№529 21-27-Декабрь, 2012-ж
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Сельхоз айылында бир үй-бүлө иске ууланып, 75 жаштагы үй ээси, анын 58 жаштагы жубайы, 26 жаштагы кызы, 21 жаштагы уулу жана 7-класста окуган небереси ооруканага келип түшүшкөн. Алар үй жылытууда темир меш колдонушкан. Үйдү мындай жол менен жылытууда күйгөн отундун жана көмүрдүн түтүнүн чыгара турган жери жок болуп, истин баары үйгө чыгып кетет. Натыйжада алар ууланып, үй ээсинин жубайы ооруканадан каза тапкан.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |