Гүлжигит Сатыбеков:«ЛЕЙЛЕКТИК КЫЗГА ҮЙЛӨНҮП АЛ ДЕП АКСАКАЛДАР БАТА БЕРИШЕТ»

№530 28-декабрь-3-январь, 2012-ж

Гүлжигит сахнага жаңы кадам таштаганда муңдуу, кайгылуу ырлары менен элге таанылган эле. Көп өтпөй эмгеги бааланып, «Маданияттын мыкты кызматкери» наамы менен сыйланды. Ортодо бир аз тыныгуу жасап, кийин кайра чыгармачылыкка кайтып келди. Бирок бул жолу ал кайгылуу, ойго салган ырларын таштап, жалаң тамашалуу, сатиралык ырлары менен коомчулуктун көңүлүн имере алды.

– Саламатсызбы, Гүлжигит? Учурда эмне менен алексиз?
– Саламатчылык. Чыгармачылык үстүндө элемин. Концерттерге катышып, жаңы ырларды жаздырып дегендей. Жакында эле «Тико» деген ырыма клип тарттырып бүттүм. Бул чыгармам «Ошко сапар» аттуу ырымдын 2-бөлүгү.

– Чыгармачылыкка кандайча келип калдыңыз эле?
– Менин, чынында, музыкалык билимим жок. Учурда бул багытта сырттан окуп жатам. 1998-жылдары болсо керек эле, жатаканада жашачумун. Бош калганда анча-мынча ыр, обон чыгара калмайым бар болчу. Анан ал ырларым студенттерге тарап, жакшы кабыл алына баштады. Ошол мага шык берип, чыгармачыл дүйнөгө аралашып калуума чоң себепкер болду.

– Эгерде ырчы болбой калсаңыз, өзүңүздү кайсы чөйрөдөн көрө алат элеңиз?
– Кесибим боюнча дене тарбия мугалимимин. Юридикалык да билимим бар. Балким, ушул тармактардын биринде иштемекмин. Бирок ырчылык, обончулукка кирип кеткенден кийин бул дүйнө мени өзүнө тартып кетти.

– Эмнеге жалаң түштүк кыздарына арнап чыгарасыз ырларыңызды?
– Негизи, түштүктө көп жүрөм. Ал жактан чыгармачылык эргүү алам. Ошол себептен го дейм. Ошондон улам ойлоп калдым, башка аймактын кыздарына да арнап ыр жазыш керек экен деп. Бирок нарындык кыздарга арналган «Агенттеги махабат» деген ырым бар. Жакында аранжировка жасатып, буюрса, күйөрмандарыма тартуулайм.

– Сиздин ырларыңызга карата «жеңил-желпи сөздөрдөн куралган» деген көптөгөн сындар айтылып жүрөт...
– Буга кошулбайм. Анткени башында мен деле мазмуну терең ырларды жазып көргөм. Бирок көпчүлүк кабыл алган эмес. Учурда ырларымды эл жактырып, угуп жатабы, демек, мен алардын талабына ылайык келген чыгармаларды жаратуудамын деп ойлойм. Бири жактырса, экинчиси сындайт. Муну түшүнүү менен кабыл алам. Менин ырларымды да уга турган аудитория бар.

– Абак жөнүндө жазылган ырыңызды уккан жайыбыз бар. Бул ырдын жаралуу тарыхына кайрыла кетсеңиз.
– Бул ырымдын мазмуну абакта отурган бир жигиттин энесинен кечирим сураганы тууралуу. Ал жакта күнөөсү жоктор деле отурушат, чынында. Менин максатым – ошол каармандын негизинде абакта күнөөсүз күн кечиргендердин тагдырын чагылдырып берүү болгон. Ыр жарыкка чыккандан кийин түрмөдөн чалып рахмат айткандар да болду.

– Кепти ата-энеңиз, бир туугандарыңыз жөнүндө улайлы...
– Атам көп жылдардан бери салык кызматында эмгектенет. Апам болсо мугалим. Алты бир туугандын экинчисимин. Бардыгы үйлөнүп-жайланышкан, бойдоктордон мен эле калдым окшойт (күлүп).

– Сөзүңүзгө караганда той жакында окшойт. Дегеним, сизди «Лейлектик кыз» ырыңызга тартылган клиптеги кыз менен мамилеси бар дешет...
– Чынында, аны менен эч кандай мамилем жок, кээде гана ага-карындаш катары сүйлөшүп, ал-жай сурашып турганыбыз гана болбосо. Кайсы жерде концерт койбоюн, залда отурган аксакалдар «клиптеги каарман экөөңөр кыз-жигитсиңерби? Лейлектик кызга эле үйлөнүп ал» деп бата беришет. Ошондон улам ушундай сөздөр чыгып кетиптир. Негизи ал болобу, башка болобу, эгер жолубуз бир болсо, ким билет, баш кошуп калат чыгарбыз...

– Балалыгыңыз тууралуу кеп козгосок...
– Балалыктан арманым жок. Абдан оюнкарак, шок бала болчумун. Кошуналар балдарын мага кошкондон кадимкидей чочулашчу. Себеби көчөдө өтүп бараткан машиналарды себепсиз эле таш бараңга алып, терезелерин сындырып ойноо, бирөөнүн чөбүн өрттөө бизге абдан кызык болчу. Мындай тентектигимдин айынан үйдөгүлөрдөн тил укканым аз келгенсип, тиги балдардын ата-энелерине да жаман көрүнчүмүн. Бирок тартибимди эсепке албаганда мектепте абдан жакшы окудум.

– Достук жаатында бир-эки ооз сөз. Кан досторуңуз да, көңүл калтырган досторуңуз да болсо керек...
– Достукка бекеммин. Албетте, оорумду колдон, жеңилимди жерден алган чыныгы достордон куру эмесмин. Ошону менен бирге көңүл калтыргандар болгон. Негизи, уруш-талашка жеткирбегенге аракет кылып, конфликттен тышкары жүргөн адаммын. Эч кимге таарынбайм, жинденбейм дебейинби. Келсе бир жылда бир "КамАЗ" жиним келет.

– Бир "КамАЗ" жини болгон адам «нокаутка» деле далай учураса керек?
– Айылдан жаңы келип, 1-курста окуп жүргөндө эрежесиз эр уруш менен машыккан балдар менен билбей тиреше калам деп абдан катуу таяк жегеним эсимде.

– Алгачкы сүйүүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Дегеле сүйүү дегенди кандай түшүнөсүз?
– Бул сезимге ушул убакка чейин бир дагы окумуштуу так аныктама бере албай келет. Мунун жыргалына караганда азабы көп болот. Ал эми менин түшүнүгүмдө сүйүү бул – биринчи кезекте эки адамдын бири-бирин түшүнүүсү. Алгачкы сүйүүгө студент кезде кабылгам. Менин чыгармачылыкка аралашуума да ошол махабатымдын таасири чоң. Ал азыр үй-бүлөлүү. Бирок ал кызга такыр жолуккум келбейт. Анткени менин жүрөгүмдө ошол мен сүйгөн студент кездегидей элесте кала берсин дейм.

– Ушул жашка келип эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?
– Баары эле ойдогудай. Азыр 33 жаштамын. Уулум, эл сүйүп уккан чыгармаларым бар. Бир гана өкүнгөнүм, убакыттан уттурганым. Ойлоп көрсөм, убакытты жөн эле «өлтүргөн» күндөрүм көп болгон экен.

– Күйөрмандарыңыздын сизге карата чектен чыккан жоруктары болгонбу?
– Андайлар көп эле болгон. Мисалы, бир жолу Көлдөн Ошко бир күйөрманым келип, учурашып алып кайра кетип калган. Ошондо аябай шок болгом. Андан тышкары кыздар "таанышып албайлыбы?" деп телефон чалышат. "Убактым жок" десем, "карап тур, сага баары бир тием же болбосо өлтүрүп кетем" деп СМС жазгандар да болот.

– Учурда тойлордо ырларыңыз популярдуу. Ставкаңыз канча?
– Мурун тойлорго чакыруу алчумун. Бирок андай учурларда артист келдиби, ырчы келдиби деп койбой жөөлөп кеткендер болот. Анан да ырдап бүткөндөн кийин «акчамды бер» деп той ээсинен үмүт этип тургандан көңүлүм калган. Азыр деле "ырдап кет" деп чакырышат, бирок баш тартып коём. Менин оюмча, ырчынын орду сахнада.

– Башында жалаң муңдуу ырларды чыгарчусуз, кийин шаңдуу ырларга өтө баштадыңыз. Мунун сиздин жашооңузга кандайдыр бир деңгээлде байланышы бардай...
– Балким. Дал ошондой кайгылуу ырларды ырдап жүргөндө жашоомдо да ошондой бороон-чапкын болгондур. Азыр шаңдуу ырларым чыгып жатат, демек, менде бардыгы ойдогудай деп билсеңиздер болот.

– Маегиңизге рахмат, чыгармачылыктан талбаңыз.

Асел Асанова
star@super.kg


Гүлжигит Сатыбеков: "Тойлордон катуу көңүлүм калган"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(47)
SUPER.KG видео
29.12.2012. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналист кыз ото тырышатко жайыраак эле отурсан боло (же ушугонсунго)
SUPER.KG видео
30.12.2012. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир паркта жолугушуп жакшы маек куруп анан аларды секин супер инфого таштап коюптур
SUPER.KG видео
30.12.2012. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чисто мужской жооп бериптир го,бактылуу бол!
SUPER.KG видео
30.12.2012. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен күзүндө өткөргөн концертине баргам. Абдан жакшы болгон,ар бир ырынын тарыхын айтып берүүгө да жетишкен. Мүнөзү токтоо,сабырдуу окшойт,интервью берип жатып эч бир сүрдөгөн жок. Кадимкидей эч кандай жасалмасы жок эң мыкты интерьвью болуптур.
31.12.2012. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн мыкты маек болуптур. Гулжигит байке сизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Ар дайым ырларыныз хит болуп журо берсин.
31.12.2012. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгыз оркундоп осо берсин, эл ичинде аман болуп, эн мыкты ырларды жарата бериниз.
31.12.2012. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AtankulovaB,гулжигит озу сен кайжерден болосун Баткендин Апкан деген айылынан эмеспи бир Апканга концерт койгону барчы
31.12.2012. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйообала босон болуп Лейлеке Лейлектин кыздары да не подарок.
31.12.2012. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал
31.12.2012. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sizge chygarmachylyk yigylykterdy kaalaim maga sizdin kairyluu yrlarynyz jagat kobuncho shanuu yrlarynyzdy uga elek ekenmin,oshentse da sizge yigylyk dagy koptogon yrlardy jarata beriniz
01.01.2013. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гужу ррулит!!.. Малоч так держать.. :) с новым годом.
01.01.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guljigit HTC kanalinda maek bolgondo e4 uylongon emesmin degen. uyalbaybi balasin?ayalin tawtap ketip kalgan.ozu Aksi rayonunan bolot
01.01.2013. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар дайым ийгиликтерди багынтып журо бериниз.Азаматсыз.
01.01.2013. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул деген турмуш,ал озу билет мне дейт,сага ийгилик гулжигит
SUPER.KG видео
01.01.2013. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыныгы талант!ийгилик калоо менен бирге жаны ырларды кутобуз!!
02.01.2013. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа..."Лейлектик кызга"деген ыры жакты,молодец!ИЙГИЛИК чыгармачылыгынызга!Алып баруучу кыз аябай турмушуна нааразыдай корунуп калыптыр го негедир...
02.01.2013. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy brat men ukpadym abaktagy yryn bashka yrlary jakshy 4ykkan
02.01.2013. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир маегинде кыздар м-н таанышканда биринчи тырмагына конул бурам деп айтканы бар, озу жашы деле келип калыптыр, уйлонгонун угуп алып я в шоке! Кандай болбосун! уулун, жубайын кантип таштап кетти?! "Купуя Сыр" китебин дагы бир жолу окуп чыксанчы, балким уй булоо жонундо жазылгандыр....
02.01.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун ырдаган ырларын суйуп угам ийгилик сизге Гулжигит байке
02.01.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит байке,жаны жыл кут болсун.Жаны жылда жаны ийгиликтерди,жаны бакыт,чыныгы суйуу жана уй ичинизге тынчтык каалайм.Ар дайым эл сыймыктанган ырчылардан болуп журоберин...
02.01.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lichnyi jashoosu menen silerdin ne ishiner bar glavnyi silerge jagymduu yrlardy chygaryp tursa bolduda...iigilik Guljigit tol'ka alga!!!
02.01.2013. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Достор бирок звездняк оорусу бар.Тойго келип 200;доолллааар алган ким анда Ошто.бирок итин чоп жеди.ооматты кармап кал.
03.01.2013. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгармачылык ийгилик,бирок жигит адам туура калп суйлобош керек,калпты кыйла эле кошуп суйлойт экен,ар бир региондордун озунун диалектиси болот ошого шек келтирип ырдабай жур бир кун чабылып кетишин мумкун......эске тута жур
03.01.2013. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
такыр жакпайт ырчы катары жеке жашоосу озунун иши бирок баласы бар туруп кыз алам дегени бесит просто
05.01.2013. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
клипте озу катышпай эле койсо болмок
SUPER.KG видео
05.01.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ырчыго,ырларыда жакшы
SUPER.KG видео
05.01.2013. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы Супер-Инфо гезитинин жамааты,сиздерден сураныч Гулжигит Сатыбековтун интервьюсунда айтылган купуя сыр атту китептин авторун билип бере аласыздарбы?алдын ала рахмат!!!
05.01.2013. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лейлектик кыздын чачы керемет го...
29.01.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооо москвада ырлары жанырат го жанырат.ар бир кафеделерде.....ИСФАНА деп
23.02.2013. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырлары жакшы молодец!!!!!!!
SUPER.KG видео
11.08.2013. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сиздерден сураныч купуя сыр атту китептин авторун билип бериздерчи!Алдын ала чон рахмат!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо