Абдирасул Мусаев, балбан:«КЕЛИНЧЕГИМ КЕТИП КАЛЫП, КҮЧҮМДҮ БАЛБАНДЫКТАН ЧЫГАРДЫМ»

№530 28-декабрь-3-январь, 2012-ж

Айрым адам баласына Жараткан тарабынан өзгөчө өнөр берилет. Алардын катарына Баткен районундагы Абдирасул балбан кирет. Бул жигит 32 тишинин жардамы менен элди таң калтырууга жетишти. Ал 2 тонналык автоунааны тиши менен 30 метрге чейин сүйрөп, айнек сыныктарынын үстүнө жата алат.

– Абдирасул мырза, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз...
– Мен 1990-жылы 11-майда Баткен районуна караштуу Кызыл-Жол айылында төрөлгөм. 2005-жылы Бужум орто мектебинен 9-классты аяктап, Баткен шаарындагы №57-кесиптик-лицейине окууга тапшыргам. Ал жерде окууну толук бүтүрбөй, 2-курсумда, 2008-жылы күз айларында өз каалоом менен Ата Мекенге кызмат кылуу үчүн жөнөп кеткем. 2009-жылы 6-октябрда аскер кызматын ийгиликтүү аяктап, ата-энемдин жанына кайтып келдим. Үй-бүлөдө улуусумун, 10 бир тууганбыз, 4 уул, 6 кыз.

– Сиздин өнөрүңүз кара күчтү талап кылат экен. Денеңизди чыңдап туруу үчүн спорт менен алектенесизби?
– Бул өнөрүмдүн пайда болушуна спорт менен алектенүү эмес, келинчегимдин үйдөн кетүүсү түрткү болду. Буга чейин спортко анчалык деле жакын эмес элем. Өзүм чоңойгон Бужум айылындагы аскер бөлүгүнө жумушка орношуп жүргөндө Баткен шаарынан татынакай бир селкини көрүп жактырып калдым. Аны менен таанышып, сүйлөшүп жүрүп оюбуз бир жерден чыгып, баш кошууну чечтик. Бирок мен сүйгөн сулуунун ата-энеси биздин никебизге каршы болушту. Ага карабай баш коштук. Үй-бүлөмдү багуу максатында Москва шаарына кеткем.
15 күндөн кийин «келинчегиң төркүнүнө кетти» деген сөздү угуп, Кыргызстанга кайтып келүүгө мажбур болдум. Эптеп жубайымды үйгө алып келсем, эжелери болбой алып кетип калышты. Мындай жаман абалга түшүп калган адам ар кандай кадамдарга барууну ойлойт экен. Ал убактагы абалым өтө начар болчу, себеби аялымды абдан сүйчүмүн. Ошол убактагы энергиямды, кыжырдануумду спорт менен алектенип чыгардым. Ошол жаман абалдан мени өнөрүм алып чыгып кетти.

– Мындай өнөрлөрүңүздү элге тартуулоо идеясы качан пайда болду эле?
– 2012-жылдын 13-декабрь күнү Баткен облусунун Маданият үйүнүн бет маңдайында бир жеңил машинага жип байлап, аны тишим менен 30 метр аралыкка тарта алдым. Грек жаңгагы менен бөтөлкөнүн майда бөлүктөрүн чайнадым. Бул идея мага үйдө жээндеримди ойнотуп, аларды тиштеп көтөрүп жүргөндө келди. Кийин өзүмдүн машинамды жип менен сүйрөө идеясы пайда болуп, аны да тартып көргөм. Бул ишим тууралуу Сайпидин Дыйканов деген агайыма айтсам, ал талантты элге тартуулоо керектигин сунуштады. Мен да өнөрүмдү көрсөтүүгө макул болдум. Мындан сырткары бөтөлкөнүн майда сыныктарынын үстүнө жатып, менин үстүмө 3 жигит чыгып турганына туруштук бере аларымды көрсөттүм. Мага жардам берген демөөрчүлөрдүн баарына чоң ыраазычылык билдирем.

– Келечектеги ой- максаттарыңыз, пландарыңыз кандай?
– 13-декабрда болуп өткөн өнөр тартуулоону ЭлТР телеканалы тартып кетип, эфирден беришти. Буюрса, жакында ошол канал менен сүйлөшкөнү Ош шаарына барам. Ал эми февраль айында элге болгон өнөрлөрүмдү көрсөтсөм деген пландарым бар.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(8)
31.12.2012. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Minday shounu Batkendikter kundo ele koro berishheyt deysinerda, ne kirgizstandiktar kundo koruh jatabi minday shounu?
01.01.2013. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А ким эле күндө көрүп жатыптыр?
02.01.2013. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jashku4,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
30 күнгө бан!
03.01.2013. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай шоуну баткендиктер кундо эле коро беришпейт деген-такое зрелище не каждый день увидешь.. деген мааниде жазылган да.. эч нерсе таппай калсанар создорго цепляться этип каласынар да.. А жигит красавчик! Алга! Кээ бироолорго окшоп ичип кетпей озунду спортко берилиптирсин. Канча кыздар суктанат сага, баары алдыда!
03.01.2013. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец! Бул жигиттин озунун суротун кошуп койбопсунарда
05.01.2013. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдирасул Мусаев, Гректердин жангагы эмес - Кыргызстандын жангагы десен. Гректер биздин жангакты алып, оз мекенине алып кетип остуруп алышкан да.
Анан дагы мындаг шоуну Таш чайнар алдына ала коргозуп койбоду беле.
07.01.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткен рулит ...
07.01.2013. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын журоктон баарибир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо