Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КЫРГЫЗДЫН БЫЧАГЫН ЭЛГЕ ЖАЙЫЛТКЫМ КЕЛЕТ»

№529 21-27-Декабрь, 2012-ж

Талас районунун Орто-Арык айылындагы ээр чаап, бычак жасаган Канайбек Сартбаев аксакалдын үйүнө барганыбызда уста тирилик менен алектенип, үндүк жайып кеткен экен. Эшик алдындагы тал-теректердин дүмүрүнөн куралган айкелдер арбайып-тарбайып бири жыланды, дагы бири кайсы бир жаныбарды элестетет. Уста келгенде кызыктуу кепке кирдик.

– Сизди көп өнөр­дүн ээси катары уктук эле...
– Ооба, дат баспаган темирден бычак, кылыч жасайм. Өрүктөн комуз, ал эми кара талдан, бака теректен ээр чабам.

– Дат баспаган темирди кайдан аласыз?
– Базарлардан сатып алам. Кээде туугандар барган жерлеринен көрүп калышса, «Канайбекке керек» деп ала келишет. Мисалы, Токмоктун, Оштун базарынан ала келип берген учурлар болгон.

– Бычак, кылычты сатуу үчүн жасайсызбы?
– Аларды сувенир катары да, күнүмдүк тиричиликте буюм катары да колдонсо болот. Жасап бүтөрүм менен эле ээси чыгып калат. Мисалы, туугандардын биринин мааракеси же бешик той дегендей. Анан ал жерге белек катары алып жөнөп калам. Атайын келип сатып алгандар да бар. Мындай бычак көчмөн кыргыздардын жашоосунда чоң ролго ээ болгон. Айтсам, мал сойгонго, малдын терисин жирегенге өтө ылайыктуу.

– Бул бычактын сабы мүйүз­дөн экен. Эмненин мүйүзү?
– Сайгактын мүйүзү. Аны элден сураштырып сатып алам.

– Кылыч да жасап жаткан экенсиз...
– Ооба. Аны үйгө илгенге сувенир катары эле жасап жатам.

– Бир бычак, кылычты канча күндө жасап бүтүрөсүз?
– Кылыч 15 күндө, бычак 1 аптада жасалат. Баасына келсек, сата элекмин, алгандар көңүлүнөн чыгарып мал ыроолошот. Чоң ээр бир кой, кичинеси бир козу болот.

Кесибиңиз сү­рөт­чү экен, тарткан сү­рөттөрүңүз да бардыр...
– Алардын саны бир топ. Убагында Бишкектеги Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөм. Тарткан эмгектеримди Бишкекте, Таласта өткөн көркөм сүрөт көргөзмөлөрүнө койчумун. Айрымдарын ошол эле жерден сатып алгандар көп болду. Кийин сүрөттөрүмдүн 20дан ашыгы жоголуп кетти.

– Азыр да сүрөт тартасызбы?
– Көп тартпасаң, кол катып калат экен. Кээде гана кыл калем кармабасам, атайын тартпай калдым.

– Дүмүрлөрдөн да сувенир жасай коёт турбайсызбы?
– Үндүк, мал жайып токойго барганда башкасы болбосо да, ушул дүмүрлөрдөн такыр кыя өт­пөйм. Бир нерселердин кейпин элестеткен дүмүрлөр болсо үйгө ала келип, ашыкчаларын кыркып, анан лактап койсоң, бири жыланга, дагы бири башка жаныбарга окшоп чыга келет.

– Өнөрүңүздү балда­ры­ңыз­дан да улай тургандары барбы?
– Азиз деген балам ат жабдыктарын: тердик, үзөңгү, желдик, басмайыл дегендерди жасап жүрөт. Ушул балам жолумду жолдойт окшоп калды.

Үйгө кирип устанын тарткан сүрөттөрүн көрүп чыктык. Көрсө, уста кыргыз та­ры­хына, салт-санаасына кызыгып, тарыхый баатырлар­ды сүрөткө тартканды жактырат экен. Бөлмөдөгү эчки-текенин мүйүздөрүнө да көзүбүз түш­тү. Уста аларды элден сатып алып, үйүн кооздоо үчүн даярдап жаткан экен.

Канымжан Усупбекова
talas@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(5)
24.12.2012. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онорлуу олбойт деп ушуну айтса керек,аксакал чон атабыздын жасагандары козду суктандырат,колунан коору тогулгон устанын жолун жолдогондор кобойсун ылайым.
24.12.2012. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kurbanalieva1991 Айтканын келсин!!!!!
24.12.2012. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай сонун!Ден-соолугуз чын болсун!Иштеринизге ийгилик!
24.12.2012. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы жерлик бул абам
26.12.2012. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талас районунун Орто-Арык Айылынан Канайбек Сартбаев деп туратго окусан жакшылап.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо