ЖАСАЛМА АКЧА ЖАСАЙМ ДЕП КОЛГО ТҮШТҮ

№531 4-10-январь, 2012-ж

Кыргызда «асыл – таштан, акыл – жаштан» деген жакшы сөз бар. Чындыгында, азыркы күндө акылдуу, билимдүү жаштарыбыз көп. Бирок арасында ошол акылын арам оокат табууга жумшагандар да жок эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрь күнү Чүй облусундагы Токмок шаарынын милициясына жергиликтүү бир айым арыз менен кайрылган. Токмок шаарында ошол күнү болжол менен саат 20:00 чамасында эки азиат түспөлүндөгү жигит ал айым иштеген дүкөнгө кирип 500 сомдук акча берип, азык-түлүк сатып алышкан. Алар чыгып кеткен соң гана сатуучу акча жасалма окшойт го деп шекшип, ошол замат милиция кызматкерлерине кабарлаган.
Ал ортодо шаардын дагы эки соода түйүнүндө бирөөлөр жасалма акчага соода кылып алдап кеткендиги тууралуу кабар милицияларга жеткен. Тез аранын ичинде бул ишти ачууну көздөшкөн Токмок ШИИБинин ыкчам иликтөө кызматкерлери шылуундарды издей башташкан. Алардын акыбети кайтып, көп өтпөй шылуундардын биринин изине түшүшкөн. Натыйжада кылмышка шектүү делинип 20 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну К.Б. кармалган. Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү деп кармалган жигит компьютер жана түстүү принтердин жардамы менен жасалма акчаларды жасаганы аныкталган. Далил буюм катары 5 даана 500 сомдук жасалма акча жана аларды жасап жүргөн түстүү принтер табылып, тартылып алынган.

Бул кылмыш тууралуу Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматынын инспектору Нурбек Токтосунов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул кылмышка шектелип 1992-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну К.Б. колго түшүрүлдү. Анын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 198-беренеси (жасалма акчаларды же баалуу кагаздарды даярдоо, сактоо же сатып өткөрүү) боюнча иш козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Балким, бул жигит колго түшпөгөндө дагы канчаларды сыздатмак эле, ким билет... «Колуң менен жасаганды мойнуң менен тарт» демекчи, эми бул шылуундар жазасыз калбайт.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
07.01.2013. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам оокат аш болбойт деген ушуда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо