Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АВТОКЫРСЫККА КҮНӨӨЛӨНГӨН ДЕПУТАТТЫН ЖАРДАМЧЫСЫ 2 АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ

№528 14-Декабрь-20-Декабрь, 2012-ж

8-декабрда Бишкектин Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде 5 автоунаа кагышып, оор кырсык болуп, анда 3 адам каза тапты. Бул окуяга башкы күнөөкөр катары ЖКнын депутаты Жыргалбек Саматовдун жардамчысы Таалайбек Жакыпов айыпталып, 10-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Соттук-медициналык экспертиза ал учурда Жакыповдун кызуу абалда экенин аныктады. Жакыповдун жактоочусу Акын Авазбеков «спирт ичимдигин эмес, бозо ичкен» деп чыкты. «Ал жол эрежесин бузбаган жана жогорку ылдамдыкта бара жаткан эмес» деди. Тергөөдө ал айдап бараткан Тойота Ленд-Крузер унаасына Мамлекеттик салык кызматына тиешелүү жасалма номер тагып алгандыгы да белгилүү болду.
Бул окуядан кийин депутат Төрөбай Зулпукаров «Кыргызстанда жолдо жүрүү эрежесин бузган айдоочуларга жазаны күчөтүү керек» деген сунуш айтып чыкты. «Азыр айдоочулар мас абалында рулга отуруудан коркушпайт. Адам өлүмүнө алып келген кырсыкка күнөөлүү айдоочуну 10-15 жылга эркинен ажыратууну сунуштайм. Учурда бул көрсөткүч 7-10 жыл деп көрсөтүлгөн. Айып пулду да 15тен 90 эсептик көрсөткүчкө чейин (9 миң сом) жогорулатуу зарыл»,- деди эл өкүлү. Белгилей кетчү сөз, кырсык болгон жердеги мекемелердеги камераларга түшүп калган видеодо депутаттын жардамчысы унааны өтө жогорку ылдамдыкта айдап баратып кырсыкка учураганы тартылып калган.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
17.12.2012. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман окуя болуптур... Каза болгондордун арасында Улукту таанычумун,абдан жоош,кулуп жургон жигит болчу. Куноолуу тийешулуу жазасын алар,депутаттын жардамчысы болсо да.
17.12.2012. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 ай коп эмеспи 3 киши каза болсо.
17.12.2012. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anday otmazkanar ne kanaet uluu urmattuu advokat
17.12.2012. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 ай 3 кишинин омуру учунбу??акча чечкен го
18.12.2012. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20жылга кесиш керек депутаты кошуп жазага тартыш к-к бирок коросунор эл журт 2 ай емес еки жума олтурбайт акча чечет.так что жабыркагандарга айтат елем убара болбой коп коп акча требовать еткиле деп андан башка тольк жок каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болсун.жакындарына терен конул айтам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо