№528 14-Декабрь-20-Декабрь, 2012-ж
Баткендеги аймактык кеңсебизге баш баккан Жанара аттуу кыз: «Супер-Инфо» гезитин көп окуйм. Мага айрыкча таасир калтырганы – турмуштук окуялар камтылган макалалар. Мен дагы өз башымдан өткөн окуяны айткым келди. Эгер туура көрсөңүздөр, гезит бетине жарыялап койсоңуздар»,- деп кайрылды. Анда кепти Жанара өзү баштасын.
– Үй-бүлөдө эки агам, апам болуп жашайбыз. Биздин балалык күндөрүбүз апамды ээрчип ар кайсы батирде жашоо менен өттү. Апам кабагым-кашым дебей, өзү жебесе да бизге жедирип, өзү кийбесе да бизди кийиндирип, аталуудан артык бакты. Эл катарынан калтырбай, тапканын оозубузга кармап чоңойтту. Мен 3 жашымда апам менен атам ажырашып кетишкен экен. Атам жөнүндө сурасак, апам "чоңойгондо таап аласыңар. Ал жөнүндө менден сурабагыла. Ал да турмуш жолунан адашкан, өз бактысын учурган бир байкуш да" деп коёр эле.
Биздин үйдө сүрөтү да калбаган экен, атамды элестете алчу эмесмин. Кээде классташ кыздарымдын аталарын көрүп, атамды кыялданар элем. Агаларымдан атам тууралуу анда-санда сурап, алардан да оңдуу жооп алчу эмесмин. Атасыз күндөр өтүп, жашым 16га толгондо атам менен жолугуштум. Кантип дебейсизби? Атамдын жакын туугандары той кылып, апам мени эки агам менен жөнөткөн. Мен ошондо тойго эмес, атамды бир көргөнгө зар болуп, дегдеп бардым. Чоң атам баш болуп, бизди көз жаш аралаш чоң кубаныч менен тосуп алышты. Ал турсун "апаңарды да ала келсеңер болмок" деп кайра-кайра сурап да калышты. Ошондо кулагыма эч нерсе кирбей, көпчүлүктүн арасынан атамды издеп жаттым.
Бир мезгилде "келатат, келатат" деп калышты. "Азыр эле атамды көрсөм, чуркап барып мойнуна асылам" деген оюмдун заматта быт-чыты чыкты. Алдымдан тамтаңдай басып, кир көйнөгүнүн жакасы жагжайган, аракка ууланган адамды көрдүм. Жок, бул менин кыялымдагы атама таптакыр окшош эмес болчу. Көңүлүм айный түштү. Бирок, аттиң, ал менин атам экен…
Тиктеп туруп артка качкым келди. Тойго да карабай үйгө баса бердим. Келе жатып ал адамды ичимден актагым да келди. Балким, күйүттөндүр дедим. Апамдан ошондон кийин эч нерсе сурай албадым. Атамды көрсөм деп бекер дегдегем экем. Азыр 20 жаштамын, турмушка чыгып, аркы-беркини түшүнүп калгандай деле болдум. Бирок дагы деле атамды кечире албай келем.
Жанара
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |