№530 28-декабрь-3-январь, 2012-ж

Ош шаарында «Башат» телеканалы «Азем» борбору менен биргеликте жылдын мыктыларын аныкташты. Аныктоо СМС-добуш жана сурамжылоо боюнча аныкталды. «Башат» телеканалы менен «Азем» борбору башкалардан өзгөчөлөнүп «Эл баатыры» наамынын ээлерин да табышты. Алар 3-ноябрда «Кара-Суу» базарындагы ажатканада адамдарды куткаруу боюнча мыкты кызмат көрсөткөн Кара-Суу РИИБинин жетекчиси Марат Орозбаев жана бир жыл ичинде 250 оор операция жасаган облустук хирургия бөлүмүнүн бөлүм башчысы Маматкарим Кирматов, 24-октябрда Түштүк-Чыгыш районундагы турак үйдөн өрт учурунда 5 жашар кызды куткарып чыккан Ош шаардык Өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери Самат Нурмамат уулу болушту. Жылдын мыктылары 13-декабрь күнү Ош Улуттук драма театрында кызыл килем астында аныкталды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |