№531 4-10-январь, 2012-ж

31-декабрь күнү Сокулук районунун Шамшы-Орловка автожолунда катуу ылдамдыкта келе жаткан белгисиз айдоочу 42 жаштагы Он-Бир- Жылга айылынын К.У. аттуу жашоочусун уруп кеткен. Ал жабыркаган адамга алгачкы медициналык жардамды көрсөтпөстөн из жашырган. Жыйынтыгында жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. Айдоочу изделүүдө.
Ошондой эле окуя 2-январь күнү болуп өттү. Саат 15:50 чамасында Бишкек-Ош автожолунда Венто жана СРV үлгүсүндөгү эки жеңил унаа кагышып кеткен. Бул тууралуу КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы маалымат таратты. Натыйжада Венто унаасынын жүргүнчүсү, 1974-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну А.А. кырсык болгон жерден каза тапты. Мындан тышкары 3 жүргүнчү денесинен оор жаракат алышкан.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |