Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«Жоролор» тобунун жетекчиси Жылдызбек Абдраимов:«КАЗАКТАРГА ОН ЫРЫҢАР КАЗАКЧА, КАЛГАНДАРЫ КЫРГЫЗЧА ДЕП АЙТТЫМ»

№532 11-17-январь, 2013-ж

«Чыгармачылыкта чек ара болбойт» дешет, кыргыз ырлары коңшу өлкөлөрдө хит болуп жатканы сүйүндүрөт. Мирлан Баековдун аткаруусундагы «Кызыл өрүк» ыры учурда ар бир казактын тоюнда жаңырып, бир да той бул ырсыз өтпөй калганын уккан жайыбыз бар. Жакында эле казак телеканалдарынын биринде бул ырдын тегерегинде кызуу талкуу болуп, казак туугандар конок катары Мирлан Баеков менен «Жоролор» куудулдар тобунун жетекчиси Жылдызбек Абдраимовду чакырышкан экен. Анда бул тууралуу Жылдызбек өзү кеп салып берсин.

– Салам, Жылдызбек. «Жоролор» куудулдар тобунун жаралуу тарыхы тууралуу айта кетсең?
– Саламатчылык, Жаңы жылыңыздар менен. Топ 2007-жылы түзүлгөн, анда Алтынбек, Эсенбек, мен жана Мирлан Баеков бар. Баарыбыз 1982-жылкыларбыз, «иттербиз», Ит жылында төрөлгөнбүз да. Топто мен эле таластыкмын, калгандары токтогулдуктар. Менден баары сурай беришет «эмнеге таланттуулардын баары токтогулдук боло берет?» деп, мен өзүмдү көрсөтүп коём «мен турам го» деп. 2000-жылдан бери жакын достордонбуз, ошон үчүн топтун атын жоролор, курдаштар деген сөздүн маанисинде «Жоролор» деп атап алганбыз. Башында Мирлан биз менен бирге интермедия аткарып жүргөн эле куудул жигит болчу. Анан ырчылар «слабый» болуп кеттиби, минтип куудулдар ырчы болуп алышты.

– Кимиңер бойдоксуңар?
– Эч кимибиз. Алтынбектин, Эсенбектин, менин экиден балабыз, анан Мирландын бир аялы бар.

– Казактардын телеканалынан Мирлан Баеков экөөңөрдү «Кызыл өрүк» ыры тууралуу талкууга катышып отурганыңарды көрүп калдым эле...
– Ооба, бир эмес, эки телеканалга барып, ушул ыр тууралуу талкууга катышып келдик. Өзүңүздөр деле билсеңиздер керек, "Кызыл өрүк" ыры учурда Казакстанда ар бир тойдо ырдалып, хит болуп жатат. Жакында эле казактардын шоу-бизнес жаатындагы көп нускалуу гезиттеринин бири болгон «Жылдыздар отпасы» басылмасы «Кызыл өрүктү» «Жылдын ыры» деп тааптыр. Мурун бизде да казактардын ырларын которуп ырдаган мода болуп, он ырыбыз кыргызча, калгандары казакча болуп кетсе, азыр Казакстанда он ыры казакча, калганы кыргызча болуп калыптыр. Ушуну айтсам, казактар өздөрү кошо күлүп, кол чаап жиберишкен эле, бирок берүүдөн көрсөм жок, кесип салышкан окшойт.

– «Кызыл өрүктүн» кыргызча текстинин жазылышына сенин да салымың бар экенин билебиз...
– Ооба, бул ырдын чырында бала тапкандыкы эмес, баккандыкы болуп жатпайбы. Оригиналын Мирлан ырдап бергенде мен күлгөм "ушундай да ыр болобу?" деп. Каяктагы «Рыспайдын ырлары, Токтогулдун гүлдөрү» деген сыяктуу саптар бар болчу. Азыркы текстин жазып, ырдын автору Мирлан Алыкуловго көрсөткөнүмдө аябай жактырып, ыраазы болгон эле. Пенде экенбиз да, эми минтип "сотко берем, отко берем" деп чыкпадыбы.

– Силердин топтун тамашаларын айрым той-концерттерден, кээде гана теледен көрбөсөк, анча көрүнбөйсүңөр?
– Биз «просто» аракет кылбайбыз да. Чакырган жерге барып коёбуз, чакырбаса жүрө беребиз. Бизди чыгаргыла, көрсөткүлө, жазгыла деп мажбурлап өзүбүздү пиарлай албайт экенбиз. Негизи, былтыр көпчүлүгүбүз жеке жашообуз менен алек болуп, жаңы сатираларды жаратканга убакыт болбой калды. Ошентсе да Орусиянын 15 шаарына, Казакстанга барып концерт коюп келдик. Буюрса, быйыл чыгармачылыкка катуу киришебиз деп турабыз.

– Силерге сатираларды ким жазып берет?
– Албетте, өзүбүз жазабыз. Төртөөбүз чогулуп алып муну мен аткарам, сен аткарасың болуп талашып-тартышып, анан ар ким өзүнө тиешелүү ролдорду алат. Сатиралардын баары жашоодон алынат эмеспи, биздики деле ошондой. Мисалы, «Той» деген интермедиябызда тойдо тамада жок, эт бышырып жаткан киши тамада болуп алат эмеспи, ошондо казанга ит түшүп кетти деген эпизод бар. Ал жашоодо болгон окуя. Мен бир байкемдин тоюна барып, казандын оозун ачсам, жанында турган кичинекей бала казанга күчүктү салып жиберген.

– Кээ бир куудулдар бир интермедиясын кечке аткара берип элди тажатып салышат...
– Албетте, сатира бул ыр эмес да, кечке тажабай уга берген. Бирок кээ бир тамашалар бир жылда бир "бышат". Ал интермедиянын үстүнөн канча убакыт иштейсиң, канча эмгегиң кетет, анан бир жолу аткарып коюп эле токтоп калбайсың да. Айрымдары укса, айрымдары укпайт.

– "Соңку күндөрү куудулдар элди анча күлдүрө албай калды" деген кептерге кандай карайсың?
– Элди ыйлатыш оңой, күлдүрүш кыйын. Балким, биздин куудулдарда изденүү жок болуп жаткандыр...

– Маегиңе чоң рахмат.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Куудулдардан турган "Жоролор" тобу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(15)
SUPER.KG видео
13.01.2013. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корсотпой жатат !!!!
SUPER.KG видео
14.01.2013. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ачпай жатат карап койгулачы сураныч...
SUPER.KG видео
14.01.2013. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menam koro albaitam4yyyy))))))))))))0
SUPER.KG видео
14.01.2013. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ачпай жатат коро албайтабыз карап койсонор админстрация!
14.01.2013. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тобоо... Ошо Мирланды сотко бергиче казактын ырчысын бербесинби? ырдап эн популярдуу ыр, ырчы болуп журот го
SUPER.KG видео
14.01.2013. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишинерге ийгилик талантынар ташкындай берсин азаматсынар...
15.01.2013. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул топ аябай жагатда мага ийгилик ишинерге Беш тапандан да озгула
SUPER.KG видео
15.01.2013. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы пландарынар бар экен,буйруса тилиегине жеткиле,Кыргызстан эмес Казакстанга да как Кызыл-Оруктой таанымал болгула!!
SUPER.KG видео
15.01.2013. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинерге ийгилик!!!
SUPER.KG видео
15.01.2013. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таланттуу балдар оркунунор осо берсин
SUPER.KG видео
15.01.2013. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинерге ийгилик таланттына ташкындай берсин Жоролор тобу
SUPER.KG видео
15.01.2013. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишинерге ийгилик таланттына ташкындай берсин Жоролор тобу
16.01.2013. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Жоролор" тобу ишинерде жаны жаны изденуулорду чыгармачылыкта бийиктикти багынткыла демекмин. Ал эми Жылдызбек Таластыктардын атагын алыска таанытып журо бер.
16.01.2013. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизда уй болубоуз менен жакшы коробуз ушул топту, азаматсынар жигиттер, ийгилик силерге, жаны чыгармаларынардан кутобуз!
SUPER.KG видео
28.06.2013. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинер ийгиликтуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо