ЫСЫК-КӨЛДӨН ЧЫККАН ШАХМАТЧЫ КЫЗ ИНДИЯДА

№528 14-Декабрь-20-Декабрь, 2012-ж

Кыргызстанда шахмат оюну өнүгүү жолунда. Түп районундагы Санташ айылынын тургуну, 13 жаштагы мектеп окуучусу Акылай Сыдыкова Бишкекте өткөн шахмат боюнча Азия чемпиондугунун тандоо турнирине катышкан. Ал жактан чемпиондук наамга ээ болуп, Кыргызстандын курама командасына кошулду. Санташ айылына барсак, Акылай Индиянын Нью-Дели шаарында окуучулар арасында шахмат боюнча өтүүчү Азия чемпиондугуна катышуу үчүн жөнөп кеткен экен. Атасы, машыктыруучусу Рысбек Сыдыков менен жолугуп, маек курдук.

– Рысбек мырза, Акылайдын машыктыруучусу да сиз экенсиз...
– Ооба, мен шахмат боюнча 20 жылдан ашуун убакыттан бери машыктыруучу болуп иштейм. Биз жашаган Санташ айылында облустук спорт мектебинин филиалы бар. Башка айыл жергесинде мындай шарт жок, окуучу балдар сабак бүткөн соң оюнга шашат. Бизде болсо сабактан тышкары спорттун ар кыл түрлөрү менен машыгып келишет. Спорт мектепте 12 окуучунун шахматка болгон кызыгуусу күч. Алардын бири – менин кызым Акылай.

– Балдарыңызга кичине кезинен эле шахмат үйрөтө баштадыңыз беле?
– Шахмат ойноо бардык адамдардын колунан эле келе бербейт. Бул акылдын таймашы. Шахмат адамды акылдуулукка гана үйрөтпөстөн, сабырдуулук, ар бир кадамын ойлонуп туруп иш кылууга жөндөмдүү кылат. Тарбия берүүдө да ролу чоң. Бардык жаштар шахмат оюнун өздөштүрсө дээр элем. Акылай шахмат оюнуна кичине кезинен бери эле кызыккандыгын байкачумун, ошентсе да бир күнү өзү үйрөнөр деп жүргөм. Эки жылдан бери чын ыкласы менен шахмат ойной баштады. Машыктыруучулар болгон жардамыбызды ар бир окуучуга көрсөтүп келебиз. Эмгегибиздин акыбети кайтып, окуучулар мелдештерден байге алууга жетишип жатышат. Бул биз үчүн чоң сыймык.

– Алыс барбай, быйылкы жылдын жыйынтыгы катары алсак, канча жеңиштин ээси болдуңуздар?
– Быйыл биздин мектепте окуган окуучулардын арасынан республикалык турнирге тандалышкан. Акылай шахмат боюнча чемпион болду, үч окуучу 3-орунду, бирөө 2-орунду багындырып келишти. Андан тышкары дагы көптөгөн эл аралык мелдештерге катышышты. Буюрса, эми Индияда өтүүчү Азия чемпиондугун утуп келсе деп турабыз.

– Мелдешке кыскача токтоло кетсеңиз, Кыргызстандан канча спортчу таймашат?
– Кыргызстандын курама командасынан 12 окуучу шахмат боюнча күч сынашышат. Алардын алтоосу кыз, алтоо эркек балдар. Акылай 15 жашка чейинки кыздар менен мелдешет. Команданын көпчүлүгү Бишкек шаарынын спортчулары, ал эми Ысык-Көлдөн жалгыз гана Акылай катышууга жолдомо алды. Ар бир катышуучу «взнос» түрүндө 75 доллардан чогулттук. Кыргыз шахмат федерациясында, Дене тарбия жана спорт агенттигинде акча каражаты болбогондуктан, жол кире жана трансфердик чыгымдарга КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондук акимчилик тарабынан акчалай колдоо көрсөтүлдү.
Өзүм спорт жаатында жүргөндүктөн санаам тынч, команда менен бир машыктыруучу бирге барат. Жолдомо алгандан баштап колдон келишинче даярдык көрдүк. Калганы Кудайдын буйругу менен. Негизи, чет мамлекеттерге салыштырмалуу биздин көрсөткүч ылдыйраак экендиги талашсыз. Ошентсе да үмүт кылып, жок дегенде алдыңкы бештикке илинсе деген тилекте күтүп жатабыз.

– Тилегиңер ишке ашып, Акылай жеңиш менен кайтсын.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
24.12.2012. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо Рыспек агай ишинизге ийгилик!!! ак жол жана ийгилик мн кайтсын!!! жакшы ойноп биринчиге жетишпесе да башкы оорундарды багындырып келсин!!!
24.12.2012. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ох шахмат ойногондуу сагындым!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо