ҮМҮТҮ ҮЗҮЛГӨН ЭНЕ

№530 28-декабрь-3-январь, 2012-ж

Төрт бөлмөлүү тамдын ичинде күтүүнүн азабынан саамайы агарган, ал-күчтөн тайган кемпир терезеге тигилип отурду. Каректери алысты караганы менен, өзү түгөнбөгөн ойдун түбүнө чумкуп кеткен. «Карыган жаным кимге керекмин, мындай жашоодон көрө өлгөнүм артык. А өлсөм мени бирөө-жарым жоктойбу? Жок, эч ким жоктобойт» деп ойлоду ал. Ичип отурган чайы да сууп калыптыр.
Кезинде өкмөттүн иши деп жүрүп жалгыз уулуна мээримин бере албаганына өкүнөт. Себеби ошолбу же башкабы, айтор, жалгыз туягы болгон Үмүттүн Орусияга иштегени кетип дайынсыз жоголушу Салима апаны ушул абалга алып келди. Алдыда Жаңы жыл майрамы. Демек, Үмүттүн жоголгонуна
9 жыл болот.
Ойго батып отурган Салима апа коң­гу­роонун добушун укту да, терең үш­кү­рүнө ордунан козголду. «Жаңы жылыңыз менен!» деп эшик ачылары менен жайкалган ак сакалчан, кызыл кийим кийген Аяз ата Салима апанын уруксатысыз үйгө кирип келди. Анын артынан дагы бир кашы-көзү кара, орто бойлуу киши кошо кирди. Эч ким алын сурабаган Салима апа үчүн бул жорук таң каларлык болду. Аяз ата ар нерсени сүйлөп Салима апаны келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, маанайын көтөрүүгө далалат кылып жатты. Апанын кубарган өңүнөн бир аз болсо да жылмаюу байкалды.
– Салима апа, биз сизге жаңы жылдык өзгөчө белек менен келип отурабыз…- деди жанагы кашы-көзү кара киши. Сүйлөгөнүнө караганда башка улуттан. Ички дүйнөсүнө бүлүк түшкөн байбиче аларга үмүттүү карады.
– Кандай белек, айланайындарым?
– Өзгөчө, сиз үчүн кубанычтуу…
– Мен үчүн кубанычтуу эч нерсе калбады го бул жарыкчылыкта...
– Салима апа! Сиздин уулуңуз табылды! Таптык.
Салима апа укканына ишенбей, кулагы чуулдай түштү.
– Үмүтүмдүбү? Кана ал?- деди көздөрүнө ысык жаш тегерене.
– Апа, сиздин балаңыз алыста, чет өлкөдө.
– А эмне үчүн өзү келген жок?
– Анын жумуштары көп, ошол себептен бизди жөнөттү.
– Менин балам кайсы жерде? Мен өзүм ага барайын…
– Ал азыр Москвада. Аман-эсен.
– Рахмат, балдарым! Силерге ыраазымын…
Апа ыйлап жиберди.
– Коюңузчу, апа?! Ыйлабаңыз…
– Ал жакка баруу үчүн билет алайын. Канча жол жүрүшүм керек?
– Сиз кабатыр болбоңуз. Уулуңуз бизди атайын жөнөттү, сизди ошол жакка жеткирүү үчүн. Сиз ала турган нерселериңизди жыйнаштыра бериңиз. Биз эртең менен келебиз.
– Ошентейинби?
– Апа, паспортуңузду унутпаңыз. Бизге берсеңиз, эртең менен самолётко билет ала келебиз.
Араң кыймылдап жүргөн Салима апа бул жолу ордунан шак туруп, паспортун издеп баштады.
– Мынакей, балдарым. Айткандай, силердин атыңар ким?
– Ой, кечиресиз, таанышпаптырбыз да. Менин атым – Акылбек, а бул – Аяз ата.
– Салима апа, биз эртең менен келебиз, сиз даяр болуп туруңуз.
– Макул, мен ошентейин…
– Анда жакшы калыңыз, биз баралы.
Айтышкандай эле эртең менен жанагы Акылбек такси жалдап жетип келди. Салима апа бул учурда сапарга даяр болуп турган. Дароо таксиге отуруп аэропортко жол алышты. Күн суук. Салима апа эл менен учакка отурду.
Шыңгыраган телефондорго жооп берип, кайра компьютерге үңүлүп, бир топ кагаздарды барактап, эшиктин кире беришинде көз айнек тагынган бир аял отурган. Телефон шыңгырай берди.
– Алло…
– Саламатсызбы!
– Саламатчылык!
– Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигиби?
– Кулагым сизде.
– Менин атым – Ольга, Москва шаарынын Шереметьево аэропортунун кызматкеримин. Бизде Кыргыз Республикасынын жараны Салима Каныбекова эртең мененки рейсте келгендиги катталган. Тилекке каршы, ал аэропорттогу күтүү залында жан бериптир. Кыязы, күтүп ала турган адамы келбесе керек…
Чындыгында эле Салима апаны күтүп ала турган адам жок болчу. Толкундоодон улам акыркы үмүтүн жоготкон Салима апа күтүп жатып жан берди. Бул атайын ойлонуштурулган Акылбек жана анын шериктеринин иши болчу. Алар ушундай арам жол менен кары-картаңдардын үйлөрүнө ээ болуп, анан сатып жиберишчү. Акылбек тез эле Салима апанын үйүн өзүнө каттатып, кийин сатып жиберди...

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(27)
31.12.2012. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жыргагыла шумшуктор! Жыргап алгыла! Аллахтын силерге камдаган тозок оту очкус! Байкуш кемпир;( Мындай шылуундар карыяларды эмес акыл эси соо кишини деле сызга отургузуп кетишет.
31.12.2012. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын бирок окундургону чыныгы жашоодо да ушундай учурлар кездешет..
01.01.2013. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча учун эмнелер ойлонбойт
01.01.2013. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун чыгарма экен!
01.01.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх каарыган энене жабыр болгон тура.
01.01.2013. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ujas
02.01.2013. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир тилке кагаз акча учун эмне гана кылышпай кам сут эмген пенделер!!!!!!
02.01.2013. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин апам окуп алып аябай коз жаш токту.Чыныгы жашоодо ушул окуя болгон болсо,колума тушсо башына жетем шумшуктордун!!!
03.01.2013. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фу ужас. Неужели баласы табылган деп суйунуп окуп олтурсам.
04.01.2013. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Astagfirulla toono kildim. Olup ele kalgilachi
04.01.2013. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай жаман адамдар бар бул жашоодо. Анан да эч кандай жаза албай жыргап жашап журушот. Кээде туруп ойлонуп кетем неге кудай ушул адамдарды корбойт,жазалабайт? Журогум ооруп чыкты.
05.01.2013. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа акча учун эмнелерди кана кылбайт буйрубайт коздорунон чыгат бир кун болсо дагы
06.01.2013. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ылайым Акылбекке уй насип кылбасын.
07.01.2013. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобо эмнелер гана болбойт бул жалган жашоодо,ээ АЛЛА озун ынсап,ыйман берчи жараткан пенделерине
08.01.2013. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тапканын буйрубасын
08.01.2013. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салима апа бейишке чыксын. Тиги онбогон уурулар жерден жай таппасын. Кудай жазасын берсин алардын.
09.01.2013. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы чыгарма экен, мага аябай жакты.. Но только концовка анчалык эмес.
09.01.2013. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men okup atıp ele aldap ketpese eken dep oylonup attım ele
13.01.2013. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бети жок уруунун да ата-энеси бардыр
18.01.2013. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bliiin uwu oilogom da pasportun alyp jatkanda ele mowennikter bolup kalsachy dep ....pliiin
02.02.2013. 05:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки дуйнодо тен жай таппай калышсын, желмогуздар!!! Оз баштарын жутуп алар куну кайдаэкен?!!!!
05.02.2013. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага!!! Акча учун оз энесин да сатып жибере турган акмактарга жол болсун!
05.02.2013. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanya_Love..., жакшылап окусаныз,бул жерде бала энесин сатып жиберген эмес.Эненин баласы дайынсыз жоголгон болот аны билген каракчылар энени алдоо жолу менен оз максаттарына жетишет.
19.02.2013. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоо экенда шундай адамдар качан жок болот екен арабыздан деги кыргыздардын арасынан
16.04.2014. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге адамдар мынча таш боор болуп баратат Салима апаны элестетип алып козумо жаш тегеренип кетти кандай гана суйунуч умут менен барса керек байкуш эне ээх жашоодо нелер гана болбойт
15.11.2014. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жараткан неге ушундай адамдарды корбойсун? Ушундай адамдарга жазанды берчи аллахым!
26.03.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооох журогуум.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо