№528 14-Декабрь-20-Декабрь, 2012-ж

Куудул Санжар Бердибеков көптөн бери көрүнбөй кеткенинен кабарлашканбыз. Көрсө, Санжар «уктабай» эле, чыгармачылыгы менен алпурушуп жүрүптүр. Бир кездерде «Трактор» деген ыр жаратып, тракторду пиар кылган куудул эми Гүлжигит Сатыбековдон кем каламбы дегенби, айтор, «Оштук кыздар мазза да» деген ыр жаздырды. «Бул ырым жакында чыгат, чыгары менен бүт Кыргызстанды дүңгүрөтөм»,- дейт куудул.
Ырдын саптары да кызык экен, мисалы, «тракторум токтоду, такси айдадым болбоду...» Кыязы, байкебиз ырында Оштун «мазза» кыздарына жөө жетип барат өңдөнөт. Андан сырткары 22-декабрь күнү Москвага Айнура Салахидинова экөө жол тартып, мекендештерибизге концерт берип келсек деп даярданып жатканын да белгилеп кетти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Асел эмес, бал.