ИЗДЕЙМ СЕНИ

№531 4-10-январь, 2012-ж

Редакциябызга жакын­дарын, тууган-тууш­канда­рын издеп кимдер гана кай­рылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыя­лан­ган соң табышып, катышып кеткендер көп.

«КАЙДАСЫҢАР, КУРБУЛАР?»
– Курбуларым менен өткөн кызыктуу күндөрүм эстен кетпейт. Андыктан мен сиздердин гезитке алардын кабарын билмекке кабарлашып жатам. Аты-жөнүм Роза Соотканова. 1982-1984-жылдары Бишкек шаарында окуган курбуларым 1965-жылы туулган Дүйшалиева Динара Кашымбековнаны жана Токон Кожекованы издейм. Динара Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынан болчу. Кийин Сокулук районунун Киров айылына Шакирдин Султанов деген жигитке турмушка чыккан. Ал эми Токон Ат-Башыдан болчу. Токонду биз Тамара дечүбүз. Менин билдирүүмдү окусаңар, курбуларым, мага байланышка чыгып койгула.

Роза
Тел:. 0553 889094

«НОМЕРИМ МЕНЕН КОШО КУРБУМДУ ЖОГОТТУМ»
– Мен Атыргүл Убайдуллаева Адыловна 2001-2006-жылдары Кыргыз улуттук университетинде кыргыз филологиясы факультетинин КТАОМ, 1-01 тайпасында бирге окуган группалаштарымды жана дайыма бирге жүргөн курбу кызым Садыкова Курсанай Халиловнаны тапкым келет. Ал Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын №18-кварталынан болот, бирок ал азыркы учурда Бишкек шаарында жашайт деп угуп келем. 2006-жылдан бери телефон номерлерибиз өзгөрүп, байланышпай калдык. Сиздерден суранарым, менин телефон номеримди жана электрондук почтамды (atyrgulu@mail.ru ) жарыялап койсоңуздар.

Тел.: 0770 227298

«ТОКМОКТУК СУЛУУНУ ИЗДЕП КЕЛЕМ»
– Мен Токмок шаарында жашаган Элизаны издейм. Атым Нурдин. Ал болжол менен 1994 -95-жылы төрөлгөн, Балыкчы шаарынан болом. Өзүм Бишкекте шахмат, нарда жасап иштейм. Элиза экөөбүз 2010-жылы таанышкан элек. Кийин бири-бирибизди таппай калдык.

Нурдин
Тел.: 0709 090536

«КЛАССТАШ КЫЗЫБЫЗДЫ ИЗДЕЙБИЗ»
– Таластын тургуну Гулиза Кубатбек кызын (Бишкектеги Ш.Сы­ды­ков атындагы спорт жатак мектебинде окуп кеткен) издейбиз.

Классташтарың
Тел.: 0703 337717

Сиз качандыр бир кездеги жа­кын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсө­­тү­лүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо