№530 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
ЖАШ БАЛАЛУУ, КОШ БОЙЛУУ КЕЛИН КАЙДА КАЧМАК?
Кесиптешибиз Бахияна Сатылганова ийгиликсиз тамаша кылып Н.Айтбекованы катуу чочутуп алганы үчүн айыпталып, 21-декабрдан бери тергөө абагында. Биздин гезиттин жетекчилиги Бахияна Сатылганова менен Максат Орозумбетовду кызматтан бошотуу боюнча үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында чыгарылган буйругун жокко чыгарды. Бул кадам кош бойлуу жана 2 жашар баланын энесин камакка алган соттун гумандуу эмес чечимине каршылык, нааразычылык билдирүү максатында жасалды.
Гезиттин мындай чечимине телеалпаруучу Н.Айтбекованын ушул убакыт аралыгында ММКларга жана шоу дүйнө чөйрөсүнө тараткан маалыматтарынан улам «анын максаты – адилеттүүлүктү орнотуу эмес, өч алуу жана материалдык пайда алуу» деген күмөн саноо да түрткү болду. Кабарчыларыбыз сот иши аягына чыккыча «Супер-Инфонун» кызматкерлеринин катарында болушат.
Ооба, кабарчылардын бул жоругун туура эмес деп тапканыбыз үчүн учурунда кызматтык иликтөө жүргүзүп, кызматтан бошотконбуз. Бирок кош бойлуу, жаш балалуу келиндин үй камагына эмес, тергөө абагына алынгандыгынан улам соттун бул чечимине нааразычылык көрсөтүү максатында ушул чечимге келдик.
КООМЧУЛУКТУН АЙЫПТООСУНАН ӨТКӨН ЖАМАН НЕРСЕ ЖОК
Кош бойлуу аялдын камакта отурушу коомчулукта кызуу талкуу жаратып, көптөр интернет баракчаларына пикирлерин жазышууда. Алардын бири КРнын Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин кесиптик союзу уюмунун төрайымы, журналист Мэри Бекешова мындай дейт: «Башында журналисттер коомчулугу «Супер-Инфонун» кабарчыларынын жасаган ишин катуу сынга алып, мындай орой тамашага жол берилбеши керектигин айтып чыгышкан. Албетте, журналисттердин «Тамаша тору» тамашанын чегинен чыгып, аша чаап кеткен. «Тамаша торго» илинген Назира Айтбекова моралдык жактан оор абалда калганын бардыгы түшүнүү менен кабыл алып, сөз менен болсо да ар тараптан колдоого алышкан. Ал эми уюштуруучулар болсо күнөөсүн мойнуна алып, «бизден кетти, кечиргиле» позициясын карманып, башын ийип беришкен.
Журналисттердин мындай иш-аракетин коомчулук колунан келишинче тепкиге алып, жетиштүү эле сынга алды, мындан ары дагы сынга алат. Бул окуя журналисттик коомчулукка жакшы эле сабак болду. Аны уккан, билген журналист мындай тамашага бармак турсун, четин укканда кача турган болуп калды. Уюштуруучулар дагы айыбын тийиштүү деңгээлде тартты. Себеби жалпы коомчулуктун сындоосунан, суук сөзүнөн, айыптоосунан өткөн жаман нерсе барбы?..»
Башында сындап жаткан коомчулук эми, тескерисинче, кесиптешибизди аяп, «темир торго камаганыңар туура эмес» деген пикирлерин айтып, редакция болсо өз кызматкерлерин коргоп, кайрадан жумушка алып жатат. Менимче, бизде ар нерсени тең салмактоо, акыйкаттык менен чечим чыгаруу маданияты жоголуп, бөрк ал десе баш алган заман орногон. Мындай көрүнүштөн арылууга ар ким өзүнүн салымын кошуусу зарыл.
ПАМИР АСАНОВ КЫЗМАТКЕРЛЕРИБИЗГЕ КЫСЫМ КӨРСӨТҮҮДӨ
Кыргызстанда төңкөрүш же бийлик алмашуу болгон сайын «эми адилеттүүлүк орнойт» деп үмүт этебиз, күтөбүз. Бирок дале баш ал десе бөрк алгандардын, бай-манаптык дымагы барлардын саркындыларынан арыла элек экенбиз. Тергөө учурунда Бишкек шаардык ИИББинин башчысынын орун басары Памир Асанов КҮБӨ КАТАРЫ көрсөтмө берүүгө чакырылган биздин кызматкерлерди «сотсуз-тергөөсүз» эле «коркунучтуу кылмышкерге» айлантып, «күнөөлүүсүңөр, моюнуңарга алгыла!» деп демитип-кекеткенин койбоду. Басым-кысым көрсөтүү менен биздин кызматкерлердин кылбаган «айыбын» моюнга алдырууга аракет кылып, тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоодо. Биз анын үстүнөн Ички иштер министрине, Башкы прокурорго жана башка тиешелүү органдарга арыз жазууну чечтик.
«Супер-Инфонун» эмгек жамааты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
azir menin dagi bojumda bar,onoy emes.Emi tigil jurnalist eje Sizodo oturat,jurok ooruchu ele nerse boldu.
Al emi tajal Naziraga aitarim sen dagi ajal zatisin,tamashasinan emne bolup kettin???kechirip koison dele bolmok kudaiga jagar ish kilip.2 jashagi balasi menen bojundagi balasinina boorun oorugan jokpu.Negiele maga jakpaisin,tagalsin.
biltiybai kogorboiy kechirip koi,ar bir adam kata kilat,Baxija ejege jana 2 jashar balasina,bojundagi balasina ubal.
Eldin kargishin albay kechirip koi,kogorgondon ech paida tappaisin
Ubakyt bardygyn orduna koiot.
Сизге эскертүү!
Кимдир бирөөнүн дарегине айтылган негизсиз күнөөлөөлөргө, этикага туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!