«КЕНЖЕ ДҮЙШЕЕВА «ЖЕБЕ» ТОБУНАН КИЙИН «ИЧПЕ» ТОБУН АЧТЫ :)»

№529 21-27-Декабрь, 2012-ж

«ТАМАШОУГО» ШААР МЭРИ ИСА ӨМҮРКУЛОВ ДА КЕЛДИ
Жыл жаңырар алдында жалпы журтка жагымдуу жаңы жылдык белек кылып «Тамашоу» Лигасы Астанада өткөн Эл аралык КВН союзунун Орто Азия Лигасында баш байгени багынтып келишкени баарыбызга маалым. Аны менен кошо 13-14-декабрь күндөрү «Тамашоу» Жогорку Лигасынын чейрек финалы болуп, Спорт Ордосунда боорду эзген күлкүгө, куйкум тамашаларга күбө болгон эл кыраан-каткырыкка түшүп, сырттагы аязды да унутуп калышты. Эки күнгө созулган оюнга Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов келип, «Тамашоуну» ийгиликтери менен жылуу куттуктап, оюнду көрүп кайтты.
Кошумчалай кетсек, «Тамашоу» долбоору кайрымдуулук иштерин да четте калтырбай, Панфилов районундагы жетим балдар жатак-мектебинин балдарын эки күндүк оюнга конок катары чакырып, белек-бечкектер менен узатышты.
Оюндун жүрүшү тууралуу айтсак, 1-күнү «No name» командасы оригиналдуу оюндары менен айырмаланышса, 2-күнү «Моника Беллуччи» командасынын тамашалары мыкты болду. Жалпысынан бардык оюнчулардын мыкты даярдык менен келгени көрүнүп турду. Жарым финалда эми «Тамадалар», «No name», «Ак кеме», «Бишкек», «Ысык-Көл», «Позитив», «Моника Беллуччи», «Ак-Өргө city», «KG 77», «КГБ», «Nutstan», «УКГ №5» командалары ат салышмай болушту. Жарым финалга өткөн командаларга ийгилик каалап, кезекти алардын тамашаларына берсек.

Cамат сүйлөшкөн кызы менен урушуп кетип минтип ырдаган:
Жазгүл сөктү эч басылбай!
Биз келаттык калч-калч болуп...

«Сити»

Кенже Дүйшеева «Жебе» тобунан кийин «Ичпе» тобун ачты...
Нарында милиция бөлүмү менен эчки сарай бир жайгашкан...

«5+1»

Аваз Акимовдун 40 жашка чыккандагы ыры:
Сулуу, сулуу, сулуу Айшакан,
Чыгасың сен майкачан.
Карап калат элдин баары,
Чыгар менен сен чайпасаң...

Нарындыктардын ыры:
Аруузатым, ай чырагым, аппагым,
Мен сени талаа жактан тапканмын.
Бутуңда а жүргөн экен кыпчылып,
Тээ качанкы бир мен жоготкон капканым...

«Талас»

«Сүйүү жазы» деген ырга пародия. «Чет өлкөдөгү саясатчынын арманы»:
Адашып мен өзүмдү калдым таппай,
Ак үйгө да батпай, Көк үйгө да батпай.
Жүрө берсем болмок экен мен качпай,
Бүгүн да капаландым...

«Кыздарга тиешеси жок ыр»:
Басканы сонун уйлардай,
Биздин Ала-Тоонун,
Ай-ий, оо-ий, уйлары, ай...

Каныкейдин «Кара чаң» ырына пародия. «Сары баланын арманы»:
Каралар көп үй-бүлөмдө,
Мен эле сапсары.
Кошуна байке атамдан токмок жейт,
Анткени ал сапсары...

«Позитив»


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
24.12.2012. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамашоу силерге ийгилик. Азаматсынар!
24.12.2012. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КГБ командасы ийгилик!
26.12.2012. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык! Мэр озу келип белек бергени жакшы болуптур. Ушундай кыргыз юморун онуктургон жаштарга дагы кобуроок колдоо корсотсо жакшы болмок...
26.12.2012. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар!!!
09.01.2013. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз Позитиффбиз ПОЗИТИФФ.... Позитив деп жаза беришет...
18.07.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматтсынар алгааааааааааааааааааааа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо