Айида Туташева, жаш калемгер:«КӨЛГӨ СУКТАНЫП АҢГЕМЕ ЖАЗГАМ»

№529 21-27-Декабрь, 2012-ж

Өспүрүм кыз жомок жазып, ал эле эмес, аны китеп кылып чыгарганга үлгүрүптүр. Бул куракта жазуучулукка белсенип киришкени, албетте, колдоого арзырлык. Ал 8 жашынан ыр жазып баштаган. Айида учурда 9-класста окуйт.

– Салам, Айида. Жазуучулук сенин оюңча кандай кесип? Оордугуна чыдайсыңбы?
– Саламатсызбы? 8 жашымда ыр жазып баштагам. Үйдө эң кичүүсү болгонумабы же шыгымды байкайбы, айтор, атам менден көптү үмүт кылат. Мени кичинемден «журналист болосуң, сени журналист кылам» дей берчү. Алгач ырларды жазып жүрдүм, кийин кара сөзгө өттүм. Бара-бара дептерге бир окуяларды чиймелеп коюп жүрүп, жыйынтыгында жомок жаза баштадым. Кийин китеп чыгардым.

– Эми дагы китеп чыгарайын деген оюң барбы?
– Биринчи жомок китебим жарыкка чыккандан кийин дагы да кызыга баштадым. Азыркы учурда аңгемелеримди жазып даярдап жүрөм, буюрса, аны да китеп кылып чыгарсам дейм. Башында жаныбарлар жөнүндө жазганды жактырчумун. Былтыр Ысык-Көлгө барганда көлдү көрүп аябай таасирлендим, толкундун сулуулугу, айтор, баары жакты. Ошондон шыктанып көл жөнүндө аңгеме жаздым.

– Кайсы жазуучу, акындарды баалайсың?
– Чыңгыз Айтматовдун, Алыкул Осмоновдун чыгармаларын жакшы көрөм.

– Чыгармалардын сюжетин кайдан аласың?
– Мен эле эмес, бардык жазуучулар турмуштан көргөн-билгенин, сезгенин жазышат го. Мен дагы адамдардын жасаган иштеринен таасирленем, алардын бири-бирине жасаган мамилесинен улам жомокко камтылчу окуялар келип чыгат. Орусияда жүрүп, ошондон таасирленип аңгеме жазгам.

– Мектепте сенин чыгармачылыгыңа кандай карашат?
– Китебимди чыгаргандан кийин мектептеги мугалимдер, директорубуз мага диплом жана акчалай сыйлык беришкен. Ал эми классташтарым болсо мени сыйлап турушат. Алар да ошондо мага жардам катары акча жыйнап беришкен (күлүп). Бир жолу бир кошунабыз облустук телерадио компаниясында таланттар сынагы өтүп жатканын кабарлап калды. Мени атам жетелеп алып барды ал жакка. «Алтын балалык» деген аталыштагы ал сынакка жомокторумду, ырларымды окуп берип, ырдап, бийлеп катышкам. Ал сынакка лауреат болуу менен биргеликте алып баруучу да болгом. Башында бир аз сүрдөп жаттым, анан көнүп кеттим.

– Келечектеги максатың менен бөлүшө кетсең...
– Келечекте улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдой, залкар акын Алыкул Осмоновдой болсом деген тилегим бар. Мектепти жакшы окуп бүтүрүп, журналисттик кесиптин ээси болсом дейм. Анан атам менен апамдын, бир туугандарымдын ишенген, сыймыктанар адамы болууга аракеттенем.

Калемиң курчуй берсин.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
24.12.2012. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш болсо да ушунча ийгиликке жетиптир азамат!Кыргыздын экинчи Ч.Айтматову бол(ой не деп койдум)
27.12.2012. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kurbanalieva1991, Bee dep koidun!
28.12.2012. 05:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur_meerim, кулдурдун го ха.ха.ха
24.12.2012. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айида азаматсын оркунун оссун.Калемин курчуй берсин.Сен кумир туткан аталарын колдосун.Кыргызымдан да сага окшогон чыгаан кыздары коп болсун!
24.12.2012. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец
25.12.2012. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аийда тилегине жет баары аллаанын жардамы менен
25.12.2012. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kalemin kurchui bersin
26.12.2012. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын карындашым,калемин курчуп кыргыз элине таанымал жазуучулардан бол. Жолун ачык болсун!
26.12.2012. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын нукра кыргыз кыз
26.12.2012. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоскоолдуктарга карабай алдыга умтула бер ийгилик сага!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо