«ЧОКНУТЫЙ ПРОФЕССОР» ДЕГЕН АТКА КОНДУК»

№532 11-17-январь, 2013-ж

«Ысык-Көлдө ойлоп тапкычтар бар. Алар табигый кырсыктар болордо атайын белги берүүчү приборлорду ойлоп табышыптыр» деген сөздөр караколдуктардын оозунан түшпөй жаткан кез. Мындан улам айтылуу жигиттер менен кызыктуу маек курдук.

Мирбек Бектурганов, инженер:«МУНУҢАР ФАНТАСТИКА ДЕГЕНДЕР БОЛДУ»
– Табиятымдан техникага жакын болуп, аппарат көрсөм эле үңүлүп үстүнө түшө калчумун. Убакыт өтүп, университетте иштеп жүргөн кезде Айбек деген жигит менен таанышып калдым. Сүйлөшө келгенде Айбек да мен сыяктуу «америкалык кыялдардын» ээси экен. Ошол күндөн баштап Айбек экөөбүз бир нерсе жасоо жөнүндө ойлоно баштадык. Кийинки кезде өлкөдө табигый кырсыктар көп болуп жатканын эске алып, жер титирөөнү кантип азайтуу керек же ушуга окшогон кырсыктардан элди кантип аман сактап калуу тууралуу ой жүгүрттүк. Жыйынтыгында коопсуздукту сактоо боюнча прибор жасап баштаганбыз. Тактап айтсам, дистанциялык аралыкта жалпыга маалым берүүчү сиреналарды иштетүүчү прибор ойлоп таптык. Мисалы, жергебизде жер титирөө болору күтүлсө, дал ушул прибордун жардамы менен бүтүндөй элди ойготууга болот. Приборлор орнотулган жерде катуу үн чыгып, ал «көңүл бургула» деген түшүнүктү билдирип, эч кандай зымдарсыз 1,5-2 чакырым аралыкка үнү жетет.
«Кытайдан кыргыз кем бекен?» деп өлкөдө жок нерсе ойлоп, жасап баштап алып, дос, туугандардын арасында «чокнутый профессор» деген атка да кондук. Прибор жасалып бүткөнчө «фантастикалык ойлорду таштагылачы» дешти. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жараткан приборубуз көмөк болор деп ойлоп, 4-жыл дегенде тилегибиз ишке ашты. Үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрь күнү облустук ӨКМ менен биргеликте
«КыргызТелекомдун» имаратында байкоо жүргүзүп, Каракол шаарында жайгашкан сиреналарды Бишкек шаарынан дистанциялык аралыкта иштеттик. Бардыгы биз ойлогондой болду.
Бүгүнкү күндө колубузда иштетүүгө даяр бир гана прибор бар. Ал эми Ысык-Көл облусунда 50 сирена бар. Демек, дагы 49 прибор керектелип, бир аппараттын каражаты 20 миң сомду түзөт. Ага алыбыз келбей, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө кайрылдык. Коргоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жолдомо жазып беришти. Ал жерде биздин ишибизди баалагандары кубандырды. Бирок каражат маселесине келгенде «бизде да каржы маселеси тартыш, ишиңерди токтотпогула, өлкөгө керектүү нерсе» деп баса белгилешти. «Чыгаша чыкмайын киреше кирбейт» деген сыяктуу эле алгач сиреналарды орнотууга каражат керектелет. Андан кийин эч кандай каражат талап кылбай иштээри анык.
Эгерде биздин жасаган нерсебиз мамлекетке кереги жок болсо, анда башка чет мамлекеттер менен иштешсекпи деген ойдобуз. Учурда коңшу казак туугандар бул приборго кызыгып, бирге иштешүүнү сунушташууда. Бирок 4-5 жыл өлкөм үчүн деп жасаган эмгегибиздин башка өлкөгө кызмат кылышын каалабайбыз.

Айбек Өскөев, экономист:«УЙКУДАН ОЙГОНСОҢ ГИМН ЖАҢЫРАТ...»
– Биздин дагы бир жараткан аппаратыбыз дистанциялык аралыктан шамалдын, суунун энергиясын эсептейт. Ал приборду компьютердин жардамы менен Нарын дарыясында канча суу агып жатканын же Токтогул
ГЭСине канча суу кирип, канчасы чыгып жатканын далилдөө оңой. Негизи, биз зымсыз аралыктарды багынтууга аракет жумшадык. Мүмкүн, келечекте энергетиканы өнүктүрүүгө чоң салым кошобуз.
Жакын арада эле кадимки компьютердин мониторун пульт менен башкарууну ойлоп таптык. Башкарууда монитор каалаган жакка бурулат. Учурда алмадан как чыгарган, картошкадан калдыркан жасаган аппараттарыбыз иштөөдө. Дагы бир максатыбыз – шаар ичине эртең менен жана кечинде автоматтык түрдө мамлекеттик гимн жаңырса деп аракет кылып жатабыз. Жаңыдан көзүңдү ачып ойгонуп жатсаң, мамлекеттик гимн жаңырып жатса, ар бир патриот адам үчүн жакшы нерсе болору турган иш. Буюрса, бул иш да даяр болуп калды, бирок буга жергиликтүү жетекчилер кандай карашат, азырынча белгисиз.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
14.01.2013. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла раазы болсун силерден. Ишинерге ийгилик каалайбыз. Силер биринчи кыргызстанга жакшы кызмат кылып онуктурсонор ошол ишинерди и анан башка олколор м.н иштешсенер жакшы болот. Кыргызымда да ушундай жигиттер чыгат деп ойлогон емес елем ен жакшы алга жигиттер.
14.01.2013. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oo azamatsynar! el-jurt chogulup karajat jagynan jardam berip iyeli kolubuzdan keliwin4e,emne dediner?
14.01.2013. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматтар, ишинерге ийгилик. буюрса силердей жарандарыбыз менен дуйного жакшы жагыбыз менен таанылабыз
16.01.2013. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга жигиттер! силердин ниетинер эле тиги чон соройлорго караганда сонун экен. атин кана кыргыздын баары силерге окшоп элим учун деп жашаса.
16.01.2013. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!!!
17.01.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул бала менен Алышбаев институтунда чогу окусам керек эле
17.01.2013. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баракелди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо