Кенже Дүйшеева:«АЙРЫМДАРДА ЖОК ҮЙ-БҮЛӨМ, КЫЗЫМ БАР – ОШОЛ МЕНИН БАКТЫМ»

№529 21-27-Декабрь, 2012-ж

Кенже Дүйшееваны биз тартипти бек кармаган, эркек мүнөз айым катары тааныйбыз. Кандай гана кыйынчылык башына түшпөсүн мүдүрүлбөй, жадакалса «Жебе» аттуу балдардан түзүлгөн топ түзүп, ийгиликтүү иштеп келет. Кенже айым бизге жашоодогу оош-кыйыштар жана үй-бүлөсү тууралуу сыр бөлүштү.

«АПАМ БЕТКЕ АЙТКАНЫҢДЫ КОЙ ДЕП КӨП АЙТЧУ»
– Апам мени «төрөлгөн күндөн баштап өзгөчө болдуң» деп айтчу. Эң биринчи өзгөчөлүгүм, айына жетпей, 7 айлык болуп ара төрөлгөнүмдө. Мага чейин үч эжем удаа төрөлгөндүктөн, баары эле «жети балаңды жакшылап багып албайсыңбы?» деп каршы чыгышыптыр. Апам да элдин сөзүн угуп, көпкө чейин «алдырып эле салсамбы?» деп эки анжы ойдо жүргөн экен. Бир тууган агам жарыкка келгенимде жактырбай, «кызды жаман көрөм» деп мени жериптир. Ошого күлүп калам, мен «не желанный» бала болуптурмун да деп.
Таятам аскер адамы болгон экен. «Бетке ачык айтып, адилеттүүлүктү жактаган киши эле» дешет. Ошол сапаты айрымдарга жакпай калганбы, 35 жашында ууландырып өлтүрүп коюшкан экен. 7 жашында атасынан айрылып калган апам мен үчүн да корко берчү. Анткени менин өжөрлүк, бетке айткан сапатым таятамдан калыптыр. Апам өлөргө жакын мени чакырып, «мен сени эч нерсени туура эмес кылдың деп айтпайм. Болгону бир нерсени суранам, бетке сүйлөгөнүңдү токтотуп эле койчу, балам. Жашоо чындыкты сүйбөйт» деп айтты эле.

«ӨТКӨН КҮНДӨРДҮ ЭСТЕГИМ КЕЛБЕЙТ»
– Чыгармачылык майданында жүргөн жылдары көп жакшы-жаман нерселерге тушуктум. Капа болгон, көңүл чөккөн, чарчаган, кубанган күндөр өттү. Мен тууралуу көп сөздөр гезит беттерине чыгып жатты. Азыр ал күндөргө кайрылып, эстегим келбейт. Андай жагымсыз, көңүл кирдеткен кеп-сөздөрдү эски тема катары өзүм үчүн жаап салдым. Эгер чыгармачылыкта баскан жолуң түз, эмгегиң ак болсо, Кудай баарын өз жолуна коёт. Ошондуктан Жараткан мени эч нерседен кем кылган жок.
Турмушка чыгып, Алматыда бир жылча ырдабай отуруп калганда аябай буулуктум. Жолдошум да «ырдайсың» деп бир ооз айткан эмес. Ошондуктан «эми ырчылыкты жыйыштырып, жаңы жашоо баштайт экем да» деп ойлодум. А бирок акыры минтип кайра шоу-бизнеске аралашып калдым. Чыгармачылыкка өтө этият мамиле кылуу керек. Антпесең, бат эле элден четтеп, түртүлүп калышың же болбосо такыр эле жок болуп кетишиң мүмкүн. Биз жакшыны жакшы дегенди үйрөнө билишибиз зарыл. Бар нерсени бардай, түз айтуу жактан бир аз аксап тургандайбыз. Же биздин ичибиз тарбы, көрө албайбызбы же дүйнө тарып кеттиби?..

«ТУРМУШКА ЧЫККАНДАН КИЙИН КАДИМКИДЕЙ ӨЗГӨРДҮМ»
– Адам өзүн сүйүп, өзүнө убакыт бөлө билиш керек экен. Мен жаштык кезде түйшүктүн үстүндө эле жүрө берип, өзүмдү унутуп калган экенмин. Турмушка чыккандан кийин өзүм, үй-бүлөм үчүн жашап, кадимкидей өзгөрдүм, мурункудай агрессия жоголду. Эне болгондо башкача бир сезимдер жан дүйнөмдү ээлеп, мурунку Кенже такыр өзгөрдү. Мурун ар бир иш өз убагында аткарылбаса, ачууланып кетчүмүн. Азыр андай сапатым калды көрүнөт. Анан да позитивдүү адаммын. Бүгүн эки саат кайгырсам, үчүнчү саатта кайра баарын унутуп калам. Маанайымды көтөргөн биринчи өжөрлүгүм болсо, экинчиси анча-мынчалар зар болуп жүргөн нерсе – кызым, жолдошум бар – ошол менин бактым. Эгер жолдошум «андай эмес, мындай» дей берсе, жүдөп кетет болушум керек эле.
Мен оңойлук менен бир нерсеге баш ийбеген адаммын, аны жакшы билем. Бул жаатта жолдошум акылдуулук кылып коёт. Ага башында сөз бергем, «үйгө да, чыгармачылыкка да жетишем» деп. Азыркыга чейин сөзүмдү бек сактап, баарына үлгүрүп келем.
Кызыбыз Томиристи атасы тамашалап күлүп калат, «мамасынан го» деп. Анткени анын да мага окшогон өзүнүкүн бербеген өжөрлүгү бар. Мен пол жуусам, чуркап келип колуна илинген нерсени алып пол жууйт, китеп-журналдарды эле чогулта берет. Кайненем экөө отуруп алып кыңылдап ырдап калышат.

«КЫЗЫМ МЕНИ КУЧАКТАП ТОСУП АЛАТ»
– Балалык кезди көп сагынам. Үйгө келсең тамагың даяр, эркелеткен ата-энең, бир туугандарың жаныңда. Окуучу кезимде мектептен келип эле апамды катуу кучактап калчумун. Азыр кызым мени ошентип тосуп алат. Мындан өткөн бакыт жок.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg
(Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)


Кенже Дүйшеева: "Жакшыны жакшы деп айтыш биз үчүн трагедия!"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(62)
24.12.2012. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула кармашкан колунар узулбосун кыргыздар кобое берсин баары бактылуу болсун кенже эжедей суйунуп журолу
24.12.2012. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогоруда айтылган конул кирдеткен,откон кундорду эстебей койгонунуз эн туура!Убакыт-тараза.Дагы эле таразалап буто элек...Ишинизге ийгилик,бактылуу болуп журо бериниз.
SUPER.KG видео
24.12.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нукура Кыргыз айым эмгегинизге таазим, бар болун!!! Суйлогон создорунуз маанилуу жана таасирлуу. Бактылуу болун.
24.12.2012. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге уй-булолук бакыт каалайм,чыгармачылыгынызга ийгилик.Ар тараптуу экенсиз,улгу болуп журо берин.
24.12.2012. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көз тийбесин!бактың өзүңө кут болсун!
SUPER.KG видео
24.12.2012. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эже сизге аял затына керектуу баардык бактылуулукту каалайм !!!
24.12.2012. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы мынча ширииин,КЕНЖЕ эже ийгилик сизге!
24.12.2012. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
...кайненемдин день рождениясы, ... а кызымдын туулган күнү де ))) Кут болсун! Бар болгула!
24.12.2012. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
омеей не болуп кийинип алган???????????
25.12.2012. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кенже жакбайт мага чынында
25.12.2012. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyzymdyn KEBETESI degen soz bir az grubyi ugulat eken,on kelbeti dese tuura bol4udaiby.
SUPER.KG видео
25.12.2012. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат айым озгондун орт кызы,ишинизге ийгилик,уй-булоолук бакыт сизге
25.12.2012. 04:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chyn ele kyzy atasyna oksh0it eken! baktyluu b0lunuzdar!!!
SUPER.KG видео
25.12.2012. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Жакшыны жакшы деп айтыш" - тааныш создор!
25.12.2012. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай мактанчаак ушул ырчы мактангандын даагы чеги болотко мактоо бир кана АЛЛАГА кана жарашат
26.12.2012. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бурчка олтуруп алыптыргоо Ийгилик каалайм!!!
26.12.2012. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айрымдарда жок бакыт менде бар деп бир аз орой айтылган жокпу.кыргыздын бардык кыздары бактылуу болушсун.кенже деле эл катары да.мактанбай ыраазычылык кылыш керек
26.12.2012. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анжеликанын эки кызы бар.Неля уул тороду.башкасын айтпай эле койоюн.бактылуу болушсун.кенже да бир кызы менен бактылуу болсун.
27.12.2012. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat., туптуура...
SUPER.KG видео
26.12.2012. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne bolup kyinip algan kochodo jurgon guligandardai bolup.
27.12.2012. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyngyz_0489, maktan4aak m.n maktoonun airymasy asman m.n jerdei go?! Mne dep jazyp koigonsun? Kenje aman ele bolsun, kyiyndygynan jurot da uwintip...
27.12.2012. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кенже айым эн мыкты акылдуу айым, акылдуу адам мактанса ал адамда ошол нерсе бар дегендик. Биз озу сындаганды эле билебис, сынчынын сынар отугу майрык дечу беле ))) Унунуз мага абдан жагат, жездешага "повезло". Кызыныз да абдан татынакай экен, бактылуу, омурлуу болсун. Негизи айтып коюшат экен исламда "Перзент - бул АЛЛАХтын белеги"-деп.АЛЛАХтын суйгон адамы болуп, жездеша экоонуздор аман болунуздар. Баардык жерде ийгилик болсун силерге!!!
27.12.2012. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз.
27.12.2012. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болунуз кенже эже
SUPER.KG видео
27.12.2012. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
30.12.2012. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыйынды адамды, кыйын деш керек! Ийгилик сизге Кенже эже!
30.12.2012. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анда мен айтып койойун сиз кыйынсыз,чынында кыйынсыз.
02.01.2013. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кенже сени суйом.
06.01.2013. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз-буракты кыз бурак кылган Кенже айым эле.ийгилик кызыныз милашка шип ширин экен.(коз тийбесин) азыркы кыз бурактагы кыздар (айтылбаган созда кыскасы) сыры кеткен табактай.
16.01.2013. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktiluu bolunus
SUPER.KG видео
21.02.2013. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да абдан жагат кенже эже
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо