«РЭПЕР БОЛГОНУМА ДЕЦЛ СЕБЕПКЕР»

№528 14-Декабрь-20-Декабрь, 2012-ж

Балалык кез эң таза, эң баёо учур. Ар бир адам өз жашоосунда дал ушул сыйкырдуу көз ирмемди артта калтырат эмеспи. Көз ирмем эмей эмне? Кечээ эле оюнчук машина көтөргөн наристе бүгүн рэпер жигит. Добр балалыктын ошол баёо күндөрүнөн эскермекчи.

«ПРОФЕССОР БОЛБОЙ, РЭПЕР БОЛДУМ»
– Менин өз атым Адилет болгондуктан, Адик дешчү. Бала чагым азыркы эле жашап жаткан үйүбүздө өткөн. Башкача айтканда, Бишкек шаарына чектеш Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында. Апам «сен кичинеңде София Ротарунун «Луна» деген ырын укканда эле уктап калчусуң» деп айтып калат. Анан да апам мени негедир «чоңойгондо профессор болот» деп тилей берчү экен. «Балам профессор болбой эле, рэпер болуп чыга келди» деп күлүп калат азыр.
Ал эми атам менден каратист чыгат деп үмүттөнчү. Үйгө достору келип калганда «кана, көрсөтүп койчу» деп мактана берер эле. А мен Жеки Чан менен Брюс Линин кинолорун жакшы көргөндүктөн, бир-эки трюк үйрөнүп алгам. Сальто секирип, айланып тээп дегендей. Аяш аталарым мени көрүп кол чаап коштоп калышчу.

«КАРЫНДАШЫМДЫН КУУРЧАГЫНАН КОРКЧУМУН»
– Эң сүйүктүү оюнчугум үч дөңгөлөктүү шайтан араба болчу. Анан да рулу, педалдары бар оюнчук машинамды жакшы көрчүмүн. Бирок шайтан арабамды эч нерсеге теңебейм. Туулган күнүмдө атам «Авто-Мото-Вело» деген чоң дүкөнгө алып барып, ошону сатып берген. Эми ошол кездеги сүйүнгөнүмдү сураба... Көпкө чейин ошону тээп жүрдүм. Сындырган да жокмун. Кийин эки дөңгөлөктүүсүн тепким келип, Урал үлгүсүндөгү шайтан арабалуу болгом. Бирок башында анын педалдарына бутум жетпей кыйналдым. Ошого да карабастан, капталынан бутту салып тепкенди үйрөнүп алгам.
Негизи, илкерки оюнчуктардын жаны бек болгон экен. Айрымдары менен бөбөктөрүм да ойноп калышты. Эсимде, карындашымдын бою мени менен тең куурчагы бар болчу. Аты Маша беле же Дашабы, иши кылып орусча атап койгонбуз. Көздөрү көпкөк, чачтары сары болгон үчүн ошентип койсок керек. Аны шкафка салып койчубуз. Чынын айтсам, мен андан коркчумун.

«НАН САТАМ ДЕП АЛДАНЫП КАЛГАМ»
– Чоңоюп, ата-энеге жардам бериш керек экенин түшүндүм. Апам менен нан сатыша баштадым. Бир жолу апам үйгө кетиш керек болуп, мага «бирөө келсе, 3 сом деп сата бер» деди. Ал кетери менен бир байке келип эки нан алды. «Канча сом?» дегенде «3 сом» дедим. Ал мага айткан акчамды карматып кетип калды. Апама жетине албай сүйүнчүлөп жүрөм, «эки нан саттым, мына 3 сом» деп. Көрсө, бир нан 3 сом экен, мен экөөнү 3 сомго берип, алданып калган экенмин да. Кийинчерээк атам менен апам «Дордойдо» соода кыла башташты. Аларга термоско чай куюп жеткирүү милдетиме айланды.
Балалыгымды Мирбек аттуу классташым, досум менен бирге өткөрдүм. Мика экөөбүз «Покемондор» мультфильмин кууп көрчүбүз. 3-сабак башталган маалда биздин мультфильмибиз да башталат. Мугалимден бир шылтоону айтып суранып кетмей...
Экөөбүз гана билген тамгаларды ойлоп таап алганбыз. Доскага чыкканда ал тамгалар менен башкаларды сөгүп же күлкүлүү сөздөрдү жазып, күлө берчүбүз. Мирбек бир күнү «Децлдин кассетасын алып келдим. Жүрү, угабыз» деп калды. Ошондо алгач ирет рэп тууралуу түшүнүк пайда болгон менде. Кассетадан Децлдин сөздөрүн кесип салып, минусовка жасап алчумун. Кайра өзүмдүн сөздөрүмдү ага жаздырып, ыр чыгарчу элем. Ошентип отуруп эле музыка чөйрөсүнө кызыгуум артып кетти. Эгер азыр мага «балалыгыңа кайтып барсаң, эмнени өзгөртөт элең?» деген суроо берилсе, «эч нерсени» демекмин. Балалык деген балалык. Ал адам үчүн баалуу.

Салтанат Мукасова
star@super.kg


Добр: "Рэпер болгонума Децл себепкер"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(15)
SUPER.KG видео
15.12.2012. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Dobr saga 5 talantyn bar biz seni jakwy korobuz jana 4ygyrma4ylygynndy
SUPER.KG видео
16.12.2012. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
"Д" деген чынчырчасын чыгарып алганго мактанып!
SUPER.KG видео
16.12.2012. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
prichem tut maktanyp, obkurilsia? kolungardan kelse adamdyn duhun kotorup poderjka kylsangar! Dobrdyn chynynda talanty bar Kyrgyzdardyn ozgocho yrchysy
SUPER.KG видео
17.12.2012. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Добр, алга! Азамат оркунун оссун!
17.12.2012. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик сага кыргыздын децл лы
SUPER.KG видео
17.12.2012. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсын....
SUPER.KG видео
18.12.2012. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azamat. Maga Kyrgyz Kyrgyz degen yry olo jagat. degele baardik yrlari ayabai ozgocho. Alga
SUPER.KG видео
18.12.2012. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tim ele soonun bolgon eken bala chaginda, suilogonu da oryndyy
SUPER.KG видео
18.12.2012. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
en jakwi reper
21.12.2012. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилет сенден көптөгөн чоң ийгиликтерди күтөбүз жана мыкты чыгармаларды күтөбүз! нукура кыргыз бала добр деп атап келесиң, өзүң нукура болсоң нукура эмес "добр" деген атты кандай колдонуп жаттың экен эч түшүнбөйүм.
Тата байке экөөңөр жакшы эле мекенчил, кыргызчыл чыгармаларды жаратып келесиңер, бирок Казакстандын ырчысы Ерболат Кудайбергенов
21.12.2012. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ерболат Кудайбергеновдун "мен казакмын" деген ыры клиби өтө мыкты жаралган эле, силерден да ошол деңгеелде чыгарма күтөөр элек.
21.12.2012. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан дагы Добр "Алга кыргыз" деген ырындагы "мен миң өлүп, миң тирилген мен ушундай калыкмын" деген саптары менен Казакстандын ырчысы Ерболат Кудайбергеновдун "мен казакмын" деген ырындагы "мен казакмын миң өлүп, миң тирилген" деген саптары окшоп калган. жакында эле жарык көргөн Омардын "Кыргызстаным" деген ыры, клиби да жүрөктү туйлаткыдай жаралды, дегеле кайсыл ырчы болсо да Кыргыздын кандай гана баатыр, кеменгер бай
21.12.2012. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тата байке экөөңөр жакшы эле мекенчил, кыргызчыл чыгармаларды жаратып келесиңер, бирок Казакстандын ырчысы Ерболат Кудайбергеновдун "мен казакмын" деген ыры да клиби да өтө күчтүү жаралган эле, силер да ошол деңгеелден ашыраа кыргыз элин жогору бийиктиктерден тааныткан чыгарма жаратсаңар экен.
27.12.2012. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий, сонун сурот экен го... Добр, азаматсын! Ийгилик каалайм сага! Балалык кез кандай керемет... Мен да "Пакемоны" деген мультикти корчумун. )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо