№528 14-Декабрь-20-Декабрь, 2012-ж

Жакында Нарындан чыккан Канат Келдибеков аттуу балбан жеңишке жетишти. Алгач Нарын облусунун Кочкор районунда Евразия чемпиондугуна тандоо туру өткөрүлгөн. Эрежесиз эр уруш боюнча катышкан Канат Келдибеков 1-орунду ээлеп, Евразияга жолдомо алган. 29-30-ноябрда өткөн профессионалдар арасындагы Евразия чемпиондугуна Кыргызстандан Канат 60 килограммдык салмакта чыгып, 1-орунду камсыз кылып, кубокту жеңип, 300 долларлык сертификат алды. Жеңишке жетишкен балбаныбыз Астанадан 2-декабрь күнү кайтып келди. Келгендин эртеси эле Бишкектеги эл аралык профессионалдар арасындагы мелдеште таймашып, бул мелдеште да 1-орунду камсыз кылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |