Гузеля Келдибаева, «Супер сулуу-2012» сынагынын жеңүүчүсү:«ҮЙГӨ ЧЕЙИН ИЗДЕП КЕЛГЕН ЖИГИТТЕР КӨБӨЙДҮ»

№529 21-27-Декабрь, 2012-ж

Гезитибиздин көп жылдык салтына айланып калган «Супер сулуу» сынагы быйыл да өз ишин жыйынтыктап, «Супер сулуу-2012» наамына Гузеля Келдибаева аттуу бийкеч татыды. Гузеля сынак учурундагы кызыктар, өзүнүн дүйнөсү тууралуу окурмандар менен сыр бөлүшөт.

Толук аты-жөнү – Келдибаева Гузеля Жеңишбековна
Туулган жылы –
1995-жыл, 24-июль
Лакап аты –
Ляка
Бою –
175 см
Салмагы –
53 кг
Параметри – 83-61-90

– Кандайсың, Гузеля? Жеңишиң кут болсун! Куттуктап келгендердин аягы сууй элекпи?
– Рахмат, жакшы. Ооба, дагы деле куттуктап келип, белектерин берип, жылуу сөздөрүн айтып кетип жатышат. Бүгүн да ошол шылтоо менен үйдө конок тоскону жатабыз.

– «Жеңиш меники болот» деп ойлодуң беле?
– Албетте, сынакка катышкан ар бир кыздын ой-тилегинде жеңүү деген үмүт болсо керек. Мен деле ичимден «ушунча кадам басып, финалга чыккандан кийин жеңсем экен» деп турдум. Бирок ишенген эмесмин. Анткени «Супер сулуу» аталууга кыздардын баарында мүмкүнчүлүк бар болчу.

– Учурда эмне менен алектенесиң?
– Азыр сулуулук салонунда косметолог-визажист болуп иштейм. Сүйүндүргөнү – менин кызматымдан белгилүү адамдар да пайдаланып жатканы. Кийинчерээк сулуулуктун, сүйүүнүн шаары болгон Парижге барып мыкты адистерден сабак алып, тажрыйба алмашып келүү, мекенимде сулуулук салонун ачып, аз да болсо элиме салым кошуу – эң чоң максаттарымдын бири.

– «Супер сулуу» сынагы сага эмне берди?
– Негизи, үй-бүлөм кыргызча сүйлөшөт. Бирок мен кичинемден орус тилдүү бала бакчага, мектепке баргам. Чоңойгондо да чөйрөм жалаң орус тилдүү адамдар болду. Апам үйдөн эжем экөөбүзгө кадимкидей сынак өткөрчү, «бүгүн кыргызча сүйлөшөсүңөр, эгер кимден орусча сөз чыкса, ошол үйдүн баарын жыйнап чыгат» деп. Андай учурда эжем бир аз сүйлөгөнү болбосо, менде үн да, сөз да жок. Ошондуктан кыргызча түшүнөм, бирок сүйлөөдө абдан эле кыйналам. Дегеним, сынактын жүрүшүндө эне тилден жакшы эле кыйналдым. Керек болсо сөздөрдү бирде түшүнсөм, бирде түшүнбөй, үйгө келип апама ыйлаган учурларым болду. Мындайга биринчи жолу кабылып жаткандыктан, намысыма тийип, «кыргыз болуп туруп тилди билбегеним уят, тезинен үйрөнүшүм керек» деп өзүмө максат коюп, кыргыз тилин үйрөтүүчү курска бара баштадым. Албетте, мени кыргыз тилин үйрөнүүгө шыктандырган «Супер-Инфо» гезитине терең ыраазычылык билдирем.

– Кыздардын арасынан өзүңө атаандаш көрө алдыңбы? Эгер сен болбогонуңда, жеңүүчү катары кайсы кызды көрсөтө алат элең?
– Албетте, андай атаандаштар көп эле болду. Бирок ошолордун ичинен мен Гүлназ Касымбекованы утат го деп тургам. Анткени ал чынында эле таланттуу, сулуулугу менен акылы төп келишкен кыз экен. Анан да жаңы таанышканда эле анын адам менен бат тил табыша билгени мага абдан жаккан.

– Сынактын жүрүшүндө бири-бириңерге кыр көрсөткөн учурлар кездештиби?
– Жок, андай нерсе болгон жок. Тескерисинче, бири-бирибизди колдоп, чыгыш бийин үйрөнүүгө ынтымакта, чогуу барып жаттык. Мени таң калтырганы, бир чети капалантканы сынак жыйынтыкталгандагы учур болду. Мени жеңүүчү деп жарыялагандан кийин эле баягы чогуу жүргөн кыздардын айрымдары жүз буруп кетишти. Жадакалса «сен бул наамга татыктуу эмес болчусуң» дегендей комментарийлерди беришти.
Концерттин экинчи күнүндө чыгыш бийин бийлеп жатканда эки кыз көпкө чейин бийлеп коюп, соло бийлегенге мага убакыт жетпей калды. Буга таарынбайм деле. Мындан ары мамилебизди үзбөйбүз деп ишенем.

– Көчөдөн таанып, кол тамга сурагандар болуп жатабы?
– Кол тамга сурабаса да, кээ бир жигиттер «таанышып албайлыбы?» деп тийишип, үйүмө чейин издеп келгендер чыгууда. Мунун айынан апам коркуп, эртең менен жумушка алып келип, кечинде кайра алып кетип жатат. Чынында эле таанышууну каалаган адам болсо, маданияттуу жолун издемек болуш керек.

– Сени «брондоп» койгон жигит бар окшойт...
– Жок. Азыр 17 жаштамын. Жигит күтүүгө бир аз эртерээк болуп калат го. Максаттарымды ишке ашырып, жашоонун ысык-суугун көргөндөн кийин гана жигит тууралуу ойлоном.

– Кичинеңде кандай кыз элең?
– Кой оозунан чөп албаган аябай эле жоош кыз болчу экенмин. Таенем КРнын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Анара Мадиева. Ал мен сүйлөбөй отурсам жаныма келип, «Гузеля, кана, оозуңду аччы, тилиңди сунчу» дейт. Мен анын айтканын кылсам, «ой, айланайын, оозуң, тилиң деги бар экен, бир сүйлөп койчу» деп тамашалап калат. Учурдан пайдаланып, мени колдогон таенеме, апама, эжеме чоң рахмат айтам.

– Ата-энең, бир туугандарың тууралуу айта кетсең. Дегеле кайсы жердин кызы болосуң?
– Ата-энем экөө тең аскер адамдары. Атам – полковник, апам – подполковник. Үч бир тууганмын. Менден бир жаш улуу эжем, үч жаштагы иним бар. Өзүм Көлдүн кызымын.

– Чет өлкөлөрдө болгонсуңбу?
– Жок. Жакында кыштын суук күнүндө экзотикалык өлкөдө эс алып келгени турам. Мындай мүмкүнчүлүк түзүп берген «Супер-Инфого» рахмат айтам.

– Ийгиликтерди багынтып жүрө бер.

Асел Асанова
star@super.kg


Гузеля Келдибаева: "Калыстар тобунун купулуна толдум деп ойлойм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(103)
26.12.2012. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не плохо мне нравится очень красивая девушка!
SUPER.KG видео
26.12.2012. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу кыз экен ! Жонокойлугу менен канчалык шаарда осуп чонойсо да Кыргыз тилине аракет жасап суйлоп Ата Энесине мээримдуу экендигин байкалды! Келечекте чон ийгиликтер болсун!! Кыргыз Эли Кыргызстан сыймыктана турган сынактарды багынта беришинди каалайбыз!!!! Жаны Жылын менен!!!
26.12.2012. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татынакай кыз экен, татыктуу эле алыптыр. Анан эжекеси да татынакай кыз экен. Ысрочно уйунун дарегин табыш керек болуватат:)
26.12.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай кыз экен, жонокой жакты. Ийгилик!
26.12.2012. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан татынакай кыз экен,ийгилик иштерине.
26.12.2012. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элдер эмне десе да конул бурба сага ийгилик Гузеля
26.12.2012. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женишин кут болсун! Видосун кайсыл жерден коро алам достор?
26.12.2012. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
26.12.2012. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гузел атына затын жарашкан ажарлуу кыз экенсин, ар-дайым ийгиликтер коштоп журсун сени.
SUPER.KG видео
26.12.2012. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
огоооооооо
26.12.2012. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женишин кут болсун...
26.12.2012. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
юридикалык мЭмлекеттик аХадемия дейт го кыз.молодец бирок, жакшынакай кыз экен. ийгилик.
26.12.2012. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pepi, НОрмально айтты, брат жакшлап уксан андан коро...Гузеля молодец,красавица
27.12.2012. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bek_kgz, кайра кайра кайталап атып уктум, "г" ны "Х" деп айта экен
SUPER.KG видео
26.12.2012. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызчаны жакшына уйрончу кыргыздарды уят кылбай! Киргиз !
26.12.2012. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Devushka ochen krasivaya, ochen milaya. No ya zametila chto ona ochen' stavit accent na bukvu "X" :))
27.12.2012. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asizhan, erkek da oshon uchun, kyz dep ishene albay jatam..
26.12.2012. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
transko ozuncho:)
26.12.2012. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик сага, бирок калп эле кыргызча билбеген адамга окшой бербе. Рисоваться этип жатканын корунуп калыптыр. Тескерисинче нукура кыргызча суйлосон, мындан да жакшы ийгиликтерге жетишесин. Негизи мындай сынактарда тил билген, соз чеберчилиги жагына да чон басым жасаш керек!
27.12.2012. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rusana, ооба мен сиге кошулам, Кыргыз болгондон кийин Кыргызча тантыбай жакшынакай сулосо болмок, Бишкекте чонойуп орус мектепке барса эле Кыргыз тилинде ушунча начар суйлоп калганы ото ичти ачыштырат, "супер сулуу" наамына татыктуу экенсиз, мен сизге айтарым ак жол бирок кыргызча сулонуз!
27.12.2012. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол анда жүрүз гириздер үйго! 1:35 мин ))
27.12.2012. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеп жиберчу кыз екен.Кыргызча билбегени чатак екен даа.
27.12.2012. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сага ийгилик Гузел ойлогон ишин ишке ашсын
27.12.2012. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз Кыргыз калкы Озубуздун тилибиз, салтыбыз менен Кыргызбыз!!!
28.12.2012. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат,кыргыздын нукура сулуу кызы экен!Жонокойлугу,келечекке пландары анан гардеробу жакты.ИЙГИЛИК сага!Суйлогондо кээ бир тамгалар кичине башкача айтылат экен,логопедге барса жардам берет болуш керек.
28.12.2012. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызча билбесе да мен алмакмында .озум уйротуп коём:-)жана супер инфо мага дале ушундай сулуу кыз таап берсениздер жакшыы болмок@-}--
28.12.2012. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын!!!
алдын ала дайардаган да мындай суроо берилет сен мындай жооп бер деп жада калса жаттатып да койгон болуш керек. Кыргыз тилин билбесе билбейм дейт да. намыстандым ыйладым деп атат ко. Ийгилик каалайм тилди жакшы уйрон эми синдим ийгилик. сулуу кыз экенсин сулуулугунду туура жолдо колдонуунду каалайм.
Бактын да сулуу болсун
28.12.2012. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каранын сулуусуго
29.12.2012. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз болуп туруп эмнеге кыргызча билбейт, орусча суйлоп орусияга барып мис россии дегенге катыш
29.12.2012. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульназды женсе керек деген элем ЖАЛЬ
29.12.2012. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сулуу кыз экен.
29.12.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
женишин кут болсун! Жылдызы тогулгон кыргыздын кызы эле коруносун бирок эне-тилибизди билбегенин окшошпой калыптыр!
30.12.2012. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында аябай татынакай,аябай назик кыз экен.Мурунку биринчиликти алган кыздардан да сулуу экен.Эжеси да сулуу экен озуно окшоп,бактылуу бол,ойлогон ой-максаттарын ишке ашсын.Азаматсын ушунча баары орус тилде окуп журуп,кыргызча да жакшы эле суйлойт экенсин!
31.12.2012. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа,татынакай кыз экен.
SUPER.KG видео
07.02.2013. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мандайынан нуру жанган кыз экен бактылуу бол мотурайган ананайын
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо