№530 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
24-декабрда «Манас» аэропортунда 3 куюлган алтынды алып кетүүгө аракет кылган эки Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Эл аралык «Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдирди. Алардын маалыматына караганда, саат 10:15те Бишкек-Үрүмчү багытындагы №6006-рейсине каттоо жүрүп жатканда авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан Тенг Дингкун жана Хи Гуанцин аттуу эки Кытай жаранынын жанынан 999,9 жогорку пробасындагы 3 куйма алтын табылып, тартылып алынган.
Кытай жарандары аталган алтын куймаларына тиешелүү уруксат документтерди көрсөтө алышкан эмес. Кармалгандар жана бул фактыга байланыштуу материалдар УМККга өткөрүлүп берилди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |