ХҮРРЕМДИН РОЛУ ҮЧҮН ТҮРКИЯГА КӨЧҮП КЕЛГЕН МЕРЙЕМ УЗЕРЛИ

№529 21-27-Декабрь, 2012-ж

Учурдун эң популярдуу түрк сериалдарынын бири – «Даңазалуу кылым». Андагы Сулейман султандын сүйүктүү жары, кумарлуу Хүрремдин ролун аткарган актриса Мерйем Узерлинин жеке жашоосу, тасмага кандайча тартылып калгандыгы тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Толук аты-жөнү – Мерйем Сахра Узерли
Бою – 172 см
Салмагы – 60 кг
Сүйүп жегени – Күрүч пудинги
Жакшы көргөн жаныбары – Ит
Билген тилдери – Немис, англис, түрк
Спорттун – Сууда сүзүү, футбол, бадминтон түрлөрүнө кызыгат

БАШКЫ РОЛГО ЖЕТПЕЙ ДЕПРЕССИЯ БОЛГОН
Мерйем Узерли 1983-жылы 12-августта Германиянын Кассель шаарында төрөлүп өскөн. Атасы Хусейн Узерлинин улуту түрк, энеси Урсула Узерли немис кызы. Апасынын биринчи никесинен эки агасы жана бир эжеси бар. Бул үй-бүлөнү үлгүлүү деп айтууга болбойт эле. Анткени Мерйемдин эне-атасы эчак эле эки ажырым жолго түшүп, ал эми агалары Европанын ар кайсы шаарларында көчүп-конуп жашашат. Эжеси менен гана байма-бай катышып турганын айтпаганда, калган бир туугандары менен керектүү учурда гана кабар алышып турарын актриса жашырбайт.
Мерйем искусство адамы болууга эч качан умтулбаганын айтат. Анан да бала кезинде актрисалык жөндөмү, таланты байкалган эмес экен. Бирок ал орто мектепти аяктап, университетке тапшырууга келгенде эмнегедир өзүн келечекте искусство жаатында көргүсү келип, Гамбургдагы актёрлук окуу жайга тапшырууну чечет. Үч жыл билим алгандан кийин өз өнөрүн сынап көрмөккө театрга ишке орношкон. Бирок ал жактагы иши өзү ойлогондой чыкпай, дайыма экинчи пландагы ролдорду гана аткарганы болбосо, баш каарманды ойноого сунуш алган эмес. Мындан улам актрисанын бир нече убакыт депрессия абалында жүргөнү айтылат.

«ХҮРРЕМ БОЛУУ ҮЧҮН ТҮРК ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮГӨ ТУУРА КЕЛДИ»
Ошондой күндөрдүн биринде театрда чогуу иштеген кесиптеши Мерйемге Түркияда атактуу Сулейман султан тууралуу «Даңазалуу кылым» деген сериал тартыла баштаганын айтып, тасмадагы Хүрремдин ролун ойноо үчүн кастингге катышып көрүүнү сунуш кылат. Мерйем көпкө ойлонгон соң сунушту кабыл алып, Түркияны көздөй сапар тартат. Алыстан ат арытып келгени жөн эмес окшойт, аталган ролду ойноо мага буйруйт деп актриса ишенбесе дагы ийгилик жылмайып, миңдеген атаандаш кыздарды артка таштап, сынактан өтүп кетет. Кызыгы, Мерйем түркчө бир дагы сөз билбегендиктен, тартуучу топту көп эле азапка салган. Мунун айынан бир диалогду бир-эки айлап жаттаган күндөрү болгон. Анан да түрк элинин тарыхынан кабары жок болгондуктан, Хүрремдин образын жаратууда бир топ эле кыйналган.
«Мен чыныгы жашоодо Хүрремге карама-каршы адам экенмин. Ал абдан куу, акылдуу, өжөр, ар бир нерсеге кылдаттык менен мамиле кылган айым болсо, мен тескерисинче, ишенчээк, назик, бир маселени чечүүдө токсон толгоном. Баарынан да тилди, тарыхты билбегениң чоң трагедия экен. Булардан кабарым жок туруп тарыхый инсандын ролун жеткиликтүү жаратуу, чынында, кыйынга турду. Мынчалык чоң долбоордо иштеп жаткандан кийин жоопкерчиликти да сезе билүү керек эмеспи. Андыктан түндө уктабай жатып болсо да түркчө үйрөнүп, тарыхый китептерди окууга туура келди»,- дейт актриса өзү берген маегинде. Атайын кино үчүн, өмүрүнүн кызыктуу көз ирмемдери калган Германиядан Түркияга көчүп келүүгө аргасыз болгон. Буга чейин бир канча фильмдерде роль жаратса да, анын атагы ушул тасмадан улам чыкканы талашсыз.

МЕРЙЕМ НИКЕ ШАКЕКТҮҮ БОЛДУ
Бой десең бой, сулуу келбетке, кайталангыс харизмага ээ Мерйем Узерлинин жеке жашоосу аталган сериалдан кийин көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты. Мындан алты жыл мурунку германиялык түрк жигити экөөнүн ортосундагы мамилелер тууралуу Мерйем: «Анын улуту түрк болгону менен, Германияда өсүп-чоңойгон. Биз алты жыл сүйлөштүк. Бул абдан көп убакыт. Бирок ал жигит экөөбүз чогуу эс алган сүрөттөрдү журналисттерге сатып акча жасап, мени абдан таң калтырды. Акыры ал адам менен мамилени үзүүгө туура келди»,- дейт.
«Даңазалуу кылымдан» кийин Мерйемдин жылдызы жанып, көптөгөн күйөрман топтоого жетишти. Ал эле эмес, жеке жашоосунда да бурулуш жасап, Жан Атеш аттуу мырза менен мамиле куруп жүргөнү тууралуу сөздөр бар. Жан менен Мерйем ресторанда чогуу тамактанып чыгып келе жатышканда журналисттер актрисанын колундагы шакекти көрүп калышат. Бирок «бул шакек Жан Атештин белегиби?» деген журналисттердин суроосун актриса жоопсуз калтырган боюнча кетип калат. Маалыматтарга караганда, Жан Атеш жаш актрисага үйлөнүү сунушун киргизип, ал макулдугун бергени айтылып жүрөт.

Асел Асанова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
24.12.2012. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер сериал!!!! мен сериал корсо, ошол сериал менен жашап алгандардан эмес элем, сериалдарды жактырчу эмесмин .Бирок бул сериал аябай жакты.. Бутсо кайра башынан кором
24.12.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул сериал менен мен жашап бирок хурремди жаман коруп келем ,ырчыны аялым дебе дегендей халит эргенч менен да кандайдыр бир бйланышы болот да баары бир
24.12.2012. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хюррем кыйын айым,азамат!!!
24.12.2012. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хюррем, Валиде жагат. Махидевран бесит. Хатидже экоо
24.12.2012. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер сериал,супер актриса.
24.12.2012. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сулуу кыз жана таланттуу актриса .Ийгилик
25.12.2012. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аай МЕРЙЕМ УЗЕРЛИ жаман калжоо аял го юутубеден коруп жакпай калган. Мне больше нравиться НУР и СЕЛМА и ФЕЛИЗ.
25.12.2012. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу аял
26.12.2012. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир дагы сериясын калтырбай кором жаны сериясын чыдамсыздык менен кутом турк кинолору эн турмушка керектуу жакшы тартылат
26.12.2012. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин суйуктуу сериальм оло жагатта мага Хуремдин рольу
26.12.2012. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы ооруйм ушул сериал менен,эптеп убакыт таап коргонго аракет,
27.12.2012. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинодогу хуррем жакпайт, а озу болсо соз жок сулуу айым
29.12.2012. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Хюррем жонундо тарыхий кандай китептер бар билип берменер жакшы болмок
20.05.2013. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин кумирим десем да болот!аябай жагат мимикалары,жинденгени...жакшы аткарган чынында эле,уккам бир падыша сериалдын каармандарынын баарын чакырып,эркектерине кымбат баалуу саат а Хюрремге асыл таштар менен жасалган шакек белекке берген деп.Сериалды болсо калтырбай кором,турк тарыхчылары нааразы болсо дагы коптогон мамлекеттерде корсотулот,тарыхка жаны идея кошуп коюу бул деле искусство да, интернеттен "смерть Хюррем"деген роликти коруп алып аябай ыйлагам...((
20.02.2014. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада бул сериаль жагат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо