Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АТА, АПА,АК СҮЙҮҮБҮЗДҮ КЕЧИРГИЛЕ!»

№532 11-17-январь, 2013-ж

«Сен бир аз бир аз өткүр болгонуңда,
Мен сага ак сандыктай ачылмакмын...»
Менин эсимде жок, бул саптарды кайдан окуганым, качан окуганым... Бирок дароо тил учумда калган. Бул саптар батына албаган, коркок, балким, өз жүрөгүнө үңүлгөндөн качкан адамга арналган экен. Туура таптың, мен дал сен тууралуу айтып жатам. Миң бир жолу кечирим сурайм, бирок бул сенсиң. Мен сен үчүн эч нерседен коркпойт элем, ата-энеме, бир туугандарыма, керек болсо ааламга туруштук берет элем. А сен...»
Бактияр ушул сөздөрдү жазды да, андан аркысын уланта албады. Анын сезимин кагазга жазуу мүмкүн эмес эле. Ордунан туруп сыртка чыкты. Буттары өзүнөн-өзү баягы аялдамага алып барды. Киев көчөсүндөгү ушул аялдамага ал дайыма келет. Келет да, кимдир бирөөнү күтүп жаткандай көпкө тура берет. Бүгүн да ошол жерге барып көпкө күтүп турду. Ары жакта майда-барат сатып отурган абышка анын жанына келди.
– Ээ, балам, күндө ушул жерге келесиң. Дайым байкап жүрөм. Эки саат ары-бери басып, анан шылкыйып жөнөп каласың. Деги кимди анчалык күтүп жүрөсүң?
– Эч кимди...- күңк этип коюп ары басты Бактияр.
Ызаланды окшойт. Эч кимге айтпаган, адам аттуудан жашырып келген сырын ушул абышка сезип калганына жаны ачыша түштү.
Бактияр күткөн адамы менен ушул аялдамадан таанышкан. Дайыма ушул жерден кездешчү. Анан эле түшкө киргис иш болуп, жоготуп алды. Каңгырап колунан иши түшүп калды. Эгерде кимдир бирөө ушундай абалга туш болгонун көрсө, каткырып күлүп «ой, досум, «крышаң» кыйшайып калган го...» деп шылдыңдамак. Азыр өзүнө күлө турган киши жок. Бактияр өзүнө-өзү нааразы болуп кетип баратты. Чөнтөгүндө барак...
– Ай, балам, ай... Же кейигени, же аяганы билинбей күңгүрөнгөн карыянын үнүн укпаганга тырышты. Ичинен «экинчи келбейм, экинчи келбейм» деп жатты. Бирок анткен менен эртең эле кайра ушул жерге келерин билет.

ххх

Көк асманда учуп жүргөн көгүчкөндөрдү көргөн кыз Бактиярын эстеди. Эсинде, бир жолу туулган күнүндө бир апакай көгүчкөн алып келген. «Эмне кармап келдиң?» десе, «бул менин сүйүүмдүн далили. Менин сезимим да ушул ак көгүчкөн сыяктуу таза» деген эле. Анан экөө ак көгүчкөндү бир аз кармап туруп учуруп жиберишкен. Оор улутунуп алды. Азыр так эле ушул ак көгүчкөндөй асманга кайкып учуп, сүйүүсүн издеп кеткиси келди. Аз эле убакытта Бактиярга көнүп калган экен. Апасы болбогондо...
Айылдан апасы келди да, Исабек деген киши куда түшүп келгенин, атасы ага сөз берип койгонун айтты. «Атаңдын шагын сындырба, чырагым» деди. Көнбөскө чарасы жок эле. Төрт эркектин арасында көкүлүнөн сылап өстүргөн жалгыз кыз. Апасынын сөзүн таштай албай макул болду. Жакында той болот. Бактиярдан башка адамга кантип көнүп кетерин билбей бушайман.

ххх

Асман туптунук. Бактияр канча өзүн тыйбасын, бир үмүт кайрадан баягы аялдамага жетелеп келди. Келди да, көргөн көзүнө ишенбей туруп калды. Асели... Баягы ордунда Асели турган экен. «Түшүм! Түшүм болуп калбагай эле» деп көзүн ушалап алды. Жок! Чын экен. Арыктай да түшүптүр.
Кыз:
– Бакти-яр...- деп кыйкырып кучагына бой таштады.
– Келдиңби, жарыгым?!
Кучагындагы кызды өпкүлөп жиберди.
– Келдим. Баары бир сенсиз жашай албайт экем. Ата-энем кечиришер бир кезде... Алар биздин ак тилегибизди, таза сүйүүбүздү түшүнсө керек. Мен баары бир башка менен бактылуу боло албасымды билип турам,- деген Асел Бактиярдын кучагында туруп дирилдеп ыйлап жатты.
– Ыйлаба, алтыным. Баары жакшы болот. Биздин турмушубуз ушул көк асмандай тунук болот.
Бактиярдын жаш толгон көздөрүнө майда-чүйдө саткан карыя урунду. Ал дагы бир нерсени билгендей ууртунан жылмая аларды карап турган экен.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(24)
14.01.2013. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул эки жаштын суйуусу таза экен. Эх турмуш жашоо, ачусу бар татуусу бар. Менинда кыялымдагы Роза гулум бир куну жаныма келер, умут узулбойт бирок жашоо улана берет.
14.01.2013. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай гана романтика!
14.01.2013. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу суйушкондор экен...
14.01.2013. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай гана бакыт!!!эхх.... Ар бир жанга каалар элем
14.01.2013. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен да сен сыяктуу байкушмун, бирок сенин суйуун, кутконун келди А меники жок, келген жок, куттум азыр да кутом, дагы кутом....келчи асылым..
15.01.2013. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх суйуу. Отконду эстегенде журок ыйлайтгн
15.01.2013. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чынында менда суйгон адамымды кутуп келем. А бирок ал келбейтда. Бу жашоо мынча таш боор болбосо. Эч бир ага окшогон адам жолуктура албай койдум
15.01.2013. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чыныгы суйуу очпойт туболук.Куткон адамына жетсен да,жетпесен да журогунон очуро албайсын го чиркин!
15.01.2013. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы чыныгы суйуумду тапкым келет... Бирок билбейм...
15.01.2013. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не дешти билбейм бир кездерде менинда журогум алсыз умут менен куткон бирок ал жон гана келген жок ал сезимдерди бишкектин шамалына тапшырып москваны коздой бет алгам.
15.01.2013. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу-бул суйгондун шартына конуу эмеспи. Суйуу учун кандай гана нелерге барбайбыз. Бирок коп учурларда армандуу суйуум деген бойдон калабыз.
16.01.2013. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
eeh..myncha s0onun jazylgan... Men dagy baaryna ushundai k0k asmandai taza,tunuk suiuu kaalaim.kandai uchur,kandai kyrdaal bols0da kachan bols0 da suig0nun0rd0n ajyrabagylachy suranam...
17.01.2013. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"ангелочка_96" деген туура эмес, андыктан "ангелочек" дегенге озгортсон болгудай.
18.01.2013. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ryskul888, emnee a emne bala belem angelo4ek bolgudai
17.01.2013. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйу бул бул......соз м-н айтып жеткире албайсын.мен жолдошумду суйуп жолдошум дегенде баарына даяр болчум даже Ата-Энеми уккан эмесмин.бирок мен жолдошумду 1эле жолу коруп суйуп калгам.арадан 3 ай отпой тийип алгам.мына достор.ортобузда 1уул.1кызыбыз бар.11жылдан бери омур суруп келе жатабыз.Мен бактылуумун.бирок турмуштан бааарын кордук жокту кордук баарды кордук.ошонун баарына чыдаш к-к.достор.
17.01.2013. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйууу-деген кандай керемет сезим!
18.01.2013. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда ушундай суйууго кабылгым келет, ээээх жашооо!!!
19.01.2013. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандайгана бактылулар
23.01.2013. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eee dostor men da kutup kelem, shartyna konup kelem... Birok bilbeim kandai bolot kele4ek? Eh al men u4un apasyn jene alar beken? Baikuwum ortodo kyinalyp ketti korunot...
13.02.2013. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел!Озунун бактысы учун курошкон эн жакшы сапат.Мен атасынын чечими менен турушка чыгып,бактысыз болсо дагы атамды уятка калтыра албайм деп жашап жургон курбум бар,бирок бир омур отуп жатат да арманда?
01.03.2013. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана омурубуз ар дайым бактылуу моноттор менен коштолсо.
13.07.2013. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да сага таза суйуу берейин сен озунду мага бутун тартуула.
24.06.2018. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх менин да суйуум жанымда эмес, ар эс алуу кунундо кутом балам менен, не дегенде суйуум жумуштан кеч келет, ал эми башка кундору балам экоо мени кутот, кыскасы индийский кино да.
24.06.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйгонумду сагынып кеттим кутуп отуруп ушуларды окуп алып. Суйушкондор бактылуу болсунчу баары
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо