ТАГДЫР ОЮНУ-2

№530 28-декабрь-3-январь, 2012-ж

(Башы өткөн сандарда)

Азирет Бегимайды колдон ала сыртка жөнөдү.
– Кайда?
– Аскатка, эми экөөбүздүн тагдырыбыз анын колунда.
Өмүрүндө мынчалык жинденип, тагдырына таарынган эмес эле Азирет. Ар дайым жакшы окуя жүз бурчудай, жүрөгүнүн түпкүрүндө бир кереметти күтүп жашачу. Бирок Бегимайдын боюнда бар экенин көргөндөн кийин эч качан андай болбошуна көзү жетти. Эми баласы... Жинденгени ушунчалык, баарын унутуп, Бегимайды түз үйүнө алып келди. Алинадан уялганды да унутуп койду. Дарбазага келип токтогондо Бегимайдын жүрөгү дирт этип алды. Бул үйдө ал бактылуу көз ирмемдерди өткөргөн. Биринчи сүйүүсү Аскат менен көп келишчү. Кудум ошол ортодогу убакыт өчүп кеткендей, кайрадан өзү 17 жаш курагына келип калгандай, ортодогу кайгы, ажыроо, жоготуулар болбогондой сезилди. Ушул дарбазадан аттап кирсе эле баары жай-жайына келчүдөй... Каректерин жаш чайып турган аялдын ички бурганагын Азирет туйбады.
– Мына, келдик,- деди ал кектүү.
– Ази...
Мурункудай жылуу, назик, сүйүү менен айтылган үндөн Азирет онтоп алды.
– Мени эми антип атаба, Ази эмесмин мен сага. Антип атаганга акың жок эми!- деди жиндене.
Бегимай үнсүз баш ийкеди. Дарбазадан кирип келгенде короодо эч ким жок экен. Азирет Аскат дайым бакчада ойноорун билчү эле, дароо ошол жакка жол баштады. Балакай өзү менен өзү алек боло, кумду салаасынан чууртуп, кайра салып ойноп отурган экен. Азирет бир нерсе дейин деди эле, Бегимай унчукпа дегендей белги берип, балага жакындады. Көзү тойбой карап жатты. Эки жыл! Эне үчүн эки жыл кылымга татып кеткен эле. Бою өсүп калыптыр. Аркасынан чыккан дабыштан улам Аскат артына кылчая берди. Апасын дароо тааный албады. Көзүн бардап ачып алып, кайра карады. Жүзүнөн жаш чууруп өзүн жалдырай тиктеп турган аялды тааныганда жүрөгү толкуп кетти.
– Апа?!- деди ал ишенип-ишенбей.
– Аскат, балам, бул мен! Мен келдим!
Бала менен эне бири-бирине кучак жая берди. Экөө менен кошулуп жер теңселип, асман ыйлап жаткандай сезилди.
– Апа, сен келдиңби, мага келдиңби?- жаштуу көздөрүнөн таарыныч да, сагыныч да чачыраган балакай апасынын мойнунан кучактап, өпкүлөп жатты.
– Келдим, кечир мени, жарыгым, чырагым...
– Мени алып кеткени келдиңби?
– Ооба, алып кетем, балам!
Азирет чырмалышкан эне-баланы көрүп, башын чайкай тегеренип кетти. «Кетет экен, кетет экен да!» деди жүрөгү канай. Аларды карап туруп, экөөнү бөлө албасын түшүндү. Ушул учурда кимдир бирөө ийинине колун аяр койгонун сезди. Кылчайып, апасын көрдү.
– Апа, ушул кантип болсун?- деди каңырыгы түтөй.
– Сабырдуу бол, балам, күчтүү бол. Андан башка эмне деп айта алам?..- деди жаны сыздаган эне. Бир топто гана апасынын кучагынан чыккан Аскат Азиретти көрүп жарк эте күлүп жиберди.
– Азирет байке, апам келди...
– Көрдүм.
– А сен эмне ыйлап жатасың?
Жашын акырын аарчыган Азирет аргасыз күлдү. Баланын жанына келди да, чөгөлөй калып жүзүн өзүн каратты.
– Чыныгы эркектер ыйлабайт дегеним эсиңдеби? Бирок, Аскат, чыныгы эркектер кээ бир учурларда ыйлайт. Кээде... жакын адамдарын жоготкондо... Балам, эми сен чоң жигитсиң! Андыктан чындыкты билишиң керек. Ал чындыкты сага апаң азыр айтып берет...
– Азирет, азыр эмес...
Азирет эч нерсени ойлогусу келген жок. Кийинкисин да, мурункусун да ойлогусу келбеди. Башын чулгуй берип, өжөрлөнө Бегимайды тиктеди.
– Азыр чечилиши керек. Эгерде айтканга эркиң жетпесе, анда мен айтайын.
– Мен сенин мынчалык таш боор экениңди билбедим эле.
– Мени таш боор кылган ким, ыя? Мени бардык үмүттөрүмдөн, тилектеримден ажыраткан ким?!
Жиндене бакырып алды Азирет. Жанына келип, анын колунан кармаган Аскат күнөөлүү үн катты.
– Урушпагылачы, мен баарын билем!
Баары селейип калышты.
– Мен сенин, анан апамдын уулумун! Мен экөөңдүн уулуңармын! Азирет байке, мен сенин балаңмын!
– Сен аны кайдан билесиң? Ким айтты сага?
– Алина эже сени менен урушканда мен эшиктин аркасында туруп укчумун. «Анда балаңды алып Бегимайга кет, бактылуу жашагыла, мени жайыма кой» деп урушкан. Кийин чоң апамдан сураганымда ал мага баарын айтып берген. Бирок чоң апама «бул сырды эч кимге айтпайм» деп убада берген элем. Азыр урушканыңарда коркуп кеттим. Мен экөөңдү тең жакшы көрөм!
Азирет апасын тиктеп калды. Мариям жылмая башын ийкей берди. Кубанычтан жүзү албырып кеткен Азирет баланы кучагына кысты.
– Ата!
– Уулум менин!
Дилинен сызылып чыккан бул сөздөрдө баары бар болчу. Уулун кучагына кысып туруп тагдырын, тагдырынын капсалаңдуу оюнун жеңип чыкканын түшүндү.
– Апаң сени сагынды. Аны менен кетесиңби, уулум?- деди ал жеңилдене.
– Ооба, а сен мени коё бересиңби?
– Албетте, бирок «кайра тез келем» деп убада бер...
– Убада берем...
Бегимайга уулун берип жатып көздөрү көзүнө чагыла түштү. Дагы да болсо ушул каректердин алдында алсыз экенин, ушул жандын көз жашына кайдигер карай албасын, керек болсо дагы да бир топ курмандыктарга барарын билди. Бирок өкүнгөн жок.
– Рахмат, асылым!- деп шыбырады Бегимай.
Жолдор бирикпеди... Бирок мындай махабатты баштан өткөрүүнүн өзү бактылуулук эмеспи, ээ, окурман?!

(Аягы)

ЖАКЫНДА...

Жаңыл Калыкова
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

Ал – жылдыз! Ал – сахнанын периси! Бийкечтин бышып, мөмөсү төгүлүп турган ажайып маалында ага кол сунган эркек көп болчу. Алардын ар биринин көздөгөн максаты бар эле. Бирок Асман аттуу сулуунун максаты алардыкынан да бийик, ошол кезде өзү үчүн да, өзгөлөр үчүн да кол жеткис болчу. Айымыбыз ушул даражага кантип жетти? Жолунда ай балтасын кармап сурдана тигилип турган тагдырдын сыноосунан кантип өттү? Баары эмнеден башталган?
Анын бул шоу дүйнө аталып, керемет жазы да, кермек даамы да бар дүйнөгө туш келип, карышкырча алышып, бирде жеңсе, бирде жеңилүү ызасын тартып келгенин билгендер гана билер...

Окурманым, сиз күткөн сериалда баары бар. Эл көзүндөгү атактуу айымдын тагдыры, интрига, бийлик кумары, даңк оорусу, махабат дарты... Андыктан жаңы сериалыбызды бир сан калтырбай окуйсуз деген ишеничтебиз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
ТАГДЫР ОЮНУ 451-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 452-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 453-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 454-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 455-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 456-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 457-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 458-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 459-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 460-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 461-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 462-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 463-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 464-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 465-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 466-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 467-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 468-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 469-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 470-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 471-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 472-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 473-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 474-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 475-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 476-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 477-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 478-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 479-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 480-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 481-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 482-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 483-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 484-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 485-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 486-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 487-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 488-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 489-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (жаңы сериал) 508-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 509-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 510-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 511-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 512-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 513-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 514-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 515-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 516-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 517-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 518-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 519-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 520-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 521-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 522-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 523-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 524-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 525-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 526-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 527-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 528-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 529-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 (жаңы сериал) 557-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 558-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 559-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 560-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 561-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 562-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 563-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 564-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 565-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 566-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 567-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 568-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 569-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 570-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 571-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 572-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 573-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 574-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 575-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 576-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 577-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 578-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 579-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 580-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 581-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 582-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 583-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 584-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 585-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 586-сан
Комментарийлер(30)
31.12.2012. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыры бутту... Азирет Алина менен бактылуу боло алабы...
31.12.2012. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оа эн ыйык суйуунун чагылдырган, копчулукту суйуктуу сериальына айлаган, калтырбай суйуп санга сан окуп келген серильыбыз да эн соонун аяктаганынан кубанычтамын. Аскат Бегимай менен кеткенине аябай кубанып атамын.
31.12.2012. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх, эми киносу тартылса гана!!! Эн мыкты чыгарма.
31.12.2012. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун болдуго оздоруно кошуп менида бактылуу кылышты.
31.12.2012. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээххх, кандай сонун окуялардан куралган чыгарма, автор айткандай ушундай тагдырды баштан откоруунун озу эле бактылуулук экен да.
31.12.2012. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээхх кандай гана сыноолор...
04.01.2013. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм.акыры бутту.3чу болугу да чыгаар бекен.аябай кызык туу чыгарма болду мен учун.авторго рахмат
31.12.2012. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоондо тен чечкиндуулук жок, а только гордость,ошол текебердиктен акыры эки жакта калышты. бактылуу жакшы тагдыр деп айтпайт элем...
Омурунун аягына чейин ичинде бутпос, айыкыс арманда журуп отот... чыгарманын аягы толук болбой калгандай, автор тез бутуруп салган. дагы коркомдо бактылуу жыйнтыктаса болмок... жеке пикирим!
31.12.2012. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ek butup kaldyby
31.12.2012. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жашоо,жашоо!Азирет м.н Беманы чогуу эле калтырып койбоптур да автор!
31.12.2012. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уландысы дагы бар окшойт э, Тагдыр оюну 3 болуп чыгышын кутобуз..
01.01.2013. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын э2е 3а4ы у2анчу3ай 41
03.01.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izana, emne dep jazgansyn?
01.01.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Автор Азирет менен Беманы бул чыгармасында ажыраты эле. Мен куткондой болбоду. Кайрадан бирге боло алышпады. Бирок баласынын тагдыры башталып калар кутобуз.
01.01.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдор бирикпеди... Бирок мындай махабатты баштан өткөрүүнүн өзү бактылуулук эмеспи, ээ, окурман?!-
Кайдагы бактылуулук,башкы каармандарды,мага окшогон окурмандарды ыйлаткан ,ошол бактылуулукбу?.
01.01.2013. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eeeeeee bir kem dunuiooooo
01.01.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы чыгарма экен,макул чогуу болбосо да баласы бар экенин билип алды.
01.01.2013. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы бутуруп койбойт беле
01.01.2013. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхххххх...... Бул болугундода бирге боло алышпады... Автор бул каармандарын неге мынча кыйнады?!
02.01.2013. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун бутту негизгиси эне менен баланын бирге болушуго....... Сооооооонун
02.01.2013. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдыр оюну 3 кутобуз, балким Аскат менен кызынын аты ким эле? экоо баш кошуп калышаар....
02.01.2013. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жагы окурман (потребитель) дын калоосуна ылайык болот го... бул окуяны автор бираз бираз жашоодон алынган деген эмес беле, анан эгер автор айткандай болсо, анын балдарынын баш кошуусу тууралуу эч кандай соз болушу мумкун эмес, жаш балдардын бири бири менен болгон мамилесин корбодунорбу? эгер алар баш кошо турган сценарий болсо анда алар мындай жаш кезинде корушпойт эле. кийинчерээк корушот эле да. 16-18 жашында анан окуя чаташып кайра чечилмек. автор Тагдыр Оюну 3ту чыгарса кызыксыз болот
02.01.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок, мындай жашоо мындай суйуу бактылуулук эмес, авторго кошула албайм! Бирок чыгармасы аябай жакты суйуп суйуп окудумго
03.01.2013. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азирет бактысыз болуп калды. Бул акыйкатсыздык.
04.01.2013. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай болуп буткону туура эле го. жашоодо деле бардыгы жакшы болуп аяктай бербейт да.
06.01.2013. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бах.х. Чиркин ой мындай соонун чыгармалар жанга дем берет да,менин оюмча кин0 кылып тартса керемет сериал чыгат эле албетте мыкты режиссёр тартыш керек,сериал б.ча айтсам азирет м.н аскатты корбой озумчо элестетип алгам образдары да аябай жакты,,окунучтуусу с0нуна чыкты сериал
08.01.2013. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгарманы суйуп, кутуп окуганынар учун рахмат! Автордун айтуусунда окуя бул менен бүтүп калбайт.Тагдыр оюну -3 чыгып калат деп бизди кубандырууда. Бирок ал жакта окуя кандай онугот али белгисиз. Андыктан чыдамсыздык менен 3-болугун кутууго туура келет, туугандар! Автордун атынан да ыраазычылык билдирем...
13.01.2013. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен учунда бул чыгарма кунарсыз буткондойго... Бегимайго макул ал бактылуу да,балалуу да болду Мураты менен,а Азиретчи...?! 1-болугундо бириге албаган жандарды жок дегенде 2-де бактылуу кылып кошуп койсо болмок автор...же чынындале 3-болугу чыгып,жолдор ошондо биригеби?
18.01.2013. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a9gy degi jakkan jok kupuluma tolgon Azi menen Bemany bir ele kylyp koiso bolmok exxx
23.02.2013. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdan tabywmak bolup jatty ele,exxx sonun 4ygarma.Raxmat superge.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо