Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

УЮЛДУК ТЕЛЕФОН УУРДАП УЯТ БОЛБО

№531 4-10-январь, 2012-ж

Азыркы учурда мектеп курагына жете элек бала да уюлдук телефон эмне экенин түшүнөт. Жаштардын баары кымбат баалуу жана акыркы үлгүдөгү уюлдук телефон көтөрүүнү самашат. Сөз дал ошондой уюлдук телефондун айынан болгон уурулук жөнүндө болмокчу.
2012-жылдын 9-декабрында Баткен РИИБине Ж.У. арыз менен кайрылган. Арызда 2012-жылдын 9-декабрь күнү саат 14:00 чамасында Баткен районунун Кара-Токой айылында жайгашкан Б.Мергенов атындагы орто мектептин волейбол ойноочу спорт аянтчасынан Nokia 5530 үлгүсүндөгү уюлдук телефону жоголгону айтылган. Телефон Ж.У. спорт аянтчасынын жанындагы темир түтүккө спорттук кийимин илип койгон жеринен уурдалган.
Баткен РИИБинин оперкызматкерлери окуя болгон аймактан кылмышка шектүүнү кармашкан. Көрсө, Ж.У. волейбол ойноп жатканда И.А. алардын оюнун көрүп турган экен. Көп убакыт өтпөй эле Ж.Унун уюлдук телефону шыңгырайт. Аны уккан И.А. Ж.Унун чөнтөгүндөгү
11 миң сомдук Nokia 5530 телефонун алып, спорттук аянтчадан кете берген.

Курбанбек Макканбаев, Баткен РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери:
– Арыздын негизинде кылмышты иликтөө бөлүмүнүн опертобу окуя болгон аймакка барып, текшерүү иштерин жүргүздүк. Текшерүү мезгилинде аталган уурулукка шектүү деп 15 жаштагы өспүрүм И.А. кармалды. Атасы уулунан телефонду алып, ээсине кайтарган. Бул кылмыш иши боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө арыз жазуучу бир айылда жашап, алар тууган-урук болгондуктан, балалык кылгандыгын эске алып, жазган арызын кайтарып алган. Андыктан кылмыш иши козголгон жок.

Уюлдук телефон уурдаган баланын атасы Баткен районундагы орто мектептердин биринде директор болуп иштегени маалым болду. Ага жолукканыбызда ал уулунун кылыгын мындайча түшүндүрдү:
– Уулум жаштык кылып, кылган ишинин арты эмнеге алып келерин билбей уюлдук телефонду алып койгон. Мындан ары баламды такай көзөмөлдөп, анын мындай жорук жасоосуна жол бербейм.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
07.01.2013. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай бала ай жаштык деп атанды уят кылыпсында.
07.01.2013. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5530НОКИО үлгүсүндөгү телефон 11000 сом турбайт 5000 сом деп көргөм анан А И И О дебей эле атын өзгөртүп болсо да жазсңыздар болбойбу.
08.01.2013. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aza150691,
Ким билет бир жыл мурда баасы ошондой болгондур))) Атын оздору окуп тушунуп жааткан болуш керек)
07.01.2013. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул эч нерсе эмес мен 30мин рублейге алган iphone4 метродон уурдатып жиберип 3 кун аза кутуп айла жок унутуп жибердим.
07.01.2013. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айфонду кайра тапса болот элего! Кааап
08.01.2013. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iphone4 tabyw onoy ele.izdese azyr dele ke4 emes.
08.01.2013. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
докменти болсо политсияга бер бир жумада таап берет
08.01.2013. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай ииий укмуш жанылыкго супер инфонун Баткендеги кабарчысы укмуш иштейт экен ээ элдер дагы кимдин телефонун уурдап кетиптир
09.01.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kimbat telefon koyoboy ele arzan 700 duk telefon kotorush kerek oshondo jogotson da kayra kaytarip beret algan Adam :)
13.01.2013. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фера туура айтасын журналист мыкты экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо