СПОРТТУК БЕРҮҮЛӨРДӨ ТҮЗ ЭФИРДЕГИ «ЛЯПТАР»

№530 28-декабрь-3-январь, 2012-ж

Билесиздерби, теле жаатында иштөө көп түйшүктү, бир эле эмес, көптөгөн кишинин эмгегин талап кылат. Андыктан «ката деген түшүнүк жок болушу керек» деген талап күчтүү. Ошого карабастан, алдастап шашканда төмөнкүдөй каталар орун алып калат.

ХАЛИЛ АЛТЫНОВ
2011-жылы УЕФАнын ЧЛсында орусиялык ЦСКА менен түркиялык «Трабзонспор» командалары беттешкен. Орусиялык телеканалдар даярдаган материалда түрк футболчусу Халил Алтынтоптун фамилиясы өзгөрүп кеткен. Орус туугандар «чыгармачылык» кылып, орус тили менен түрк тилин аралаштырып (азербайжан тили сыяктуу), Халил Алтынов деген жаңы фамилия көрсөтүп чыгышты. Ошондо Халил Алтынтоп түрк эмес, азербайжан улутунан болуп калабы?

БАШКЫ МАШЫКТЫРУУЧУ БОМБАРДИР БОЛГОНДО
Үстүбүздөгү жылда орусиялык ЦСКАнын чабуулчулары жаракатка учурап, бир топ кыйынчылык туудурду. «Россия 2» телеканалы клубду бул кырдаалдан кантип чыгарууну билет. Минтип клубдун башкы машыктыруучусу гол киргизгенин көргөзөт...

БИЛЯЛЕТДИНОВДУН ФАМИЛИЯСЫН ЖАЗУУДАГЫ КАТАЛАР
«90 минут Плюс» деген аталыштагы телеберүү. Конокто советтик жана орусиялык футболчу Ринат Билялетдинов. Эфирде отуруп, кызуу маекке кирип кеткендер көргөн-көрбөгөнү белгисиз, бирок бул телеберүүнү көргөн КМШ өлкөлөрүндөгү спорт сүйүүчүлөрү мындай катага туш болушкан...

РОНАЛДУ КОРГООЧУ...
Мындай катаны европалык телеканалдардын бири кетирген. Футбол сүйүүчүлөрүнө дароо маалым болчу ката төмөнкүчө: Чабуулчу болуп өмүрү коргоочулукта ойноп көрбөгөн португалиялык футболчу Криштиану Роналду коргонуу аянтында орун алган. Ал эми команданын борбордук коргоочусу Бруну Алвес ордун Роналдуга тарттырып, дарбазага туруп калган...

ПОРТУГАЛИЯЛЫК РОББЕН ЖЕ АРЬЕНУШ РОББЕНУШ
«Евро-2012нин» тайпалык баскычындагы Германия-Португалия беттешинин анонсу... Кызык, бул афишада голландиялык футболчу Арьен Роббен португалиялык болуп көрсөтүлүп калган. Же ага Португалиянын формасын кийгизип, португал тилинде Арьенуш Роббенуш деген ат коюш керекпи?

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
03.01.2013. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанда футболду онуктурсо болот.биз футболго кобуроок конулбурсак башка олколордун футболчуларындай мыкты оюнчулар чыкмакчы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо