«Кеңеш» тобу:«КӨРӨ АЛБАСТАР БАЛАБЫЗДЫ БАГЫП АЛЫШТЫ ДЕП АЙТЫШКАН»

№531 4-10-январь, 2012-ж

«Нике кайып», «Сирень гүлү», «Ханышам» аттуу элге белгилүү ырлардын аткаруучулары – «Кеңеш» тобунун жылдан-жылга популярдуулугу артып барат. Шаңдуу ырлары менен элдин купулуна толуп келаткан «Кеңеш» тобу бүгүн биздин төрүбүздө.

Саламатсыздарбы, майрамыңыздар менен!
Мүзүр: – Рахмат, бирге болсун!

– Жаңы жылды кандай тостуңуздар?
М.: – Жаңы жыл майрамы мусулманчылыкта катардагы эле күндөрдүн бири болуп эсептелет экен. Андыктан акыркы жылдары Жаңы жылды мурункудай толкундануу, чыдамсыздык менен эмес, катардагы күндөрдөй тосуп калдык.
Гүлмира: – Аяштарыбызга быйыл Жаңы жылды биздин үйдө тособуз деп сөз берип койгон элек, бирок баш тартканга туура келип, аларды да бир аз таарынтып алдык окшойт.

– Кепти «Кеңеш» тобунун түптөлүү тарыхы менен улантсак. Аталган топтун түзүлгөнүнө канча жыл болду?
М.: – Топ 1998-жылы түзүлгөн. Ошол жылы атам Кеңешбек көз жумган эле. Бир жылдан кийин чоң апам «Кеңешим, Кеңешим» деп жүрүп ал да күйүтүнө чыдабай кете берди. Атамдын атын өчүрбөй топ түзүп, атын ошол топко ыйгарам деген максатым бар эле. Ал тилегим да орундалды.

– Сиздерди популярдуу кылган «Нике кайып» деген чыгармаңыздар болду окшойт...
М.: – Сөзү куудул Жакут Сыдыковго таандык. Обону меники. Өзүбүз ырдаган ырлардын дээрлик баарынын эле обондорун өзүм жаратам. Аталган чыгармага тартылган клиптин идеясы Мырза Айдаралиевге таандык. Ошондо биз клип тарткандан эки күн мурун чындап эле Бакыт үйүнөн бир кыз нике кагазына кол койбой качып кетип калган экен. Клип тартканы барсак, ал жердегилер «алдын ала билгенсип» дешип аябай таң калышкан.
Г.: – Мага Мүзүр «мен башында рэп сыяктуу кылып ырдайм, анан кайырмасында сен «ардагым, тандадың» деп кыйкырып ырдайсың» дегенде эле такыр жактырган эмесмин. Ушул кантип ыр болсун деп. Көрсө, Мүзүр билгендей эле айтыптыр.

– Чыгармачылыкта оош-кыйыштар, кыйналган учурлар көп эле болсо керек...
М.: – Кээде Гүлмира «мен топтон чыгам» деп күйдүрөт да. «Ээ, топтон чыгам дегениң, ажырашам, сени менен жашабайм дегениң да» деп айтып калам (күлүп).
Г.: – Чындап эле үйгө, балдарга убакыт бөлгөнгө чамам келбей калат. Ага кошул-ташыл болуп Мүзүр «болбойсуңбу тезден, элдин аялдары баарына жетишет, сен болсо жүрөсүң!» деп ачуусу келип кыйкырганда айтам да. Үй кызматчыбыз жок болсо, мен деле үйдү, балдарды карап, үй кожойкеси болуп отургум келет.

– Продюсерсиз иштөө кыйын эмеспи, бул жаатта кыйналган жоксуздарбы?
М.: – Кыйналганбыз. Бут тосуулар болгон, азыр деле болуп келатат. Бирок Кудайдын көзү түз экен, ушул деңгээлге жеткенибизге шүгүр.
Г.: – Ушул жерден бир нерсени айта кетпесем болбос. Биз «Карагат» деген ырыбыз менен жаңы чыгып жатканда
40 миң сомго форма тиктирип, КТРКнын «Көгүлтүр отуна» катышканбыз. Анда өзүбүз батирде тургандыктан, бул сумма бизге көп болчу. Бизди таңкы саат 5:55те эфирден беришти, элдин баары уктап калганда. Ошондо аябай ыйлагам, «эмнеге бардык жерде адилетсиздик күч алган? Берүүнүн башында баягы эле экрандан түшпөгөн ырчылар. Биринчи үчөө ырдап чыкса, андан кийин жалгыздан чыгып ырдап жатышты. Биз бир жолу чыксак, ошону да ыңгайлуу убакытта коюшпайт» деп.
Кийинки жылы көңүлүбүз калбай дагы катыштык, атын айтпай эле коёюн, бир белгилүү эле продюсер биз мен жапжакшынакай сүйлөшүп жаткан. Бир кесиптеши кулагына бирдемени шыбырап кеткенден кийин эле берки продюсердин бизге мамилеси дароо өзгөрдү. Менин жаныма келип бутумдан башыма чейин карап, «бул эмне деген форма?! Биз мындай форма менен чыгара албайбыз!» деп колу менен көйнөгүмдү көрсөтүп мени уяткарган. Анан да мени сындырганына ушундай ырахаттанып, өзүнө-өзү ыраазы болуп мени тиктеп турганычы! Мен ошол жерде араң ырдап бүттүм. Үйгө жеткиче макияжым батташып, ыйлап келгем. Биздин клиптер КТРКнын форматына туура келбейт экен, мейли чыкпай эле койдук. Бизди «колхоз ырчылар», өздөрүнүкүн «фирманын ырчылары» деп бөлүп коюшат экен. Жайында аянтта концерт болуп, биз сахнага чыкканда эл кимди угары билинди. Баягы «фирманын ырчыларына» ким кол чапты? Эч ким!
М.: – Жакында эле бизди бир тойго чакырышты. Барсак, баары эле башка улуттагы адамдар. Биз эки жагыбызды каранып «адашып келип алган окшойбуз» деп турсак, туура эле барыппыз. Той ээлери уйгурлар экен, атайын биздин «Ханышам» деген ырыбыз үчүн чакырышыптыр. Биз ырдасак, бизге кошулуп ырдашты, сөздөрүн жатка билишет экен, аябай таң калып кайттык.

– Кепти башка багытка буралы, ээ? Сиздер гүл темасында көп ырдайсыздар, себеби эмнеде?
М.: – Анан тикен тууралуу ырдайлыбы? «Коко тике-ен...» деп. Темасы гүл болгону менен, ичи сүйүү тууралуу болуп жатпайбы. Буюрса, далай гүлдөргө арнап ыр жазабыз.
Г.: – Колдон келсе, Мүзүр гүлдөрдүн бардык түрүнө арнап ыр жазсам дейт.

– Кайсы чыгармачыл адамдар менен үй-бүлөлүк тыгыз катыштасыздар?
М.: – Мырза Айдаралиевдин үй-бүлөсү менен эң жакшы достордонбуз. «Биз» тобу, Гүлжигит Сатыбеков, Айнура Салахидинова менен мамилебиз жакшы.

– Өтүп бараткан жыл эмнеси менен эсте калды?
М.: – Беш жылдан бери куруп бүтө албай жаткан үйүбүздү бүтүрүп кирдик. Гастролго чыгып келдик. Ансарий аттуу кыздуу болдук. Гүлмира төрөгүчө аябай шаштыбыз кетти. Анткени «төрөттөн каза болуп калыптыр» деген ушак тарап кетип, мага чалышат, «эмне болду?» деп. Бир чети бул Гүлмиранын психологиясына доо кетирсе, экинчи жактан менин шаштым кетет десең, эртерээк эле аман-эсен көз жарып алса экен деп.
Г.: – Ооба, ошондой сөздөрдү угуп чындап эле өлүп каламбы деген да ойлор кеткен. Улуу балам Медерге чейин эки кызым чарчап калган эле. Медер боюмда болгондо дарыгердин айтканын кылып үйдө жатып, сыртка аз чыгыпмын. Ошондо туугандардын арасынан эле бирөө «Гүлмира төрөбөй эле, баланы багып алыптыр» деп чыгышпадыбы. Негизи, адамдардын фантазиясына таң калса болот.

– Гастролдоп көп жүрөрүңүздөрдү билебиз, мындай учурда балдарыңыздарды кимге табыштайсыздар?
М.: – Ачыгын айтыш керек, гастролго чыкпаган артист – артист эмес. Бизди зарыгып күткөн айыл жергесинде күйөрмандарыбыз бар. Алардын каалоосу менен да эсептешиш керек.
Г.: – Кошулам. Биз гастролго чыкканда балдарды апама таштайбыз. Улуу балабыз Медер эч ырчы болгусу келбейт. Себеби биз көп убактыбызда гастролдордо болуп, ага аз убакыт бөлүп калдык. Ошондон көңүлү калганбы, айтор, чоңойгондо Аяз ата болом дечү эле, эми жакындан бери депутат болом деп калыптыр.

– Кызыктуу маек куруп бергениңиздерге чоң рахмат!

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Кеңеш" тобу: "Биз Жаңы жылды уктап тостук"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(76)
08.01.2013. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гульмира эже наоборот татынакай, боенгону, формалары сонун! Музур байке, Гульмира эже абдан токтоо, жонокой адам экенсиздер!! Бактылуу болунуздар!!
08.01.2013. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнесин короалбайт болду экен короалбастар? )
08.01.2013. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elya2404, :)
08.01.2013. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ кыргыздар ушинтип бут тосуу,коро албастык кыла берсек Кыргызстан качан онугот.
SUPER.KG видео
08.01.2013. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улгу алчу уй булоолордон экен, кош жылдыз наамын буларга берсе болмок! Неля менен Урматка караганда 100 эсе ойдо.ийгилик каалайм!!!
08.01.2013. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jaqat da maga Kenesh tobu, iigilik.
08.01.2013. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"колхоз ырчы " анан "фирма ырчы" деп болуп койгону кызык екен баарынан ))))) эмнеси болсо дагы Кенеш тобуна ийгилик!!!
09.01.2013. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kenesh tobunun yrlary en ukkuluktuu yrlar! ukkanda kadimkidei es alasyn! airyk4a uzak jolgo 4ykkanda takside baratyp uksan vai-vai-vai!
SUPER.KG видео
10.01.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар кенеш тобу силерди аябай сыйлайм!иштеринерге ийгилик мотурайган балдардын бактылуу эне атасы болуп журо бергиле! эн башкысы ктр эмес кыргыз элдин журогундосунор!!!
SUPER.KG видео
10.01.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин суйгон тобум. молодцы.
10.01.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
музур гулмира эч качан конулунор калбасын биз силердин эмгегинерге таазим этебиз !!!колхоз дегендер-оздору колхоз!!!силердин клибинер ото маанилуу,коркомдуу!!!а башкалардын клиптири-башы бар аягы жок! калп эле макияж жасанып алышып эле оздоруну корсоткону чыгышат !!
10.01.2013. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
3 ко чыккан кызым ноутбуктун тамгаларын озу терет кенеш деп карагатты эле угат ушунчалык !!!тан калам !!!ханышам деген ырын жаттап алыптыр !!!
11.01.2013. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйунун мурогу деген ыр сооооонун го
SUPER.KG видео
11.01.2013. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Osh bazarda polyarniy go ayabai
11.01.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сирен гулу деген ырынарды тажабай угам, ийгилик ишиниздерге.
11.01.2013. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны жыл кыргыздын майрамы эмес экенин"Кеч"тушунгондорго тан калам.Эмне адамдар буга чейин Кыргыздардын тарыхын,урп адат,каада салт,кандай майрамдары бар экенин эч жерден окуп билген эмеспи.Чыныгы кыргыздын майрамын майрамдаш учун биз чыныгы кыргыз болуп жашаш керекпиз(кыргыздын кайсы майрамдары бар экенин билген адамга тушунуктуу).Майрамдап конул ачуу менен динибизди,ыйманыбызды сатпадык го.Алладан жакшылыктарды сурап отурат го ар бир адам баласы бул куну...Ишинерге ийгилик,оссо бергиле!
11.01.2013. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
[ха ха телевидениеде коррупцияга каршы коррупцияга каршы дейт аа оздору ошол корупционер лер экен да !мындайлар даже кыргыз жерин сатып ийгенден тайманбайт ,акмактар !
12.01.2013. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бншик боонуздар бек болсун,уй булолук бакыт жана чыгармачылыгыныздар оорчуй берсин ишиниздерде ийгилик!
12.01.2013. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сирен гулу деген ырын суйуп угамго. Ийгилик каалайм
12.01.2013. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омей кимиси фирма ырчысы экен, козго сайып корсото турган кайсынысы бар экен, чын-чынын айтканда "пиар"менен эле оздорун афишировать этишип,мен тигиндеймин, мен укмуш,момуну кыйратам дегендерге караганда силердин топтун элге синимдуулугу тоолук ойдо. фирменный ырчы жок!!!мен кепилдик берем))),оздорун элитабыз деп эсептегендер кантип уялышпайт экен ээ,алардын колхоз экенин элдин баары билет)))Ой ошол кулкуну чондор силерден акча умут этишип анан кылган иштери да,конул бурбагыла, КТРге плюньте ок
12.01.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
то есть КТРдин ошол силерге тоскоол болгон продюсерлерине )))
12.01.2013. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда бул топтун ырларын суйуп угам жана ийгилик каалайм!
13.01.2013. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизинен алганда бул топ таза кыргыз сыяктуу, жулунуп тытынып деле журушпойт, стили кыргыздын мунозундой, оздору сирен гулундой бойтоюшуп. Анан дайым аракетчил таланттуу топ. Ошон учун алдагы фирменныйлар бир аз кызганышса керек да. Силерден созсуз жаны чыгармаларды кутуп калабыз ишинерге оомат берекелуу ийгилик.
19.01.2013. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
_oichul_, boitoiushup dep sonn aitkansyngo hahaha ))))))
14.01.2013. 06:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик андаа ( КЕНЕШ тобу ).... фирмадан келген ырчылар силерди да капа кылгыым жооок ийгилик....
SUPER.KG видео
17.01.2013. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kenew tobu silerge 4ygarma4ylyk ijgilikterdi kaalaim! Gul'mira eje, Myzyr baike ardaiym silerdi Allahym koldosun, Meder menen Ansarige baktyluu balalyk kaalaim urmatym menen Aijanka...
22.01.2013. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенеш тобу азаматсынар!Ар бир клибинерди,ырларды изденуу менен чыгарасынар.Чон-чон ийгиликтерди каалайм.
27.01.2013. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
конечно коррупция кыргызда тыйылбайт! менин оюмча кенеш тобу озулорунун аракети мандай тери менен кыргыз элине таанылды. колхоз деп же башка деп атаганы менен коч бара-бара тузолот деген макал так ушул топко тишелуу. просто азаматсынар!
SUPER.KG видео
22.02.2013. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым 2 Дуйно бактылуулукту насип эткен болсун сиздерге...
SUPER.KG видео
26.03.2013. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага абдан жагат Кенеш тобу эн алдынкы дует жана ушунунардан жазбагыла демекчимин
SUPER.KG видео
01.04.2013. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kenesh tobu ayabai jagat,molodsi!
25.04.2013. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вы просто молодцы,главное что народ любит и слушает вас с удовольствием,видем и слушаем тех,кто "фирменные"для начала хотя бы в зеркало на себя посмотрели бы,а песни их чехня,слушать невозможно.Народ сам выберет кто для них настоящие певцы.Я восхищаюсь вами,удачи в карьере и любви в семье
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо