БААРЫБЫЗ БАЛДАРДЫН ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ КАМ КӨРӨЛҮ

№530 28-декабрь-3-январь, 2012-ж

«Супер-Инфо» гезитинин Ош облусундагы аймактык бөлүмү Ош шаарынын Жаштар иштери боюнча комитети жана «Лидерлер мектеби-5» окуу борборунун мүчөлөрү менен биргеликте «Балдардын жаркын келечеги үчүн» аттуу кайрымдуулук концертин өткөрдү.
Акциябыздын максаты – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга аз да болсо колдоо көрсөтүү, келечекке үмүт арттыруу, концерттен түшкөн акчага балдарга керектүү нерселерин сатып берүүгө көмөктөшүү.
Ош Улуттук драма театрында өткөн бул концертке жергиликтүү ырчылар Рысбек Токтобаев, Самара Сабирова, Жумагүл Райымжан кызы, Айжан Чалаева, Жеңишбек Айтиев, куудул мырзалар Талант Анарбаев, Канат Шанаев жана «Step by step» бий тобу, «Дидар» шоу-балети конокко келди. Жеңишбек Айтиев жерге жата калып, тура калып көрүүчүлөрдү чын дили менен күлдүрсө, «кайрымдуулук концертке сөзсүз катышыш керек» деген куудул Талант Анарбаев 21-кылымдын бий кыймылдарын туурап маанайыбызды көтөрдү. Келген көрүүчүлөр Ош драма театрына толуп, залды шаңга бөлөштү. «Мен да ырдап коёюнчу...» деп суранган талант ээлери көбөйүп, кайрымдуулук концерти 4 саатка созулду.
Концерттен түшкөн каражатка алынган паластар жана чаң соргуч Ош шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген №12-көмөкчү мектебинин жатаканасына тапшырылып, балдарга шириндиктер белекке берилди. №12-көмөкчү мектебинде 7-18 жашка чейинки 141 бала тарбия алат. Алар атайын даярдалган программа менен 8 жыл билим алышат. Белектерди алып мектепке барсак, биздин барышыбызга чакан программадагы концерт тартуулашты. Дима аттуу бала кыргызча «Манас» айтса, Алымбек «Носа-носа» ырын ырдап баарыбызга жылмаюу тартуулады. Ал эми балдардын арасынан бир кыз араң басып келип, өзү чыгарган ырды окуп, көзүбүзгө жаш алдырды:
«Бар муңумду бирөөлөргө
айтсам дейм,
Бирок кимге айтарымды
эч билбейм.
Кудай мени неге мындай
жаратты?
Купуя сыр көңүлүмө батырды».
Берген белектерибизге кубанган мектеп директору Раила Насирова: «Бизде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болгону менен, аябай таланттуулар. Бизди эстеп, жардам берип отурган Жаштар комитетине жана «Супер-Инфо» гезитинин жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз»,- деп кубанычын жашыра алган жок.

Бул акцияга чоң көмөк көрсөтүп, «Супер-Инфо» гезитинин Ош облусундагы аймактык бөлүмү менен тыгыз кызматташып келе жаткан Ош шаардык Жаштар иштери боюнча комитетине жана анын жетекчиси Сонунбек мырзага терең ыраазычылык билдиребиз.

Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
16.01.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайгамбарыбыз С.А.В. айткан " Ким жетимдин башын сылаган болсо (жардам кылган, муктаждыгын мойнуна алган) бейиште мени менен кошуна болот деген!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо