«10 ЖЫЛДАН КИЙИН ӨЗҮМДҮН АПАМ МЕНЕН ТААНЫШТЫМ»

№531 4-10-январь, 2012-ж

Кеңсебиз Ош шаарына ачылгандан бери каалоо-тилегин да, арыз-арманын да айтып келгендер көп. Алардын ичинен каарманыбыз Мураттын башынан өткөн тагдыры бизди кайдигер калтырбады.

«ЖАЛГЫЗДЫГЫМДЫ СЕЗИП ЧОҢОЙДУМ»
– Мен Ош облусунун Кара-Кулжа районунда өстүм. 2 жашымда ата-энем ажырашып, карындашым таенемдин, мен чоң энемдин колунда өстүк. Атам да, апам да кийин башка турмуш курушуптур. Айылда чоң ата-чоң энем, атамдын иниси, жеңем жана алардын балдары болуп жашадык. Кичинемде өзүмдү чоң энемдин баласымын го деп ойлочумун. Бирок жүрөгүм андай эмес экенин сезчү. Түнт болуп өстүм. Атам-апам, бир тууган карындашым бар экенин билгенге чейин менде түшүнүксүз сезимдер боло берчү. Жакын адамдарым бар болсо да, жалгызсырачу элем.
12 жашымда чоң энем мени Ош шаарына ээрчитип келип, бир аялга жана бир жаш кызга жолуктурду. Алар менин апам менен карындашым экен. Кийин билсем, ал кыз кийинки никесинен төрөлүптүр. Жаштайыман баккан апам мени бир аялдын алдына ээрчитип келип «ушул сенин апаң» дегени аябай таң калтырды. Алгач оор болгону менен, дал ушул күндү күтүп жүргөндөй жеңилдей түштүм. Бакытты издеген сайын ошол учурду эстей берем. Башка эмне кылам, андан башка бактылуу күнүм болбосо?
Ошол апам жана карындашым менен таанышкан күнү башка Мурат болуп кайрадан жарала келдим. Менин апам дүйнөдөгү эң сулуу аял экен. Эжекем мектепте «апа эң мээримдүү, эң сулуу аял болот» десе маани берчү эмесмин. Эркелеп «апа» деп бир да жолу бооруна башымды катпаган жаным ошол аялга мээримимди төгүп жаттым. Кектейин десем да болбоду. Азыр да айтам, менин апам эң сулуу айым.
Карындашымдан өзүмдү, менин жалгыздыгымды, бактысыздыгымды көрдүм. Бири-бирибизди аяр тиктеп, кайра көзүбүздү алып качабыз. Ичимден эзилип-эзилип ыйлагым келди. Ал да мага ичинен эзилип жаткандай көрүндү, бир кубана карап алып, кайра  үшкүрөт. Акылдуу кыз болот болуш керек деп сыймыктанып койдум. Анткени жашы кичине болсо да, көп нерсени көрүп койгондой көздөрү токтоо. Аттиң, ата-апабыз кашыбызда болсо, сен да эрке болот белең?
Апам Ош шаарында экинчи турмушун улантып, бактылуу жашап жатыптыр. Бирок бири-бирибизге эзилише мээрим төгө албадык, алдыбызда дубал тургандай боло берди.

«АПАМДЫН КАЙРАДАН ТУРМУШ КУРУП КЕТКЕНИНЕ ЫЗА БОЛДУМ»
– Мектепти бүтүп, ОшМУга окууга тапшырдым. Апам тил табыша албадыбы, экинчи турмушунан да ажырашты. Башкасын билбейм, апамдын ажырашып кеткени мага айтып бүткүс бакыт болду. Апамды эми биз менен гана убакытын өткөрөт деп ойлогом. Апам негедир мага өмүр бою карыз сыяктуу болуп, мага анча батына албай, көзүмө карачу. Бир бөлмөлүү үй да алып берди. Анын ар бир айткан сөзү таасирдүү эле, айткандарын бир да кабыл албадым. Телегейим тегиз болуп, факультетте эң алдыңкы студент болууга жетиштим. Контрагымды өзүм иштеп таап, кээде апам да жардам берип жатты.
Бир күнү апам жумушунан бошоп калып, турмуш оорлошо баштады. Ойлондум да, Орусияга кетүүнү чечтим. Атамдан жардам күтчү эмесмин, өзү деле жардам берейин деп аракет кылчу эмес. Орусияда бир жарым жыл иштеп Кыргызстанга келсем, апам мага кабарлабай үчүнчү турмушун куруптур. Катуу ызаландым. Мага бир ооз айтса, мен «жок, турмуш курбайсың» демек белем? Ачуум келсе да, макул болмокмун. Апамдын өзүнө да ушул кептерди айтып, үйдөн чыгып кеттим. А чыныгы себеби башкада эле. Тереңде «зар болуп жүрүп тапкан апамды кайра дагы бирөөгө тарттырып жибердимби?» деген ой ызалантып, намыстантып жаткан.
Жумушунан бошогондон кийин акча керек болгонбу, мага алып берген бир бөлмөлүү үйүн да сатып жибериптир. Таарынып айылга кетип калдым. Мага жөлөк болчу бир гана апам бар деп жүргөм. Ушул окуядан кийин апама да ишенбей калдым. Жүрөгүмө таш түйүлгөнсүп түнү менен түйшөлүп чыгам. Турмушту түшүнүп турсам да, кантип кечиришимди билбейм. Окуумду да таштап салгам...


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(29)
07.01.2013. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апалар андай кылбаш керек элего?
уххх жашоонун кызыгын кетирип бутмой болдуго 21кылым
07.01.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akrosa, 25 чи кылымга алпарып коеюнбу,?колдон келет эгер кааласан менин тааныштарым коп
07.01.2013. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jhanibek, мен сени кайра артка киргизип ийейинби 15 кылымга
мендеда тааныштар коп
09.01.2013. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jhanibek, Тообо кылдым эй! Ни в тему суйлоп коюптурсун байке.
07.01.2013. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апаны да тушунуш керек, сен туура эмес кылып атасын,эн негизгиси ал тируу сени менен апага акыл айта албайсын и акын да жок
07.01.2013. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Турмуш ушунчалык татаал болот окуунду таштап иштебей койбой сабырдуу бол эч качан апана таарынба апанын дагы пешенесине жазганын коруп жатат да
07.01.2013. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмушун эшек араба. Башка тушконду коз корот дейт го баары алладан бирок убакыт баарын оз ордуна салып коёт. Сабыр кыл.
07.01.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдар 2-3жолу турмушка чыкканы не кереги бар?ажыраштынбы...балдарын болсо,аларды ойлош керек.Канча жолу турмушка чыксан,эч качан бактылуу боло албайт!
09.01.2013. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aijana89, Ыссык жанда эмне кылсын анан
07.01.2013. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анын акысы бар,баардыгы апасынан зависит.Она с ним не считается,вот и все.
07.01.2013. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле таарына турган жоону бар,баласы жигит болуп калган сон башка турмуштун кереги деле жок болчу.Баласынын башын сылап,келин алууга камынса болмок.Атин....
07.01.2013. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мураты тушуном омур бою апа мээримине тойбой чоноюп эми минтип апасына жакындаганда апасы дагы башка турмушка чыканы туура эмес болуптур андан коро акчаларыны топтоп уйлон ошондо чыныгы аялдык мээримди махабаты сезесин жана ошол аял жанынан эч жака кетбей турган кылып татыктуу жаша.
07.01.2013. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасын да тушунуш керек го...
08.01.2013. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
апа-деген эн ыйык атка татыктуу болсок
курманжан датканын тукуму эмеспизби
энелер
08.01.2013. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бнйиш эненин таманынын астында
энелердин баары ушул созго татыктуу жандар.
энеге нааразы болоордон мурда аны кантип ыраазы кылууну ойлош керек.
мен апам учун эмне кылдыыыым деп
08.01.2013. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмушун эшек араба, туулдун калдын балага. Деген макалдын озу болуптурда.
09.01.2013. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Islamda turmushka chik dep ele aytilat, eger jakshi Adam bolso. Baktiluu ele bolsun, saga sabir Namaz okup Allah Dan jardam sura, baari jakshi bolot enshallah .
09.01.2013. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апана эч капа болбо аныда тушунсо болот ар бир адам оз тугойун таап бактылуу болгонго не жетсин. Сабырдуу бол. Апанды тушунуп жакшы мамиле кылганга аракет кыл кантседа апан. Убагы келгенде баардык нерсеге тушуносун.
09.01.2013. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сен эр жеткен жигит экенсин, апан менен бул жашоодо бир аба менен дем алып жатканына кубан. Эрдик кылып анын жаны жолдошу экоонор аны чыныгы бакыттын даамын татыткыла. Апан сен билбеген канча туйшук корду. Аял кишинин жалгыз бой журбогонун туура кором, ага деле мужское плечо керек, баласына айталбаган нерселерин жолдошуна айтып. Сен акылын болсо кызганбай, алардын жашап кетишине жардам бер. Сага апа, куйосунт жар дегендей, "атакен" менен на разной плоскости турасынар. А уйду болсо озун эле саты
09.01.2013. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тушуном бирок апаларга тарынбайлы апалар бар биз бактылуубуз
09.01.2013. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
екарный бабай
10.01.2013. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azır caşsın oşogo saga oor kelip catat kiyin ozun tuşunup kalasın
12.01.2013. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай болгон кундо да ал сенин-апан. сен бактылуусун анткени апан бул дуйнодо бар. жакшылап ойлон эртен окунуп калба.
Кээде ойлоп кетем менин деле апам кандай тагдыр болбосун тируу эле болсо гана бир эле минут башымды кокурогуно коюп жыттап жыттап алсам ээх!
13.01.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен окуунду таштап, жашоодон умутунду узбо! Канткен кундо да апан сени 9 ай соогу сыздап которуп жургон, ошого ыраазы болсок да болот. Апана таарынба, сен бул жерде эгаисттик кылып жатыпсын. Мумкун башкадан кызганып да жаткандырсын. Бирок апандан ызаланбай кайра мурдагыдан да жакын болууга аракет кыл.
16.01.2013. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоо улана берет алдыга карап жашаш керек эмне болуптур апан турмушка чыкса атан деле уйлонсо керек эненин бир тамчы сутуно канча карызбыз апанды колдору сенсин тарынба кызганба
18.01.2013. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарънарга кошулам,мен да апамын,балан учун баарына даярсын,аны канча кун.тун дебей кыйналып чонойтосун!апалардын деле акысы бар да эркин жашоого.сен баарын туура тушунууго аракет кылуун керек жана кечиримдуу бол!
15.02.2013. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эч качан бир да эркекти балама алмаштырбайм. Жалгыз болгон жаман дечи, бирок эркек бугун суйот, этен тыштап кетет, а балан ар дайым жанында, жакшы тарбияласан жакшы адам болсо сени суйунтот
22.02.2013. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marsirena бул адам эмне баласын башка эркеке алмаштырыптырбы бул мыйзам ченемдуу корунуш турмушка чыгыш керек чыгыптыр. апанын турмушка чыкканын сенда туура тушун кечир анткени ал сенин АПАН.
22.02.2013. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апанын тандоосуна,Апанын чечимине каршы чыгууга акыбыз жок.мусулманчылыкта Атан каза болуп калса же ажырашкан болсо.Апана 3 жолу куйоого тийип алыныз деп айтуу баланын милдети дейт.Апанды да тушун жалгыз жашагысы келбей атса не кылсын.эртен аял алсан сен аялын м.н болосун,карындашын куйоосу м.н кетет.Апана да шерик керек да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо