Мирлан Баеков: «КЫЗЫЛ ӨРҮКТҮН» АВТОРУ ӨЗҮН ПИАР КЫЛУУДА»

№530 28-декабрь-3-январь, 2012-ж

Өткөн саныбызда «Кызыл өрүк» ырынын автору Мирлан Алыкулов бизге кайрылып, ырчы Мирлан Баековду сотко бергенин айткан эле. Бул иштин чоо-жайын билүү үчүн «Кызыл өрүк» ырын популярдуу кылган Мирлан Баековдун да бул тууралуу оюн угуп көрдүк.

– Салам, Мирлан, сенин аткарууңдагы «Кызыл өрүк» ырынын автору Мирлан Алыкулов сени сотко бергенин айтты эле...
– Мен Мирлан Алыкуловду 8 жылдан бери жакшы билем. Кафеде иштеп жүргөндө таанышып калганбыз. Анын бул жоругун өзүнө пиар кылып жаткандай түшүндүм. Өзүн пиарлоонун башка жолдору деле бар да, сөзсүз бирөөнүн атын булгап жарнама жасаш керекпи? Аны илгертен билгендиктен, мындай жосунсуз ишине таң калган деле жокмун. Айылда жүргөндө көк Жигулисинин капталына «концерт», афишаларына, майда баракчаларга «Кызыл өрүктүн» автору» деп жазып алып айылды кыдырып концерт берчү. Ушундан эле байкаса болот, анын пиарды жакшы көрөрүн.
Ал мени сотко бердим деп жатат, бирок ал бере албайт, берсе анда көрө жатарбыз. «Кызыл өрүктүн» куплеттерин өзгөртүп алды» дептир. Оригиналында мындай болчу: «Кызыл өрүк сыңарындай, Рыспайдын ырларындай. Жүрөгүмдү ээлеп алдың, Өрүк комуз кылдарындай...» Эми ойлоп көрсөңөр, кызыл өрүктүн Рыспайдын ырларына кандай тиешеси бар? Ушундай чаржайыт саптары көп болгондуктан, кайырмасын эле калтырып, куплеттерин өзгөрткөм. Анан ырын мага көрсөткөндө обону азыркы «Кызыл өрүктүкүнөн» башкачараак болчу, алгач мага өзү ырдап бергенде «бул жерин мындай кылып ырдасаң» деп үйрөткөм. Кийин ошондой ырдап баштаган. Өзүм шаңдуу той ырларына жакынмын, стилге болгон табитим башка экен, ыңгайына жараша ырдап чыктым да.

– Анда «Кызыл өрүктү» чогуу жаратыпсыңар да?
– Обону меники деп да, аныкы деп да айталбайм.

– «Кызыл өрүк» ырын патенттеп алгандан кийин сенин аткарууңдагы бул ырды радиолордон алдырдым деп жатат...
– Азыр радиолордон кетип эле жатат. Эми эле патенттеп алып кыйын болуп жатат, а мен бул ырга тиешелүү документтерди ага чейин эле чогултуп койгом. Бул ыр Мирлан Алыкуловдун эмес, менин аткаруумда популярдуу болду, ошону эске алса жакшы болмок. Казакчасын ырдаган Акылбек Жеменей деле менин аткаруумдагы «Кызыл өрүктү» угуп жактырып, анан казакча ырдап чыккан. Мирлан Алыкулов менин минусовкам менен «Кызыл өрүктү» ырдап, жадакалса клип тарттырып алыптыр. Мен деле сотко берсем болот да анда. Талантың болсо эч ким токтото албайт, «Кызыл өрүктөн» башка деле популярдуу ырларым көп. Бул ыр багымды ачпаса, башка ырдан ачылмак.

– Казак ырчысы Акылбек Жеменейден «өзүм жооп берем» деп 500 доллар алганың чынбы?
– Жок, 500 доллар алган эмесмин. Чыгармачылыкта, талантта чек болбойт эмеспи, казактар биздин ырларды, биз алардын ырларын ырдап эле жүрөбүз, анын эмнеси бар экен? Мирлан бул жоругу менен казак-кыргыз достугуна доо кетирип, уят кылып жатат. Кыргыздарды уят кылып Акылбек Жеменейден акча талап кылбасын деген максатта эле «мен андан 500 доллар алдым» деген шылтоо айтып койгон болчумун. Эми минтип жалпы журтка жар салып, мени «500 доллар алды» деп жаманатты кылып жатканы кейитпей койбойт. Эркекче эле жүрсө болмок.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Мирлан Баеков: "Кызыл өрүктүн автору өзүн пиар кылууда"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
31.12.2012. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан Баеков биз, эл сиз мененбиз пиар кылгысы келгендер пиар кылыша берсин. Озунуз айткандай Кызыл орук болбосо, башка ырларыныз менен таанылмаксыз. Талантынызга таазим!
31.12.2012. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алыкуловдун урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай жаткан учуру окшойт. . . Жанылбас жаак болбойт дегендей, Алыкулов да жанылыштык кылды окшойт. Анын деле аздыр -коптур таланты бар, . Болгону пиар кылууда ката кетирет экен.
31.12.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан Баеков, сизди ар дайым бактылуулук курчасын, Кудайым жолунузду шыдыр кылсын, журогунуздон ыйман, жузунуздон жылмаю арылбасын.. .
31.12.2012. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi alykulov baary butup siz kaldynyzby Ba9kov aitkandai erkek4e ele jurboisuzbu
01.01.2013. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл өрүктү "кызыл өрүк" кылып "бышырган" Мирлан Баеков да! Баеков болбогондо көмүскөдө эле жатмак чаң басып... Алыкулов,көрүнгөң бузукулардын сөзүнө кирип,сот-моту жок эле аке-жаке деп эле бүтүрсөңөрчү... Андан пайда жок! Убакты-саатың,нервиң кетет,адвокатка акчаң кетип,чөнтөгүң жукарат. Сотко берсең Баеков дел
01.01.2013. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
деле оозун ачып отурбайт да чынбы? Андан көрө экөөң тең ошондой нерселерге алтындай убактыңарды,акчаңарды коротпой чыгармачылыгыңарга жумшагыла деп кеңешимди берип кетем.
02.01.2013. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirlan baike kyzyl oruktu berip ele koiunuz kalgan yrlarynyz dagy sizdi suiup talantynyzdy taanyp, syilaganda jetiwtuu! iygilik sizge!
02.01.2013. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooba da e erkek bolgondon kiin erkek4e juruw kerek da
02.01.2013. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мирландын ал еле ыры эмес баардык ырлары уккулукту ошондой эле уну аргиналду болуп жатпайбы!айткандар айта берет мирлан алга!!!токтогулдун кулунуда серовно!
02.01.2013. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан сенин ырынды радиодон коп угабыз.берки чилиш не втему ырдап журо берсин.делай только перед.Токтогул поет.КР.
03.01.2013. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга баеков байке баары сонун
05.01.2013. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырды радиолордон алдырган менен, ал ыр эпак эле элге синип кеткекн!!! Жанылыштык кылып жатасын М. алыкулов! Эртенкинди ойлоп иш кылсан болмок!!! Эртен деле ыр жазасын дегендей,,,,,,,, бул жоругунду коргондон кийин ыр жазсан бир ырчы ырдайбы?!
07.01.2013. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maya666,
Сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жол берилбейт!
30 күнгө бан!
SUPER.KG видео
10.01.2013. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eeee Mirlan baekov Mirlan Alykulovgo tynsynyp ne kylasyn erkek bolgondon kiyin yzy chu kylyp ne kylasyn?andan koro Mirlan alykulovgo yrazychylyk bildirbeysinbi,ushu yr menen nan taap jep jatasyn go,anan any shyldyndabay.............
SUPER.KG видео
10.01.2013. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мирлан баековду ушул кунго чейин урматтап келет элем . бугунку коментариясынан кийин урматабай калдым .
SUPER.KG видео
11.01.2013. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NADUW,
Сизге эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
SUPER.KG видео
11.01.2013. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан сени урматтайм.унун сонун да,
SUPER.KG видео
11.01.2013. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NURKA16,
Сизге эскертүү!
Бирөөнүн дарегине айтылган негизсиз күнөөлөөлөргө жол берилбейт!
SUPER.KG видео
11.01.2013. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан байке эч капа болбонуз, "Баланы тапкан эмес, баккан энеси" дейт эмеспи ырды да ошондой кабыл алса болчудай. Ырды уккулуктуу кылып элге тартуулаганыныз сиздин женишиниз.
Чыгармаачылык ийгилик каалаймын сизге.
SUPER.KG видео
11.01.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл орук, суйуп калдым сени коруп. Бул ырды биз Москвада да коп угабыз достор менен. Окемдер музыкасына бийлеп да калышат.
SUPER.KG видео
11.01.2013. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirlan baike sizge iigilik,al emi emi menin yrym dep jatkan adam ki4ine oilonso bolmok kaisy betim menen aityp jatam,el karagan betim jer karap kalbaiby dep kyzyyyyk.
Медиа-портал
11.01.2013. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дааа...бул жигиттин ырларын укпайм,бирок,комментарийин угуп тан калдым.Автормун деген жигитте куноо болгон кундо дагы,неге мынчалык аны шылдындап кулгон бул?Аз да болсо белгилуу адам болгондон кийин кичине культурно,вежливо эле айтып тушундурсо болбойт беле?!Эми точно сотко берсе керек(башка статьяны дагы кошуп))))
SUPER.KG видео
11.01.2013. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында Баеков элге жеткире албаганда обон чыгарган автор эмне кылмак экен эле.Мирлан Баековдун мындан башка ырлары деле угула берет да радиодон.ийгилик,коп коп ырларды жарата бер.кулот дейсинер кулбогондо эмне кылсын
SUPER.KG видео
13.01.2013. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек болгондон кийин башка бироону минтип суйлойт антип суйлойт, мындай бала тигиндей бала деп лишний суйлогондун эмне кереги бар. Эркектик сапаттан кетпей журушсо жигиттерибиз, уят эле.
SUPER.KG видео
26.01.2013. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жеке Мирлан байкени сыйлай Кызыл орукту эн мыкты аткарган!
SUPER.KG видео
17.03.2013. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ыр казак-кыргызга бирдей жагып, ал тургай мыкты ыр болуп жанырганы учун корсо Баеков "куноолуу" турбайбы! Ушунча эмгектен кийин ак жерден куйгузуп атса, мындан да жаман соз айтса болот!Озумду Баековдун ордуна коюп талдап кордум.Бул ырдын "Атасы" сенсин! Эл сени менен М.Баеков!!!!!
SUPER.KG видео
09.06.2014. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ywyl Jyrnalistka kyz emne boldy e4 ele korynboy kettigooo Super Info.?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо