Айчүрөк Иманалиева:«СУПЕР КОНЦЕРТТИН БОЛБОЙ КАЛЫШЫ МҮМКҮН ЭМЕС ЭЛЕ, АНТКЕНИ КУДАЙ БАР»

№528 14-Декабрь-20-Декабрь, 2012-ж

20-30 жылдан бери кыргыз эстрадасынын жарык жылдызы болуп, эл алдында сый-урматын, популярдуулугун жоготпой келаткан ырчыларыбыз саналуу гана. Алардын бири кыргыз эстрадасынын примадоннасы аталган Айчүрөк Иманалиева быйыл «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «Заманыбыздын супер ырчысы» деп табылды.

– Саламатсызбы, Айчүрөк эже? «Заманыбыздын супер ырчысы» сыйлыгыңыз кут болсун.
– Рахмат. Эч кимге айткан да, эч кимден суранган да эмесмин. Бирок быйыл мен деле катуу иштедим, кайсы бир жерден менин эмгегим бааланар бекен деп ойлоп койгон элем. Бул жылдын ичинде «Улуттун сыймыгы» деген аталышта теледолбоор алып чыктым, ырларды жаздырдым, 6 клип тарттым дегендей. Буга эл күбө, сахналаш кесиптештерим күбө. Күтпөгөн жерден минтип эмгегимди баалап сыйлык тапшырган «Супер-Инфо» гезитинин жалпы жамаатына терең ыраазычылыгымды билдирем. Чындыгында, концерт жүрүп жаткан маалда дагы атайын сыйлык камдалганын билген жокмун. Конверт ачылып, менин ысымым аталып жатса деле эки жагымды карап түшүнбөй тура бериптирмин. Абдан кубанычтамын, бул статуэтка менин үйүмдүн куттуу төрүнөн орун алат.

– «Супер-Инфо» гезити шоу-бизнес жана маданият чөйрөсүндө жыл ичинде алгылыктуу эмгек кылган инсандарыбыздын мыктыларын тандаган супер концертте калыстар тобунун төрайымы болдуңуз. Концертке сиздин бааңыз...
– Алгач калыстар тобуна төрайым болууну сунуштап чакырганыңарда эле кубануу менен макулдугумду бергем. Супер концертке келип убактымды коротконума, калыстык кылып кызмат кылганыма кымындай да өкүнгөн жокмун. Концерт абдан сонун болду. Гезиттин жамаатына ушунчалык ыраазы болдум. Ар бир нерсе кылдаттык менен пландалып жасалган. Сахнанын жасалгаланышынан тартып акустикасына чейин жогорку баа бердим. Менин сахнада жүргөнүмө 30 жылга чукулдап калды, мындай жогорку деңгээлдеги концерттер, чындыгында, аз болот. Бул концерттен бир гана ырахат алдым.

– Рахмат. Ушул концертибизге бир күн калганда концертти болтурбай коюуга аракет кылгандар көп эле болду. Ал тургай ырчылардын ар бирине бир нече ирет телефон чалып, «концертке барба» деп талап койгондор чыгыптыр. Анан да Коомдук канал «концертке ырчылар барышпайт» деп коомчулукка жар салды. Сиздин көз карашыңыз...
– Мындай ишке КТРКнын жетекчилигинин тиешеси жок болсо керек деп ойлойм. Бул анда иштеген кээ бир кызматкерлердин эле иши. Силердин концерт боюнча чоң команда иштеди, татынакай алпаруучулар, татынакай сахна, эң сонун ырчылар. Бул бийик деңгээлдеги концерттин болбой калышы мүмкүн эмес болчу. Анткени Кудай бар. Кудай алдында ак болсоң, андай тоскоолдуктарга карабастан ишиң алдыга жүрө берет. Концерттин жакшы өтөрүнө 100 пайыз ишенгем. Ошондуктан «Супердин» концертине барбай эле кой» дешип мага да чалгандарына карабастан, ишенимдүү бардым. Сахнада 30 жылга чукул бекер жүргөн жокмун да. Өзүмдүн позициям бар, өзүмдүн оюм, пикирим бар. Анан да концертке барбай коюуга негиздүү себеп деле көрө алган жокмун. Жашоодо ар кандай нерселер болот экен, кээ бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн мен элге жакшы маанай тартуулап, жаш ырчыларды колдоп жаткан чоң гезитти сатып коё алган жокмун. Мындайда адилеттүүлүк кылышым керек эле, адилеттүүлүк эле кылдым деп ойлойм. Анткени менин улуу муун катары өзүмдүн үнүм бар. Эгер улуу муун жакшыны жакшы, жаманды жаман деп көрө албаса, анда бул биздин трагедиябыз.

– Кепти сахнанын оош-кыйыш жактары туурасында уласак...
– Сахнада, шоу-бизнесте оң-терс көрүнүштөр болуп келген, болуп жатат, боло да берет деп ойлойм. Бул нерсе таланттуу адамды жыгып түшө албайт, тескерисинче, чыйралтып, андан ары да эмгектенүүгө үгүттөйт. Ал эми таланты жокторду убакыт таразалайт.

– Ырчылыкка жаңыдан кадам таштаган күнүңүздү эскере кетсеңиз...
– Композитор Марат Акматов менен Акимжан Жээнбаев деген агайлар Таласка, биздин айылга барып калышты. Атам ал кишилерди кой союп коноктоду. Ошондо мени ырдатып көрүп, жактырып кетишкен. Кийинки жылы Акимжан Жээнбаев менен Марат Акматов барышып, мени алып келишип, Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайга тапшыртышкан. Ата-энем мени опера ырчысы болсо дешчү, а мен эстрадага азгырылып кеткем.

– 30 жылга чукул сахнада жүрүп, төбөңүз көккө жете сүйүнгөн күнүңүз, тескерисинче, маанайыңыз чөгүп кайгырган күнүңүз болду да. Дегеле сахнадан эмне таап, эмне жоготтуңуз?
– 1996-жылы Америкага бүткүл дүйнөлүк «Чоң алма» деп аталган сынакка өткөнүмө ушунчалык чеги жок кубанган элем. Кийинки жолу «Славян базарына» барганыма кубандым. Анда катуу ооруп, дене табым 40 градуска көтөрүлүп турса да ырдагам. Ырдабай келсем эл-журтка сөз болом деп чыдап жүрө бергем. Келип, аэропортко конгондон кийин 3 саат өтпөй операция столуна жатууга аргасыз болгом. Врачтар «кантип чыдап ырдадыңыз?» деп таң калышкан.
Жакшылык менен жамандык дайыма эриш-аркак жүрөт эмеспи. Кайгырган күндөрүм деле болду. Мисалы, өзүң жетелеп жүрүп, сахнага алып келген балапандарың койнуңдан чыгып, жылан болуп сени чагып алганда капа болот экенсиң. Сахна адамы болгонума өкүнбөйм, дагы бир өмүр берсе да сахнаны тандап алмакмын. Бир гана өкүнгөнүм, сахнада жүрүп жоготконум – тун уулум Аргенди кичинекей кезинен ысык-суукта, ачка-ток өзүм менен кошо жетелеп жүрө берип, астма оорусуна чалдыктырып алганым болду.

– Арген азыр эр жетип, жигит болуп калды. Учурда эмне менен алек?
– Аргенди ырдайт го деп ойлочумун, кийинчерээк ырчылык жөнүндө таптакыр уккусу да келбей калган. Эми токтолду, тентектиги өттү, сулуу, акылдуу, таланттуу бала болуп чоңойду. Жакында «апа, мен эми ырдасам кандай болот?» деп калыптыр. Уулумдун бул оюн колдодум. Жакынкы эки-үч айдын ичинде ырдап чыкканы турат.

– Качан келиндүү кылам дейт?
– Азыркы жаштарды түшүнбөйсүң да, бир күнү эле үйлөнөм деп чыгышы мүмкүн. 25 жашка чыкты. Эми кудай буюрган күнү келиндүү кылып, кубантар мезгили алыс эместир.

– Арлен менен Аэлитанын да ырчылык жаатында таланттары барбы?
– Мен Арленди чыгармачылыктан алыс болсо керек дечүмүн. №6-гимназияда окуйт. Таэквондо менен машыгат, мектепте №1-барабанчы экен. «Балам, эми башка эле кесип тандасаң болмок» дедим. Бирок өзү аябай кызыгып, жактырып жүрөт. Каалоосун четке кага алган жокмун. Аэлита дагы быйыл биринчи класска барды. Аны менен катар эле Шубин атындагы музыкалык мектепте да фортепиано жаатында окуп жатат. Жакында эле экзамен тапшырып, «4» деген баа алды. Өз балаңдын минтип ийгилик жарата баштаганы өзгөчө кубаныч экен. Башка деген башка, ал баары бир артыңдан көп сөздү сүйлөп туруп, кетип калат экен. Мен Аэлитаны чыныгы сахна адамы болсо экен деп тилейм. Канткен күндө да, эң негизгиси эли-жерине кереги тийген инсандардан болсо экен.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(59)
18.12.2012. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anjelika ming jylan bolgondo da Aichurok ejenin dengeeline jetishine kop bar jylan bolboi kichine sabak alyp Aichurok eje mn birge bolso kop iigilikterge jetishmek, azyr al kobuncho yrchy emes bizness ledi bolup ketip atat
18.12.2012. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aichurok eje syilygyngyz kut bolsun!!! Biz sizdin yrlaryngyzdy ugup chongoiduk, sizdin talantyngyzdy baalaibyz siz menen syimyktanabyz.
18.12.2012. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Заманыбыздын супер ырчысы Гулнур эже. Жашы да карысы да суйуп угат Гулнур эжени. Айчурок эже примодонна деп да айтылып журот. Бирок элге 100пайыз синген бир ыры жок. А Гулнур эженин "Арзуу", "Ысык-Кол", "Ыр-десте", деги эле койчу, ырынын баары эл оозунда ырдалып журот тушпой.
18.12.2012. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
realliver,сага кошулам.Мен Айчурок эженин ырларын китайский товарларга окшоштура беремин.эч кандай сапат жок.менин оюм
19.12.2012. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
realliver, sizge jakpasa ele bardyk eldin atynan myndai suilogonunguz tuura emes Aichurok eje bizge jagat bashkalardyn da oiun syilashybyz kerek
18.12.2012. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эжеде голос бар,болгондо да эч кимде жок "мощный" дениздин кучундой голос.Ошонуктан нукура ырчы деп билем.Айтылуу «Алымканды» созгондо дененде кумурска кетип жаткандай болот.А Гулнур эженин уну да башкача жагымдуу.Экоонун тен озунчо орду бар.Ошондуктан супердин тандоосу туура эле го.Гулнур эже быйыл албаса эмки жылы алат буйруса.
18.12.2012. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
realliver сага кошулам бир гана Роза гулу, Айыл кечтери сапаттуу эсте калган ыры да ушул калган ырларын укпагам жана корбогом хит болуп элдин баары кошулуп ырдап жургонун билбейм 30жыл дейт кайсы жерлерде ким укканын примадоннага Гулнур эже татыктуу
18.12.2012. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Realliver, koshulam saga. Primadonnaga Gulnur eje tatyktuu. Al emi Aichurok eje, bilbeim....Soonun unu bar, birok el oozunda kalgan yry jok :(
A jylan jonundo aitsam, tuura. Anjelika tuura nerse kylbady. Ichken suusuna tukurup... Any ushul dengeelge jetkirgen Aichurok eje bolchu. Eger any sahnaga alyp chykpaganda, anyn suluulugun, degi ele turun it da kormok emes. Azyr tim ele iymanduu, abroiluu fake lady bolup korunot. Maktangany tash jaw jarat. Aman ele bolgula!
18.12.2012. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uluu muun uluudai bolso ,ushundai uluu muundan tarbija algan bizdin baktybyz jok da,Anjelikaga men ajal katary tuura jol taap ordun tapkanga jeke ozum suiunom ,ui buloo ,ene boluu kandai bakyt.Aichurok menen juro berse jurmok da azyr toilordo yrdap tunkusun ,kunduz kechke uktap bashka yrchylardai bolup.Anjelikany kosh koldop koldoim,oz enesinin sozun ugup ketip kalgan,yrchylyktyn paidasynan zyjany toltura.Ar kim oz jolun tandaganga ukugu bar,Anjelika ozunun jolun taap ketti,syilaim .
18.12.2012. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжеликада соз жок менимче! Тарбиялаган Айчурок эжеде да куноо болсо керек!
19.12.2012. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне учун суйуктуу жолдошунун суротун газетага бербеди экен кызык
19.12.2012. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алла таала омур берип жатып,атыбыздан-жашообузга чейин мандайыбызга жазып коет экен.Ырчылык жолду корсоткон Айчурок эжеге кандай создор айтылбасын,омур бою ыраазычылыгымды айткандан тажабайм!!!Ким кандай тушунуп,ойлосо да ал адамдын жеке дуйносу деп эсептейм!Бул создорду озумо тиешелуу деп да кабыл албайм!Кичинекей балапанды да бир куну,куш кылып уядан учурууга туура келет!
19.12.2012. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бириниздердин журогунуздор ЫЙМАНГА,СYЙYYГО толсун!!!
19.12.2012. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага карата жазылган жакшы каалоо-тилектериниздерге чоооон рахмат!!!
19.12.2012. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Устатым чыгарган атымды,кандай гана тоскоолдуктар болбосун,очурбогонго аракет кылып жургон убагым))))Сиздер да ар тараптан озунуздорду сынап,ийгиликтуу которулушунуздордукаалайм!!!:-)
19.12.2012. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжеликанын өзүндө Кудай ыроологон көрөңгөсү болбосо Айчүрөк эмне кылып чыгарат эле. Өзү баралына жетип турса, жасалма эле анын алдында жүрө бермек беле. Эмне кылып чагып алды десе ушу Айчүрөк эч бир жүйөөлүү нерсе айта албаса керек, интервью берген жеринде эле ушуну кыйытып калат экен. Болбодубу эми, баласындай кызга өчпөс өч, кетпес кек кылып айтып ж&#
19.12.2012. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жүргөнү чоң эле кишиники уят эле иш.
19.12.2012. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арген менен чогуу эле түшүп беришсе болмок экен
20.12.2012. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негедир бир да ыры эсимде жок ушул ырчынын. Анжелканы айтсам эгер жылан болуп чакса айып тарбиячыда да бар да. Уядан эмнени корсо учканда ошону алат дегендей. Айчурок эже эч качан бир алакандан ун чыкпайт. Аман элэ болунда.
20.12.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ech kachan bir ele adamda kunoo bolboit da, eki adamda ten kunoo bar,. . Anjelikanyn talantyna baa berem, . . . .
21.12.2012. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айчурок азамат,Г.Сатылганова бир да жылдыз алыпчыккан жок,тока Анжелика кинула,туура эмес кылды.
22.12.2012. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Murok, Гулнур эже эмне продюссер беле жылдыз даярдагандай? Озунун ырларын элдин мудоосун кандыргандай кылып аткарса болду да.
22.12.2012. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эже азаматсыз.Унунуз жагат мага.
23.12.2012. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урмaттуу Анжeликa,жaны жылдaн кийин Айчурок эжeни,жолдошун сaбaтып,мaшинaсын тaлкaлaткaндыгыныз мeнeн aгa ырaaзычылыгынызды билдирип кeлeсизби?
23.12.2012. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jannaz, 10 кунго бан. Бироону далилсиз каралоого тыюу салынат.
23.12.2012. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga negizi Ai4yrok eje jagat!adamker4iliktyy,jonokoi adam!Al emi Anjelika kim?betine bewti koiup, kozyn suzultup, kuioosunun ak4asy menen koop kozyn mai basyp kaldu!al kuioogo tigi4e kim ele?jon ele ir4i ele go?Ai4urok ejenin oozun karagan balapan4ik ele go?eger Ai4urok eje anu alyp kiwi kilbasa jurmok da Talasunda ui saap,miljuip kylyp!Esine kel Anjeka seni kiwi kataryna kowkonun i ee ybajai kak mama!
07.01.2013. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу кыргыз калкым! Сиздерди Жаны жылыныздар менен чын-журоктон куттуктайм. Ден-соолук, бакты-таалай, бакубат жашоо каалайм.
Бул сайт аркылуу алгач Сиздер менен баарлашканыма кубанычтуумун.
07.01.2013. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынбы Анжелика, кыздарын, озун, Урмат жакшы журосунорбу? Эмнеси болсо дагы мен силерге бакыт каалайм. Бирок элдин,бул сайттын ичинде жана телевидениеде иштеген кээ бир адамдар арасында мен жонундо болгон терс пикирлерге жооп берууго аргасыз болуп отурам!
07.01.2013. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Айчүрөк эже, жаны жылдан кийин чын эле Анжеликанын куйосу машинанызды талкалаттыбы?
07.01.2013. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен Швейцарияга чондор менен мага айтпастан кетип калгандан тартып экообуздун пикир келишпестигибиз башталаганын эсине салайын. Ошол эле чондордун жардамы менен Цирктеги иш мен аркылуу кантип бутконун жакшы билесин, Анжелика!!!
12.01.2013. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчүрөк Иманалиева, ушул жерде кененрээк айтып кетсениз. Чондор менен дегенди кандай тушунсок болот.
оозун ачып таң калган быйтыкча
07.01.2013. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайт аркылуу мага омур бою ыраазычылыгынды билдириптирсин. Эмне учун турмушта башкасын? Учурда эфирге оз алдынча чыгып жатасын. Баарына толойсун. Убагында балдарымдын ырыскысы менен болушуп, сени синдимдей коруп чыгармачылык жолго салдым эле...
07.01.2013. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилекке каршы сенин ырахматын сага короткон чыгымдарымды толуктабайт. Ошол эле учурда корушкондо учурашканга жарабайсын.
14.01.2013. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчүрөк Иманалиева, өзүнөрдөн чыккан чыгымды, Анжеликанын артынан жок дегенде он эсе тоолуктасаңар керек.
19.01.2013. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elya2404 Мен бул маселе боюнча дайым ачык созго, кенен кепке чакырып, бардык ынгайсыз суроолорго жооп таап, чекит койгум келет. Жогоруда жалганчылык да чындыкка окшоп жашай бергенин айттым эле. Бул сайтта да «койдун терисин жамынган карышкырлар» бар окшойт?! Провакациялык суроолорду берип, болжолдоп суйлобой, ачык созго, анык чындыкты ачууга дагы бир ирээт чакырат элем. Кээ бир адамдар озунун эки жуздуулугун коргоп - сыпайы, сылык жана ыйык создорду элдин алдында суйлоп, бирок комус
19.01.2013. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elya2404, бирок комускодо былгыткан, сасык иштерди жасап жургондору жан кейитет. Мен болсо чындык учун чыдап кутуп журом. Дагы бир ирет ачык созго чакырам…
07.01.2013. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге кол салуу учурда сен телефон аркылуу кимдер менен суйлошконунду тактай баштаганда, бир жума отпой ушул ишти карап жаткан СНБ кызматкеринин машинасын гаражынан орттоп салышты.Ушуга окшогон жагдайлар коп суроо туудурат....
10.01.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эже ак ийилет бирок сынбайт.Анжеликанын дагы, сиздин дагы оз чындыгыныз бар.Айтаарым бири биринердин былыгынарды элдин алдына алып чыкпай, оз алдынча жолугуп суйлошсонор сиздерге жакшы болмок.
11.01.2013. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edico22, edico22, туура айтасын. Мен да ошондой ойдомун. Бул жагдайды коомчулукка чыгарайын деген оюм деле жок болчу. Эгер менин ошондой кара ниетим болсо, анда оозумду качан эле ачып, болгонун болгондой айтып таштамакмын. Бирок анын артында нечендеген трагедия жатарын эске алып, озумду-озум токтотуп келем. Уй-булом, бала-бакырам канчалык кыйынчылыктарды, коркунучтарды башынан откорсо да, бул окуяга сабырдуулук менен мамиле жасап келем.
Ошол кыйаматтык окуядан бери эки жарым жылдын жузу б
11.01.2013. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edico22, Ошол кыйаматтык окуядан бери эки жарым жылдын жузу болду. Мен ал каргашалуу кундорду эстегим да келбейт. Мен тагыдырыма ыраазымын. Жанымда нечендеген абдан жакшы адамдар бар. Кесиптештерим, коншулар, достор кандай гана колдоо корсотушту. Баарына ыраазычылыгымды билдирип келем.
11.01.2013. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edico22, Кымбаттуу edico22, сенин туура созунду ырастайм. Ар кимдин озунун чындыгы бар. Бирок кээде калп дагы чындыкка окшошуп алып жашай берет. Чындык деген чындык: ал очпойт, унутулбайт, жоголбойт, таза болот. Калп тескерисинче коп терс корунушторду туудурат. Коп учурда калп озунун жаралышына ыраазы боло турган ээлерине зыян келтирет.
11.01.2013. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edico22, Анжеликаны туубасам да тутунгандай болуп ыйык сахнага мен алып келгем, буга сен дагы, эл дагы, кудай дагы кубо.
11.01.2013. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edico22, Эки жарым жыл куттум. Эми кайсы жерде калп, кайсы жерде чындык жатканын териштируу убакыт жетти го деп ойлойм. Мен ачык созго даяр экенимди дайым билгизип келем. Азыр да даярмын. Менин трагедиямды туудай кылып алып которуп, артыман ушак чуурултуп жургондордун оозун баса турган убакыт жетти. Эгер мен кимдир бироону билип-билбей таарынтып алсам, кечирим суроого даярмын. Ошол эле учурда менин абийриме шек келтиргендер да оздорунун жоопкерчилигин сезиш керек.
12.01.2013. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эже таланттуусуз!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо