG видео
17.12.2012. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tahmin,
Сизге эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
17.12.2012. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женишинер менен куттуктайм! Мындан кийинки оюндарга ийгилик каалайм!
17.12.2012. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИЙГИЛИК...
17.12.2012. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматтар накта кыргыздын патриоттору!ийгилик,ден соолук каалайм бар болгула!
17.12.2012. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урааа азаматсынар ийгилик силерге ар дайым бар болгула!кулку м. омурго омур кошосунар
17.12.2012. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гордимся вами! молодцы!
17.12.2012. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар. кыргыздын туусун которгуло.
17.12.2012. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде, ар дайым эл ичинде аман болуп, элдин суймончулугуно ээ болуп журо бергиле. Аябай кубандым чын журоктон чыгармачылыгынарга ийгилик
17.12.2012. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamattar...kuttuktaym
19.12.2012. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!!!
19.12.2012. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактардын АСТАНА КZти москвадан барып 1чиликти алса эле ичим куйо берчи эле. Биздин кыргыздар качан барып катышаар экен дечу элем??!!! Мына эми минтип биздикилерге да бир ийгилик жылмайды окшойт. Азаматсынар Эрмек ийгилик! Сочиге аманэсен барып женишинерге дагы бир жениш кошулсун! Мен сыймыктанам силер мн!!!
19.12.2012. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!!! Баарыбыз тен кыргызча жазганбыз го азаматсынар деп. Бул да жылыш. Колдон келишинче колдойбуз, аракет кылабыз
19.12.2012. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы дэмоорчу (спонсор) табуунарга тилектешмин.
20.12.2012. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар кыргыз эли силер менен сыймыктанат
20.12.2012. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар! силердин ийгилигиңерден баарыбыз сүйүнөбүз. жакшы жетишкендиктер болуптур.
21.12.2012. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TamaSHow-Forever!!!
21.12.2012. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
женишиниздер менен куттуктайм мындан ары игилик
21.12.2012. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматтар!!!
SUPER.KG видео
25.12.2012. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар! Эрмек байкенин иии!аааа!оооо!дааа дегени жакты,кулкулууууу экен! +10
SUPER.KG видео
13.03.2013. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тамашоуну обожаю Эрмек байке вообще супер! ийгилик!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо