ШОУ-БИЗНЕСТИН ЭРКЕ КЕЛИНДЕРИ

№532 11-17-январь, 2013-ж

Келин болуп ак жоолук салынуу ар бир кыздын кыялы эмеспи. Бирок ал кыялдын артында мүшкүлү көп турмуш турат. Шоу-бизнес чөйрөсүндө жүргөн мырзалардын оорун колдон, жеңилин жерден алып жүргөн жубайлары менен тааныштырабыз.

Ди-джей Расул Мырзатегиндин жубайы Махабат: «РАСУЛДУН АРТЫНАН ЭЛЕ ЖЫЙНАП ЖҮРӨМ»

Аты-жөнү – Махабат Жумабек кызы
Туулган жери –
Нарын шаары
Туулган жылы –
9-июнь, 1989-жыл
Баш кошкон датасы – 24-сентябрь, 2012-жыл

– Махабат, Расул экөөңөр кесиптеш элеңер, «служебный роман» кантип башталып кетти?
– Башында ал мага мурунку сүйлөшкөн кызынын сүрөтүн көрсөтүп, мага сөз айткан жигиттерди ага айтып, жакшы сырдашчубуз. Жумуштан үйгө барганда да сөзүбүз бүтпөй интернеттен сүйлөшөр элек. Анан киного бара баштадык, 30-август – Айт күнү чогуу айттап, ал мени үйгө узатып койду. Көрсө, билбей эле ошол күнү экөөбүз сүйлөшүп баштаптырбыз.

– Сүйүү бар жерде таарынычтар да болсо керек...
– Болуп калат, бирок олуттуу эмес, майда-барат нерселерге эле таарыныша кетебиз. Менин бир жаман сапатым бар, күнөө менденби-жокпу баш оорутпай, тылтыйып сүйлөбөй жүрө берем. Ал сапатымды Расул да билип калган, өзү сөзсүз биринчи аракет кылат. Мага эң башкысы биринчи кадам кылып койсо эле бат жазылып кетем.

– Келин болуп келген күндө кандай кызыктар болду?
– Той менен болуп 3 түн жакшы уктабай жүрдүм. Көшөгөдө отурганда мени менен келген жеңелеримди коноктоп жатышкан. Уйкум келип, үргүлөп «уят, карманайын» десем да болбой башым шылк этип улам уктап кетем. Элдер эшикке бийлеп кеткенде Расул улам келип «уят эмеспи, тур» деп кетет. Ошол күн өзгөчө эсте калды.

– Жолдошуңдун сага жакпаган кайсы сапаты бар?
– Бойдок кезинде күндө кийимдери үтүктөлүп, тыкан болуп жүрчү. Азыр болсо үйгө кирди дегиче кийимдерин чечип таштап коёт. Анын артынан мен жыйнап жүрөм.

 

 

 

 

«Тамашоучу» Мурат Жалиевдин жубайы Айжамал: «ТАНДЫРГА НАН ЖАБА АЛБАЙ КЫЙНАЛГАМ»

Аты-жөнү – Айжамал Шакирдин кызы
Туулган жери –
Алай району, Гүлчө айылы
Туулган жылы –
20-октябрь, 1991-жыл
Баш кошкон датасы –
12-май, 2011-жыл
Малика аттуу таттуу кызы бар

– Айжамал, келиндик доор кандай өтүүдө?
– Жакшы, рахмат. Азыр баарын эле өздөштүрүп калдым. Башында кыйынчылыктар бир аз болду. Өзүм Гүлчө шаарында өскөндүктөн, бир жолу да тандырга нан жаап көргөн эмес элем. Биринчи жолу нан жапканда Мурат экөөбүз элден жашырынып, нанды өзү тандырга жабыштырып берген. Бети-колумдан халатыма чейин көө болуп алгам. Ошол күндөрдү азыр эстесем күлкүм келе берет.

– Куудул жигит сүйүүсүн кантип билдирди эле?
– 2011-жылы 14-февралда Нурлан Насип Ошко концерт коюп келип, ошол жакка чакырган. Андан чыгып "мага көзүң жагып калды" деп сүйүү сөздөрүн айтып, биринчи жолу сезимдерин билдирген.

– Мурат каардуу көрүнөт. Жини чукул болсо керек?
– Жини бат келет, бат жазылат. Ал кезде мен унчукпай кутулуп кетем. Эгер мен таарынсам, ал ар нерсени айтып күлдүрүп жатып баарын унуттуруп салат.

– Кайсы сапаты көп жакпайт?
– Кежирлиги бар, өзүнүкүн такыр бербейт. Айтканын кылдырмайынча тынчыбайт.

– Мурат кандай ата болду?
– Кызымды төрөгөндө "сен мага баа жеткис кымбат белек тартууладың" деп кубанткан. Менден өткөн баласаак, кайда барса да бат-баттан "кызым кандай?" деп чалып сурап турмай адаты бар.

 

 

 

 

Актёр Эркин Эгембердиевдин жубайы Диана: «МЕНИ КОРОЗ ДЕП АЙТ ДЕЙТ»

Аты-жөнү – Диана Чотиева
Туулган жери –
Бишкек шаары
Туулган жылы –
12-декабрь, 1987-жыл
Баш кошкон датасы – 15-сентябрь, 2012-жыл

– Диана, Эркин экөөң кантип таанышып калдыңар?
– Мен бир сынакка катышып калдым. Ал жакта актёрдук чеберчилик талап кылынгандыктан, өкүл атабыз Камчы Сарыбаев аркылуу Эркин менен таанышкам.

– Унутулгус бактылуу күндөр башыңардан көп өткөндүр...
– Сынагыбыз 7 айга созулуп, Көлдө да жүрүп калдык. Эркин атайын жумушунан суранып мага келчү. Анан да жаңы мамилебиз курулуп баштаганда такыр сөзүбүз бүтчү эмес. Экөөбүз тең үйгө баргыбыз келбей, эртең мененки 8дерге чейин сейилдеп жүрө берчүбүз.

– Эркинге эркелеп, мүнөзүңдү да көрсөтүп койсоң керек?
– Анын достору аябай курч сөздөр менен тамашалашат. Кээде сөздөрү катуу тийип, таарынып калам. Негизи, аялзаты назик жан эмеспизби, анан да жаңы үйлөнүп жатсак, эркелеп алайын да.

– Бири-бириңерди кантип эркелетесиңер?
– Мен аны "жөжөм", "кичинекейим" десем, ал "эмнеге жөжө дейсиң? Мени короз деп айт" деп калат.

 

 

 

 

 

 

 

 

Ди-джей Аскат Алдашевдин жубайы Альбина: «АСКАТ МЕНИ ТАШТАП КЕТСЕ КЕРЕК ДЕЧҮМҮН»

Аты-жөнү – Альбина Касеева
Туулган жери –
Тоң районунун Бөкөнбаев айылы
Туулган жылы –
12-январь, 1988-жыл
Баш кошкон датасы – 24-декабрь, 2011-жыл

– Альбина, сени Аскат менен кайсы тагдыр тааныштырды?
– Интернеттен таанышып, биринчи жолукканда көп жаккан эмес. Шоу-бизнестегилер аябай шуулдаган болушат, бул да мени бир күнү таштап кетсе керек деп жүрдүм. Бирок убакыт өтүп, бири-бирибизге көнүп, жадакалса аны кызгана да баштабадымбы.

– Кимиңер таарынчааксыңар?
– Аскат көп таарынат. Кызганчаактыгынан болсо керек, телефонумду текшерет. Бир жакка чыксам "кайда барып келдиң?", боёнсом "эмнеге боёндуң?" дей берет.

– Башка бүлөгө көнүп кетиш кыйын болгондур?
– Тойго чейин эле кайындарым менен таанышкандыктан, сүрдөгөн жокмун. Бирок жаңы келген үйгө көнө албай, 2-3 айча эч кимге көрсөтпөй ыйлап жүрдүм.

– Бири-бириңерди кантип эркелетесиңер?
– Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн кезде эле Аскат мени "томпок" деп эркелетчү. Өзүм да ага көнүп калгам. Азыр кээде Альбина десе катуу тийип, "мени томпок дебедиң" деп таарынып калам.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Шоу-бизнестин эрке келиндери

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(54)
14.01.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
14.01.2013. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кошулам, кыргыз шоу бизнеси ушунчалык ылдам темпте онугуп жатканго ээ даже таанып улгурбой жатабыз
14.01.2013. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тааныбасанар анда кино корбойт экенсинер,радио укпайт экенсинер,Тамашоуго да барбайт экенсинер...силерге кантип таанытыш керек козго сайыпбы? Мен таанып эле атам го....
17.01.2013. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bela77, ukmush komment. He he chynda kozgo saiyp kogozush kerek. Bakyt kaalaim sizderge.
SUPER.KG видео
14.01.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корунбойт го, бир да макала жарымына жетип еле кайра башталып атат эмне кылыш кереееек
SUPER.KG видео
14.01.2013. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таласта келиндерди эрте тургузуп эшиктин алдын эч ким шыпыртпайт азыр, илгери-илгери шыпыртса керек. :)))
14.01.2013. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
14.01.2013. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
плохо сняли
14.01.2013. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалиевдин келинчеги озунчо эле Барби экен))), милашка.
15.01.2013. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
best-life, ооба аябай "барби" экен, эми тим эле укмуш. Табитине баракелде :-). Куйоосу Мурат андан укмуш мачо деп койбойсунбу, ха ха ха
15.01.2013. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Гулчо шаар статусун алса алгандыр.Бирок кадимкидей эле райондун центри,айылдагыдай эле уйлор,айылдын эле шарты.Шоу бизнестин эрке келиндери статусун албай калгандан коркуп созунон адашып калган го.Мейли эсен болгула.
17.01.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ALBIKA, Гулчону коргонсунбу-корбогонсунбу билбейм бирок шаарга эле окшош ПГТда Гулчо
17.01.2013. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALBIKA, Гулчонун тазалыгы жана кооздугуна эч бир жер жете бербейт.Коралбастык кылгандын ордун кичине болсода колдоп,оң пикиринизди калтырсаныз,башкалар да чыныгы адамдыгынызга кубо болмок.Ушу буттан тарткан адатты таштасанарчы кыргызым.
Айжамалга ийгилик,бактылуу болгула!
19.01.2013. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lime_boy,Кыргызстандын ар бир жери кооз экендигине талаш жок.Коро албастык кылгыдай алар мага ким.Сен бироонун чыныгы адамдыгына асылбай жон жур.Эмне тандырга нан жаппай,кайсы нанды жеп чонойдун экен.Ар бир уйдо тандыр бар экени чындык.Чычалабай оз арабаны кылдырат.
15.01.2013. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
уууаауу Мурат аялын кукла го))) коз тийбесин.кызы да каппкара шоколад экен. аа Калганын тааныбайтам.
15.01.2013. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Расулдун тыкан жигит экендиги тушкон суротторунон эле корунуп турат. экоонор идеалдуу пара экенсинер, суйуунор бекем болсун. Молодцы!
15.01.2013. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мырзатегиндин келинчеги аябай татынакай экен кореец кыздарына окшош
15.01.2013. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да Расул Мырзатегиндин келинчеги жакты, суроттору абдан сонун, чын эле корей модель кыздардай тушуптур. Бактылуу болгула, чыгармачылык ийгилик силерге!
15.01.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармашкан колунар бек болуп, бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
15.01.2013. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nachar tartylyptyr.....
15.01.2013. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуктун менен бир болсон. Жашоо ушундай таттуу.
15.01.2013. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактылуу болгула. Бирок булар кимдер озу
15.01.2013. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Махабат менен Айжамал татынакай келинчектер экен.Бактылуу болгула
16.01.2013. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мураттын келинчеги Айжамал,эмне гулчо(шаарында)тандырга нан жаппайбы? )))
17.01.2013. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulzarali, Мен да тан калып жатам не алар тандырга нан жаппайт бекен аа?Гулчолуктор болсо жооп берип койгулачы?
17.01.2013. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aelinaaa, Мен Гулчодон болом тандырга эле нан жабышат, бирок Айжамалга тан калдымда кантип билбейт нан жабышты уят Айжамал.
17.01.2013. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aelinaaa, Беш кол тен эмес этажда жашагандар бар,жер уйдо жашагандар бар дегендей.Менимче Айжамал этажда ата-энесинин эркеси болуп чонойгон кыз.Керек болсо Гулчонун "гламурная" кыздарын корсонор шилекейинер агат.
26.01.2013. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulzarali, нан жапканга шарты туура келбесе жаппагандыр же андан башка жаба тургандары бардыр сулуу кыз экен Мураттын вкусуна соз жок а калгандарына эч нерсе дей албайм...
SUPER.KG видео
16.01.2013. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы коргозбой жатат го.
18.01.2013. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кошомат кылгыла экен ичинерден ит олсо дагы кыстап
18.01.2013. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы!Бирок менин аялыма эч ким жетпейт экен!
19.01.2013. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myrzategindin ayaly surottogudoi tatynakai emes eken..... Rasuldu chon okuu jaida kundo korchumun. Typ-tykan, bilimduu bala bolchu! Baktyluu bolgula baarynar! Allahym koldosun!
21.01.2013. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ohna, balkim bul jerde kamerany jakshi nastroit etpei kouyshkan je makiaj an4a bolboi kalgan. Bolboso bul jurnalist kyzdy men dayma ele KTR den korom, tatynakai kyz.
19.01.2013. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maxima Мурат тууралуу менин пикирим жок,адамдык жакшы сапатка(инсандык касиети бар) ээ жигиттердин бири деп угам, а келинчегинин "Барби" экендиги корунуп турат.
20.01.2013. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскаттын Альбинасы супер келинчек :)Адамгерчиликтуу,ичинде кири жок,дардандаган,ак конул кыз.Бактылуу болушсун
SUPER.KG видео
22.01.2013. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Было бы еще интересно посмотреть репортаж про жен Съездбека И.Замира Арыкбаева,Максата Б,Мирбека И.Султана С.Эрмека Н. Урмата У.Бакыта Байсариева)
SUPER.KG видео
23.01.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге жакшы ачпайт.......
24.01.2013. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркин Эгембердиев чын эле корозго окшош.Аялы татынакай экен
SUPER.KG видео
29.01.2013. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага аскаттын келинчеги жакты бактылуу болгула жердештерим
SUPER.KG видео
31.01.2013. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
диджейдей деле суйлобойтко такалып суйлой албай
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо