Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«10 СЕКУНДДУН ИЧИНДЕ 6 ТҮРЛҮҮ КИЙИМ КОТОРОМ»

№531 4-10-январь, 2012-ж

Тойдун көркүн ырчылар ачарын баарыбыз эле жакшы билебиз. Бирок Таласта ырдап, бийлеп гана эмес, 10 секунддун ичинде 6 түрлүү кийим которуп кийүүгө жетишип, элди таң калтырган Жазгүл деген кыз бар.

– Жазгүл, адегенде өзүң жөнүндө айта кетсең?
– 1989-жылы Талас облусунун Кара-Суу айылында төрөлгөм. Бирок ата-энемдин жумушуна байланыштуу 4 жашымдан баштап Казакстанда чоңойдум. Кичинемден эле ыр-бийге шыктуу болуп, мектепте сынактарды калтырбай катышчу элем. Ал жерде окуган казак окуучуларына «баягы кыргыз кызы» деп аябай атактуу болчумун.

– Кыргызстанга качан келип калдыңар?
– «Конокто жакшы, бирок үйдө андан да жакшы» дегендей, өз мекениңе жетпейт экен. Белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиеванын талантын аябай сыйлап, ырларын берилип укчумун. 2 жыл мурун анын студиясына ырдайт элем деп издеп келдим. Айчүрөк эже өзү ырдатып-бийлетип сындан өткөрүп, анан кабыл алды. 1 жылдай өзүнөн сабак алдым. Азыр деле байланышып, кеп-кеңештерди сурап турам. Таласта иним Чули экөөбүз той-топурларда элге өз өнөрлөрүбүздү тартуулап жатабыз. Бирок чоң сахнага чыксакпы дегенде эки көзүбүз төрт.

– Казакча аралаштырып сүйлөйт экенсиң...
– Казак балдары менен ойноп чоңойдум. Мектепти бүткөндөн бери Н.Назарбаев атындагы университетте билим алып жатам. Анан казакча сүйлөөгө туура келет экен. Анын үстүнө таенемдин улуту – казак. Домбрада кол ойното алам.

– Таласта сени жаңы чыгып келе жаткан көз боочу катары таанып келатышыптыр...
– Ооба, бул идеяны биринчи мага апам айткан. Чынында, алгач көңүлдөнгөн эмесмин. Мен үчүн бул ишке ашпай турган идея катары сезилген. Анан иним экөөбүз аракет кылып, машыга баштадык. Башында 16 секундда 6 кийимди которууга жетиштим. Ар бир бийге жараша улуттук кийимди 4 секундда алмаштырып бийлөөгө үлгүрдүм. Азыр бир кутучага жашынып, араб, лезгинка, цыган, индия, чыгыш жана кыргыз бийлерине жараша кийимдерди 10 секунддун ичинде алмаштырып кийип, бийлеп элге кызыгуу жарата баштадым десем болот.

– Бул өнөрдө шамдагайлык биринчи орунда турат экен да...
– Албетте, үйдө да бул боюнча күнүнө 8-9 жолу машыгам. Бир жолу бир тойдо кызык окуяга туш болгом. Ал кезде кутучаны иним ачып берип турчу. Мен кийимимди которуп жатсам, ал ачып жиберсе болобу! Элдин баары күлүп эле жатып калышты. Бирок куулук менен ал кырдаалдан чыгып кеткенбиз.

– Коомчулук кандай кабыл алууда?
– Башында тойлордо жөн гана ырдап койсом, көп деле көңүл бурбай, алдыларындагы тамагын жеп отура беришчү. Азыр болсо өнөрүмдү баштаганда кадимкидей отургандардын арасында жандануу пайда боло баштады. Тура калып жакын келип карап, «чын эле ошол кызбы же башкасыбы?» деген суроолорду берип калышат. Ошондон улам бул өнөрүмдү өстүрүү керек экендигин түшүнө баштадым.

– Келечекте максаттарың кандай?
– Эң биринчи иретте бул өнөр­дү кыргыздар деле аркалай аларын көрсөтүү. Буюрса, иним экөө­бүз чакан концерт берели деп турабыз.

Нургүл Чабдарова
talas@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(30)
07.01.2013. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwy eken, iigilik anda silerge!
07.01.2013. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазгул Талас районундагы Кара-Сууданбы? Ийглиик сага онорун оркундой берсин!!
07.01.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jazgul Bishkektegi toilorgo dele sizdin ideangyz kyzyktuu bolso kerek sizge iigilik
07.01.2013. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик келечегине...
07.01.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
М.м. Жакшы идея
07.01.2013. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чакан концертке дагы эрте
09.01.2013. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
FERA, туура айтасын. Биздикилер эптеп эле 1же 2 ыр ырдашса эле сразу жеке концертин берип калышат. Уялышпайбы десен.
07.01.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
о сулууу кыз экен ойлогонуна жетсин!
07.01.2013. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
накта таластык кыз экен 10 секундта 6 жолу кийим которсо,поверит не могу))
07.01.2013. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балким, биринин устунон бирин кийип алса керектир даа..
07.01.2013. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдугун кур)
08.01.2013. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел Турдалиевага окшоп кетеби ыя. или мне так кажется.
08.01.2013. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы эн жакшы баракелде даагы башка онорлорду жарат ийгилик
08.01.2013. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онорунор оркундой берсин.
08.01.2013. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10 секунда 6 жолу ойлонср керек да
08.01.2013. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын
09.01.2013. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын, онорун оркундоп элге кызмат кыла бер
09.01.2013. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tea23, Koreanka,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
3 күндөн банга!
09.01.2013. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эже сабак берсе мен сен деймин
09.01.2013. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Себеби Айчурок эже кыргыздардан эн профессианалдуу
09.01.2013. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тел номери бар бекен? Болсо жазып коюнуздар.
09.01.2013. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
он минута эмеспи адашпадынбы???
09.01.2013. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10 мунотто мен деле алмаштырып койом да))
10 секунд деп элдин оозун ачырып жатпайбы)))
кызык коруш керек экен.
10.01.2013. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле ошондой болсо соз жок мен бир жака жоноордо жолдошум 1саат убакыт берсе да улгурбойм андыктан чын эле тан калаарлык ийгилик оркундой бериниз...
10.01.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кызды видеого тартып койбопсунарда?
11.01.2013. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
видеосу болсо кошсонор болмок, элди тан калтырбай. мин уккуча бир королу
11.01.2013. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10 секунд ичинде кийим которуш эмес форумга комментарий жазганга жетишпеймго. Баракелде азаматсыз
13.01.2013. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кыз экен
13.01.2013. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мдаа, кызык, ал эле эмес, армиядагы "деддер" да 45 секунд дегенде кийинишет, а бул кыз 10 секунд, жоок, эч ишенбейм, биринин устуно кийинсе керек, болбосо мындай коз боочулукту ДЕВИД КОППЕРФИЛЬД эле кылбаса...........
05.12.2013. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
онорун оркундой берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо