АКЫР ЗАМАН БОЛОТ ДЕП АДАМДАРДЫ ДАЛАЙ ИРЕТ КОРКУТУШКАН. АГА КАРАБАЙ ЖАШОО УЛАНЫП КЕЛЕТ!

№528 14-Декабрь-20-Декабрь, 2012-ж

«АКЫР ЗАМАН БОЛОТ» ДЕП ДАЛАЙ ДАТА АЙТЫЛГАН...
Эл арасында кеңири тараган «акыр заман» деген түшүнүк Жер жүзүндөгү цивилизациянын, тирүү жандыктардын, ал гана эмес, ааламдын жок болуп кетишин түшүндүрөт. «Акыр заман болот» деп айтылып келе жатканына быйыл туура 1979 жыл болот. Тагыраак айтканда, биздин замандын 33-жылынан тарта акыр заман деген түшүнүк кеңири кулач жайып, ушул кезге чейин эл оозунан түшпөй келет.
Инжилди изилдеген христиан дининин айрым өкүлдөрү 33-жылы жашоонун акыркы мүнөттөрүн көз алдынан өткөрүп жаткандыктарын билдирип, алаамат башталар күндү күтүшкөн. Бактыга жараша, алар күткөн күндөн дайын жок, жыл тынч өтүп, бүгүнкү күнгө чейин адамзат аман-эсен өмүр сүрүп келатат. 33-жылдан тартып 2011-жылга чейин кыямат болот деп 150гө жакын даталар белгиленген. Алсак, 1999-жылы эсептөөлөрдү жүргүзүп чыккан билерман астрологдор «Жерге чоң комета түшөт» деп жыл башынан айтып башташкан. Жыл бүткөнчө улам бири жаңы датаны айтып, элди коркутушкан.
Андан кийинки 2000-2011-жылдар аралыгында бул сөздөрдүн аягы тыйылбай, «Жер планетасы астероид менен кагылышат, кара көңдөй жерди жутуп алат, планеталардын парады болот, Жердин Айдан башка дагы экинчи спутниги пайда болот, Жер бетиндеги жашоо жок болот» деген билдирүүлөр улам айтылып, адамдардын тынчын алып келди. Бирок ушул күнгө чейин Жер бетинде жашоо уланууда.

2012-ЖЫЛ, 21-ДЕКАБРЬ
Тынчып калган дүйнө элин кайрадан козгоп, «21-декабрда дүйнө жок болуп, жаңы Алтын доор башталат экен» деген кеп тарады. «Бул ирет акыр заман байыркы майя уруусунун календарынын бүтүшү менен белгиленип, ал күн азыркы календарь менен 21-декабрь же 23-декабрга туура келет» дегендер чыкты. Бул күнү Жер бетинде табигый кырсыктар башталып, ал эми кээ бири ааламдын тереңинде жаткан Жерден көлөмү төрт эсеге чоң болгон Нибиру планетасы Жер менен кагылышарын айтууда. «Акыр заман 21-декабрда башталат» деген кепти тараткандардын бири, тибеттик кечилдин айтымында, планеталар бир катарга тизилип параддан өтүшөт. Күндүн бети көрүнбөй, ааламды караңгылык каптап, электр жарыктары бүт өчүп, Жер бетинде тынчтык өкүм сүрөт. Суу каптап, жер титиреп, табигый кырсыктар менен коштолуп, адамзаттын 10 пайызы дүйнө менен кош айтышат имиш. Бул кырсыктан ширеңке, суу, шам, жылуу кийим-кече, азык-түлүктөрүн камдап, шаардан алыс чыгып кеткендер аман калуусу мүмкүн экенин тибеттик кечил айтып, элди дүрбөттү.

АНЫ БИР КУДАЙ БИЛЕТ...
Ислам дининде кыямат эң акыркы пайгамбар Мухаммед жашап өткөндөн кийин башталат делген. Бирок анын кайсы күнү болорун бир гана Жараткан өзү билет. Ошондой эле динде акыр замандын алдында адамзатка белги берилери айтылган. Алардын бири – Күн чыгыштан эмес, батыштан чыгып, түштөн кийин кайра батышка батат. Мына ушундан кийин гана Жер бетинде алаамат башталат делет.

ОКУМУШТУУЛАР «КОРКУНУЧ ЖОК» ДЕШЕТ
Окумуштуулардын айрымдары 21-декабрь күнү планеталар бир катарга тизилип, параддык жүрүш болорун белгилешүүдө. Анын таасиринен Жерде климаттык өзгөрүүлөр, табигый кырсыктар болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Бирок бул айтылгандардын баары жалган экендигин америкалык НАСА уюму билдирди. Жогоруда айтылып жаткан Нибиру планетасы жөнүндө аталган уюмдун кызматкерлери: «Эгер Нибиру планетасы Жер менен кагылыша турган болсо, ал Жерге жакындамак жана 2010-жылы эле көзгө көрүнүп калмак. Дүйнөдөгү космоско байкоо жүргүзгөндөр алда качан байкашмак. Корко турган эч нерсе жок»,- дешет. НАСАнын окумуштуулары 2013-жылы 13-февралда 29 000 чакырым алыстыктан Жерди бир гана астероид жандап өтөрүн жана анын эч кандай коркунучу болбой турганын билдиришет. Андыктан дүрбөлөңгө түшүп, ызы-чууга алдырбай ишиңизди уланта бериңиз, акыр заман болбойт!

ИШЕНГЕНДЕР ДА БАР
Дүйнө коомчулугунда жогорудагы бүбү-бакшылардын айткандарына ишенип, даярдык көргөн адамдар да бар. Европа, Америкада айрым тургундар кийим-кече, азык-түлүгүн дайындап, бункерлерге жашынууда.
Украинада шампан чыгаруучу заводдун жетекчилиги коргонуу үчүн каалаган жарандарды бул күнү ичимдиктер сакталган жер төлөгө чакырууда. Кирүү акысыз жана 4000дей киши батат.
Айрым франциялыктар аман калуу үчүн Бюгараш деп аталган тоонун башын көздөй бет алышса, Арменияда букмекерлик кеңселер спорттук мелдештерде байге сайып жүргөн кумарчыларга эми акыр замандын болор же болбосу тууралуу сайыш уюштурууну көздөөдө.
Кыргызстандыктар да бул көрүнүштөн улам бүлүк түшпөй койгон жок. Кээ бири базарлап, азык-түлүк топтоп жүрсө, айрымдары көп кабаттуу үйүнөн шаар четиндеги жер тамдарына көчүп кетип жатышат. Акыркы алынган маалыматтарга таянсак, Бишкектеги «Ош базарында» сатыкта шамдар түгөнүп калган.

МУФТИЯТ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Коомчулукта 21-декабрга байланыштуу ар кандай ойлор жаралып жаткандыгынан улам Кыргызстандын муфтийинин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев жалпы журтка кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө: «Шарият боюнча, келечегиңди алдын ала айтуу күнөө болуп саналат. Андыктан акыр кыяматтын кайсы күнү болорун да айтуу күнөө. Динде айтылгандай, учурда акыр замандын белгилеринин бири да билине элек. «21-декабрда жашоо жок болот» деген жалган. Мен сиздерди бул маалыматка ишенбөөгө чакырам»,- дейт муфтий.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
«АКЫР ЗАМАН БОЛОТ» ДЕГЕНГЕ СИЗДИН ОЮҢУЗ?

Адылбек Акматов, Баткен облусу:
– Сырткы күчтөргө ишенем, бирок «21-декабрь күнү акыр заман болот» деген сөз акылга сыйбаган нерсе. Себеби ал күн жакындап калды, ал эми табигый кырсыктар тууралуу жаратылыш эч кандай кабар берген жок. Бул жөн гана ойдон чыгарылган сөз.

Гүлнара Кыдыралиева, Нарын облусу:
– Бир ишенсем, бирде ишенбей кетип жатам. Бирок болбой койгону адамзатка, дегеле ааламга жакшы. Эч кандай деле даярдык көргөн жокмун. Кудай көргөзгөн күндү көрөбүз да эми. Кайда качмак элек?!

Эркин Кулназаров, Нарын облусу:
– Мындай божомолду жыл сайын эле айтып келатышат. Былтыр да болот деп айтылган. Дүрбөлөң түшүүнүн деле кереги жок. «Планеталардын парады болот экен» дегенге гана бир аз ишенип турам. Үй-бүлөбүз менен жакшы тилекте Жаңы жылды тосууну ниет кылып жатабыз.

Динара Приева, Ош облусу:
– Бул акыр заман эмес, доор алмашуу деп аталат. Бир күн болбосун, бир күнү сөзсүз болуучу нерсе. Андан чочулап коркуунун, аман калам деп аракет кылуунун кереги жок. Болгону, буга даяр болуш керек. Күнөөсү көптөр кырсыкка туш болушу мүмкүн, күнөөсүздөр аман калат дегендей.

Бекмамат Айдаркулов, Ош облусу:
– Мен буга такыр ишенбейм. 2-3 жыл мурун чочко тумоосу деп кайсы бир топтор өздөрүнүн дарыларын сатыш үчүн паника жаратышкан. Бул да кайсы бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн жаралган нерсе. Чынында, 21-декабрда күн тутулушу мүмкүн, андан башка эч нерсе болбойт болушу керек.

Гүлмира Темирова, Ысык-Көл облусу:
– Акыр заман болот, бирок качан болорун бир Алладан башка эч ким билбейт. Кыямат болот экен деп коркпой, ал күн эртеби-кечпи келерине ишенип, мусулмандык парзыбызды аткаруубуз зарыл. Эмне болгон күндө да көпчүлүк менен, Кудай буюрган нерсени эл менен бирге көрөбүз.

Чолпон Кулманова, Талас облусу:
– Буга ишенбейм. Аны көбүртүп-жабыртып жиберген ортодогу ушакчылардын сөзү деп эсептейм. Жер-жерлердеги суу ташкыны, жер титирөөлөр сыяктуу табигый кырсыктардын өзү эле акыр замандын болуп жатканы болсо керек.

koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(67)
18.12.2012. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх момун бир туугандар ушундан коро Аллахтын буйруктарын аткарбайлыбы? намаз окубайлыбы? акыр заман болсо деле жараткандын алдыны куру кантип барасын уялбай? бул журуп жаткан создун озу ыймандан ажырата турган соз эмеспи?
18.12.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир кудайга ишенейличи. Бишкекте болсо конец электричество жана конец газа болуп жатат.
18.12.2012. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jonaruk, Шам менен бизнез, кылгандардын. Куну туулган го.))
18.12.2012. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бугун обедде отурсам орус кыз мн жигит суйлошуп калышты 21 числодо эрте мн чогулушуп алып ээн жерге палатка куруп сактанышат экен тимле план тузушту эми Аллах сактасын ушук алып олуп калбаса экен аба ырайы ото суук особенно тункусун
18.12.2012. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim, Экооно паровой бар, уй ото эле. Пар болуп кетип атса керек да, ошо суукта 17% 19% минус градус норма болсо керек дейм да экооно.

Орустарга озу даба жок, аларга тенелем десен. Суука тонуп олосун.

Кечее тунку саат 00 30 да 17% 18 % минус градустта, бир орус бала шорта фудболкачан журот.

Аны коруп мен ушудум, калын тон менен. Мына ушундай адамдар да бар буларда.
20.12.2012. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mukay-kg, Берилип ыр түрүндө окусам,окшошпойт го?
18.12.2012. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар биз мусулмандар акыр замандын болушуна ишенишибиз керек жана ошого руханий даяр болушубуз керек!!!Бирок анын качан болоорун бир гана жалгыз АЛЛАХ ТААЛААМ билет. Андыктан тообо кылайлы.
18.12.2012. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын мусулман бир туугандарым буга ишенбениздер,АЛЛАХТАН башка эч ким билбейт.Бардык тагдыр олчоо АЛЛАХ тын колунда
18.12.2012. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
21.12.12 куну эч нерсе болбойт. Бирок бир гана АЛЛАдан башка эч ким билбейт!!!!!!!!!!!!
18.12.2012. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай нерсеге колунда бар адамдар гана ишенишбесе ,мага окшогон карапайым эл эч нерседен бээкапар ишине барып келип эле журушот
18.12.2012. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах спасет мир...! :)
18.12.2012. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла таалам.сактасын.тобоо кылайлы.откон кеткен ата.бабаларыбыздын арбагы колдосун.
20.12.2012. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beksezim,
сени эч качан ата-бабанын арбагы колдобойт жана колдой албайт, кайра сен аларга кууран окуп колдоо корсот. Сени бир гана АЛЛАХ колдойт!!!
19.12.2012. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйаматтын ,акыр замандын кандай болушун Аллахым куранга тушуруп койгон башка нерселерге ишенбей Бир Аллахыма,анын китептерине,периштелерине,жоноткон пайгамбарларына,олгондон кийин кайтып тирулууго,кыйамат кунуно,жакшылык жана жамандык бир Алладан экенине.
19.12.2012. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыр заман болбой эле койсун туугандар андан коро Алладан жакшы гана нерсени тилеш керек наристелер торолуп ушул куну жарык дуйного келет кээ бир уйдо той болот так что Кыргызстан мамлекетибиз эми гана болгон окуялардан кийин кичине башын котруп жашоого умутонуп жатканы келгиле андан коро жакшы гана нерселерди сураналы жакында Жаны Жылда
19.12.2012. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи адам баласы ишенчээк келебиз... кайсы бир жылы да КОНЕЦ СВЕТА болот деген кептер тараган, ошондо бир олкодо 800го чукул адам озулорун церковько камап алышып куйгузуп ийишиптир, тообо.
Ал эми 21 жонундо айта турган болсок, билсениз, Нострадамустун бут эле айткандары туура чыкпаган... Ал эми мая уруусунун календарын ар кайсы окумуштуулар ар кандайча жорушат... туугандар КОНЕЦ СВЕТАга ишенбегиле, аны бир гана АЛЛАХ билет...
19.12.2012. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртен эмне болорун билбейбизда акыр заман болот деп кайдан чыгарышты тушунбоймда
19.12.2012. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озу сактасын!
19.12.2012. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муфтийибиз айткандай акыр замандын белгилери боло элек. Акыр заман болот качан элдин баары ач көз болуп, ички жан дуйнөсу кара болуп такыр динди унутуп койгон кезде, жер жузу кара ниет адамдарды көтөрө албай жарылат деп айтылып келет. Акыр заман болбой дагы калышы мүмкүн экен. Адамдар динге берилип, ыймандуу болуп, ак көңүл болушса. Азыр биз сыноодобуз, бул берилген сыноону ар ким ар кандай колдонуп атышат бири жакшы, бири жаман дегенде
20.12.2012. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Angelina2012,
сиз акыр заман болбой калышы мумкун дединиз жок сиз жанылышасыз АКЫР ЗАМАН созсуз болот аны бир гана АЛЛАХ билет.
20.12.2012. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул нерсе жалган
20.12.2012. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akyr zamandyn kachan boloorun ech kim ayta albait...Kuday saktasyn
20.12.2012. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да бир версия боюнча 21 куну дуйнону айтылуу зомбилер каптайт имиш!
20.12.2012. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул созду товарын откозуш учун гана бир бекерчи ойлоп тапса керек. Баары бир гана Алланын колунда
20.12.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХ озу бизге ырайым кылган болсун! кыямат кундон эч бир адам кутула албайт. ал куну жер бетинде жашоо токтоп, бардык тируу жандыктар олуп, АЛЛАХТЫН кудурети менен тоолор бийик шаарлар тегизделип жерден чыгып турган эч нерсе калбайт деп уккам. кыямат кунундо оз жаныбызды эч бир амал менен коргой албайбыз. кыямат кунуно ишенуу менен ага даярданыш керек. АЛЛАХКА тообо келтирип намаз окуп, акыретке сооп жете турган жакшы иштерди кылуу. АЛЛАХЫМ журогубузго ыйман берсин. ыймандуу пенделерден кылсын
20.12.2012. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким олсо ошого акыр заман
20.12.2012. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окумуштуулар и башкасы баары эле тантырай беришетда, билип билбей эле!!! болбой калса ошол болот деген адамдар уялышат бекен а???
20.12.2012. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корком
20.12.2012. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам баласы ар турдуу болот экен да, бирине "А"ны айтсан анысы барып тигинисине "А"га кошуп "Б"ны да айтат... анан дагы пендечиликке шылтап коюшат дагы...
бирок Кудайыма шугур ушундай Сабырдуу пенделер бар экенине...
21.12.2012. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudai ozu caktacyn.kudaidan ech kim chon emec kudai ozy beret kudai ozy alat.
21.12.2012. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
я конец света проспал.. жив,!
22.12.2012. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына Аллах буйруп 21да кундогудой эле отту, жумушка барып уйго келип дегендей, мындан ары да ошондой эле болсун, Аллах таала умотторуно эмнени насип этсе ошону коробуз. Мен бардык адам затына тынчтык, ден соолук, аманчылык тилейм, кала берсе келе жаткан 2013 жаны жылынар менен куттуктайм. Элибизге, журтубузга ушул жыл оомат жылы болсун! Мамлекетибиз онугуп бутуна турсун!
22.12.2012. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolbogon soz! Allah bizdi uwul kungo 4eiin saktap kelgen myndan ary da saktai beret! nietti tuuru kylsak baary jakwy bolot...
23.12.2012. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бугун 23у акыр заман болдубу? Эч качан ишенбегиле бироолордун созуно,бир кудайга гана ишенгиле.
22.12.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Инжилди изилдеген христиан дининин айрым өкүлдөрү 33-жылы жашоонун акыркы мүнөттөрүн көз алдынан өткөрүп жаткандыктарын билдирип"- деп жазыптыр, бирок авторго айтарым 33-жылы инжил жазыла элек болчу, анан кантип христиандар инжилди изилдесин?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо