Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

7 ДУБАНДА ЖАҢЫ ЖЫЛГА ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

№529 21-27-Декабрь, 2012-ж

Ошентип, бир жылды артка таштап, Жаңы жылга утурлап кирүүдөбүз. Кыргыз эли Жаңы жылга даярдыкты баштады. Кыргызстандын 7 дубанында Жаңы жылга
кандай даярдык көрүлүүдө? Кеп аймактагы кабарчыларыбызда болсун.

ЧҮЙДӨ...
Чү дегенде эле борборубуздан баштайлы дедик. Бишкекте расмий түрдө жаңы жылдык маанай 14-декабрда башталды. Ушул күнү өлкөнүн эң башкы балатысынын ачылышы болуп, шаар башчы Иса Өмүркулов жаңы жылдык майрамды баштап берди. «Ала-Тоо» аянтындагы башкы балатынын бийиктиги 23 метрди түзөт. Мындан сырткары Жогорку Кеңештин, мэриянын, Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдына, ичине 4 балаты орнотулду. «Ала-Тоо» аянты кооздолуп, Жаңы жылга карата 130 плакат, баннерлер чыгарылып, көчөлөргө илинди. Мэриядан көчөлөргө кооздук берүүчү 150 гирлянда орнотулуп бүткөнүн маалымдашты.
Баш калааны толугу менен кооздоп, негизги балатыларды орнотуу үчүн жалпысынан 4 миллион 200 миң сом сарпталыптыр. Шаар тургундары үчүн Жаңы жылга карата арзан баада азык-түлүк, белектерди, балатыларды сатып алуу үчүн жарманкелер уюштурулуп жатат. Ибраимов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде 28-31-декабрь аралыгында айыл чарба жарманкеси өтүп, шаардыктар арзан баада азык-түлүк сатып ала алышат. 26-декабрь күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда республиканын булуң-бурчунда эң мыкты окуган окуучулар үчүн балаты майрамы болот. Ал эми 27-декабрь күнү Иса Өмүркуловдун атынан 1500 бала үчүн кайрымдуулук балаты майрамы өткөрүлөт.

ЫСЫК КӨЛДӨ...
КРнын Ысык-Көл облусунун социалдык-мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Исакова Жаңы жылга даярдыктар боюнча төмөндөгүлөргө токтолду:
– Быйыл Жаңы жылга жакшы ниеттер менен даярдык көрүп жатабыз. Жаңы жылдык кечеге жергиликтүү бюджеттен 25 миң сом бөлүндү. Балаты майрамына
110 миң сом каражат бөлүнгөн. Учурда Каракол шаарында балатыны орнотуп койдук. Борбордук аянтка коюлган балатынын узундугу 11 метрди түзөт. 25-декабрда облустагы алдыңкы окуучуларды, социалдык жактан коргоого муктаж болгон балдарды бириктирип, жаңы жылдык балаты кечесине чакырдык.
120 бала бул мааракеге катышат. Ал эми 31-декабрда атайын иш-чара уюштурулуп, шаардык мэриядан, депутаттардан куттуктоо болот. Жаштардын көпчүлүк бөлүгү борбордук аянтка чогулгандыктан, концерттик программа, конкурстар, викториналар менен коштолот. Соңунда Каракол шаарында саат 23:00дө фейерверк аттырабыз.

БАТКЕНДЕ...
Баткен облусунун социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Алижан Абдыкалыков:
– Баткенде кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Окуучулар үчүн «Балаты-2013» жаңы жылдык майрамы 26-декабрда Баткен шаарында өткөрүлөт. Шаардын көчөлөрү, көчө боюндагы имараттар, мекеме, ишканалар жаңы жылдык жасалгалар менен кооздолду. Ал эми жаңы жылдык балаты жакында орнотулат.

ЖАЛАЛ-АБАДДА...
Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлзат Алимбаева жаңы жылдык даярдыктар боюнча буларды айтты:
– Жалал-Абад шаарында Жаңы жыл майрамына карата жергиликтүү бюджеттен 1 миллионго чукул акча каражаты каралды. Жасалгалоо иштерине 480 миң сом каражат бөлүндү. Бийиктиги 16 метрден узунураак болгон балаты борбордук аянтка орнотулат. Балдардын балаты майрамына жана борбордук аянтта өтүүчү майрамдык иш-чарага 312 миң сом акча бөлүндү.

ОШТО...
Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Жаңы жылга даярдык тууралуу төмөндөгүлөрдү баяндайт:
– Бийиктиги 26 метрди түзгөн балатыны жасалгалоо менен даярдык башталган. 20-декабрдан 31-декабрга чейин жаңы жылдык балатынын астында улуттук, классикалык музыка жаңырып турат. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үйлөрүнө шаар мэри Мелисбек Мырзакматовдун жаңы жылдык белектери жеткирилмекчи. 31-декабрда борбордук стадиондо жаңы жылдык концерт башталып, шаар жетекчилигинин куттуктоосу айтылат. Ош шаарынын тургундары фейерверктин атылышы менен Жаңы жылды тосуп алышат.

НАРЫНДА...
Нарын шаарынын борбордук «Теңир-Тоо» аянтына бийиктиги 13 метрге жеткен балаты орнотулуп, түрлүү оюнчуктар, гирляндалар, дюралайттар менен кооздолду. Нарын шаарынын Ленин, Шералиев, Раззаков көчөлөрүн кооздоп жасалгалоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 56000 сом акча каражаты бөлүнүп берилип, шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын эмгек жамааты тарабынан кооздоо иштери жүргүзүлүп жатат. Шаар ичин жаңы жылдык жасалгалоого 500 метр электрдик түркүн түстүү жарыктар сатылып алынды. Алардын 250 метри мекеме, ишканалардын сырттарын кооздоого кетсе, 250 метри көчөлөрдү көрктөндүрүүгө жумшалат.

ТАЛАСТА...
Талас шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Жаныбек Исраилов майрамдык даярдыктар боюнча төмөндөгүлөргө токтолуп өттү
:
– Жаңы жылга утурлай балдар үчүн 26-декабрда Атай Огонбаев атындагы музыкалык окуу жайда мэрдин жаңы жылдык балатысы өтөт. Концерттин алкагында ар бир бала 300 сомдун тегерегиндеги белекке ээ болот. 31-декабрда Талас шаарынын борбордук аянтында майрамдар да болот. Күндүз аркан тартмай, көздү таңып боксташуу, гиря көтөрмөй жана тогуз коргоол сыяктуу кызыктуу оюндар өтөт. Жаңы жылдык балаты орнотула элек, бирок орнотулат. 31-декабрь күнү кечинде саат 17:00дө жергиликтүү ырчылардын концерти элге тартууланат. 20:30да Өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева жана шаар башчысы Анарбек Кушубеков жалпы Талас элине куттуктоо сөздөрүн айтышмакчы.

«Супердин» сурак бурчу
БЫЙЫЛ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ТОСУУДА КАНДАЙ ӨЗГӨЧӨЛҮК БОЛОТ?

Иса Өмүркулов, Бишкек шаарынын мэри:
– Өзгөчөлүк катары быйыл Аяз аталардын парадын айтсак болот. Парад 31-декабрь күнү эртең менен саат 10:00дө «Ала-Тоо» аянтында башталып, мэриянын имаратынын жанында аяктайт. Ал жерден мен Аяз аталарга белек таратам. Аяз аталар кайра бөбөктөргө тапшырышат.

Мелисбек Мырзакматов, Ош шаарынын мэри:
– Учурда жаңы жылдык кечеге өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Шаар калкына майрамдык шарттарды, албетте, түзүп беребиз. Ал күнү биз иштейбиз, элибиз майрамдайт. Бардык мекемелер, шаардык транспорттук каттамдар өз графиги менен иш алып барат.

Ишенбек Өмүрканов, Каракол шаарынын мэри:
– Каракол шаарында 15-декабрдан баштап Жаңы жылга даярдануу иш-чаралары башталган. Биз Жаңы жылда кичинекейлерге балаты майрамын мыкты өткөзүүгө даярдык көрүп жатабыз. Өзгөчөлүк катары ушуну айтып кетсек болот.

Баатырбек Жээналиев, Нарын шаарынын мэри:
– Жаңы жылдык жасалгалоо иштерин аяктап калдык. Борбордук көчөбүз – Ленин көчөсүн башынан аягына чейин жарыктандырдык. Шаардагы кеңселердин баары кооздолуп, Жаңы жылга жасалгаланууда.

Бакытбек Адылов, Жалал-Абад шаарынын мэри:
– Балатыны Токтогул районунан алдырып, жаңы салынып бүткөн аянттагы фонтандын алдына орноттук, өзгөчөлүк ушул болчудай. Анын бийиктиги 16 метрден ашат. Андан тышкары шаардагы көчөлөрдү жасалгалоого өзгөчө көңүл бөлүүдөбүз.

Сейдакмат Эрматов, Баткен шаарынын мэри:
– Бул жылдын өзгөчөлүгү – шаардын негизги көчөлөрү жаңы жылдык жалтырак жарыктар менен кооздолот. Эң маанилүү өзгөчөлүк – 2013-жылды биз кар менен тосо тургандыгыбыз болуп турат. Баткенде Жаңы жылда кардын болушу сейрек көрүнүш.

Анарбек Кушубеков, Талас шаарынын мэри:
– Жаңы жылды тосууга жергиликтүү бюджеттен 191 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Азыркы убакта Талас шаарынын борбордук аянтына башка жылдардан айырмаланып, чоң балаты орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(119)
25.12.2012. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто жыл сайын балатыга озгочо конул болунуп, жасашат быйыл да сонун болуптур менимче бул адамдардын пейли бузуктугу эмес алардын ак конул, адамгерчиликтуулу
гунон кабар берет. Кээ бирлер муну коро албастан болунуп жарылышат
25.12.2012. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оштогу балатынын бийиктиги 23 м эмес 25,5м экен тактап койсонор мдерлер
25.12.2012. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
25.12.2012. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, 23м деп жазып коюптур го ?:
25.12.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы! Урматтуу Shekerbek, мен көрсөткөн шилтеме аркылуу кирип толук маалымат алсаңыз болот.
http://www.super.kg/kabar/?action=kabar_show&janylyk_id=5485
25.12.2012. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
otin, биринчи 23 метр болуп курулган. Кийин мэр Мелисбек Мырзакматовдун буйругу менен 26 метр болуп узарды.
25.12.2012. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто жасалган балаты сопсонун болуптур! Коз тийбесин онуго берсин жана башкалары да ушул денгээлге жетишсин демекчимин! Достор дагы бир айта кетчуу соз ушул жерде да тундук туштук болуп зачем кереги бар ынтымакта болгула демекчимин жаны жылды эн жакшы денгээлде откоргуло!
25.12.2012. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туугандар ушу RIOну ОШтук бироо катуу таарынтканго дейм, коп байкайм Ош ж-о макала болсо эле кеги бардай нааразычылыгын, маскарлоо создорун калтырат. элдер башка нерсени жазып атса жок жерден болунмойун баштаганго кайрадан
25.12.2012. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
altinim, жок Алтыным мен Ош тургай Кыргызстанга да аз барам!Болгону мен тескерисинче болунгондорду айтып жатам. Озунуз коруп жатасыз ар бири такап ОШ деп жатканын. Анан бул жерде мен куноолу болуп чыгамбы?!Мен негизсиз эч жазбайм. Максатым кыргыз тилин туура суйлоо,балким ошон учун сиз айткан коменттерим сиздер туура эмес суйлогондон келип чыккандыр.
25.12.2012. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Талас баарынарды тан калтырат коросунор,а мен Таластын татынакай балатысын силерге корсотууго бут аракетимди жумшайм!
26.12.2012. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мелис Мырзакматов Азамат,Патриот киши экен.ОШту тез арада ондотуп атат.Эгерде ал киши кийинки боло турган президенттик шайлоого кандитурасын кое турган болсо,мен кош колдоп колдойм!
26.12.2012. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
RIO эгер ката ойлосом кечирим сурайм бирок кимге эмне жакса ошону айтат да туурабы? форумда баары эмнени ойлогонун жазат сиз деле озунузго жакканын жазып койунуз да талашып тартышкандын эч кандай кажети деле жок бул жерде ош бишкек маанилуу эмес эн негизгиси Кыргызстан жакшы откоруп алсын майрамды
26.12.2012. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Мелис Мырзакматовко ыраазымын... ! жакшы иштейт Жана Элин ойлогон патриот! Коз тийбесин ! Ош Алга !
26.12.2012. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЧЫНДЫГЫНДА ОШтун балатысы сонун чыгыптыр.
26.12.2012. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Мырзакматов азамат Аллах колдосун бир гана Ошту эмес Кыргызстанды онуктурушуно тилектешмин.
26.12.2012. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
менимче бул макала мэрлердин ортосунда атаандаштык жаратты корунот.дегеним гезит чыгары менен Оштун мэри балатысын 3 метрге узартыптыр. Атаандаштыктан ийгилик жаралат деген ушул да! Ийгилик силерге мэрлер!
26.12.2012. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нарындын мери жарайсынар, балатынар коз жоосун алат го, чиркин. Шумдук кооз, жетекчинин жузу корунуп турат.
26.12.2012. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкекте балаты кулады, кыйшыйтып коюшкан го...

26.12.2012. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо азаматсынар Баткенге ошол гезитке чыгарган суротунорду илип койгула сураныч Баткендин Меринин жузун корсун эл учун иштебей эле оз чонтогуно иштегенин. Дагын мактанып коет кар бизде сейрек болот быйыл Жаны-Жылды кар менен тособуз деп. Былтыры да болгон кар.
27.12.2012. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ туугандар Баткендин балатысын гезитке чыккандан кийин 1 кундон кийин чуркап борбордук аянка барсам жасап коюшуптур. Азыр соонун болуп коздун жоосун алат.
27.12.2012. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media рахмат кордум....
27.12.2012. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер инфонун жамааты силер маалыматты туура эмес берипсинер.Чындыгында ОШ шаарынын балатысы 23метр эмес 26метр,Бишкектин елкасынан 3метрге бийик.Маалыматты туура тактап жазсанар! Бекболот, Нооруз,Мирлан!!!!
27.12.2012. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirba_91,
Саламатсызбы! Биринчи 23 метр болуп курулган. Кийин мэр Мелисбек Мырзакматовдун буйругу менен 26 метр болуп узартылгандыгы боюнча бул шилтеме аркылуу кирип окуп алсаңыз болот.
http://www.super.kg/kabar/?action=kabar_show&janylyk_id=5485
27.12.2012. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жер-жерлерде адамдардын пейили БаЛаТыНыН бийиктиги менен олчонбойт!
27.12.2012. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштуку сонун экен!
27.12.2012. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштун балатысы эн сонун!
27.12.2012. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оштун балатысы чындыгында кооз экен бишкектин балатысын балаты орнотуучулар шалаакылык мамиле кылгансыйтАл Эми Баткендин мерине 5упай катуу иштеп жаткан окшойт.анан айта кетчуу нерсе болунбойлу туугандар болунбойлу .кыргызстанды онуктуруу биздин колубузда..болунгонду борту жейт.
28.12.2012. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрматов байке елканы кийиндирип койсонуздар тонус калбасын:D
28.12.2012. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
м ооба ооба сокур козуно, оксук озуно алат деп таамай айтылганда. Биз Оштун балатысы сонун экен десек кээ бирлер неге мынча куйуп бышып башкача ойлошуп алат тушунбойсун
28.12.2012. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балатысын коруп ,кандай мээр экендигин бил деген макал болуп калыптыр.Борбордо жаны жыл алдында болсо балаты кулап,газ ,свет жок болуп,ушу бироолор жакшы жуунбай журобу дейм.
28.12.2012. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштун балатысы жакты, соонун! Баткендики арыыкго, такой смешнооой.)).
29.12.2012. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баардык балатылар соонун экен
30.12.2012. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкектеги балатыга коз тийдиби дейм сулайып калыптыр,Баткендегинен бетер уят кылыптыр.
30.12.2012. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкектеги балаты Баткендегинен бетер уят кылыптыр
30.12.2012. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош шаарындагы балаты эн мыкты экен.Мелис Мырзакматовго ыраазычылык!
05.01.2013. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
супер инфо гезити эмне учун гезитке чыгарганда жалан Ош жонундо тетири жазылгандарды чыгаргансыздар?Супер инфо тегиз болсонор.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо