ИЗДЕЙМ СЕНИ

№532 11-17-январь, 2013-ж

Редакциябызга жакын­дарын, тууган-тууш­канда­рын издеп кимдер гана кай­рылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыя­лан­ган соң табышып, катышып кеткендер көп.

"ТЕМИРЛАНДЫ ИЗДЕП КЕЛЕМ"
– Мен Талас облусундагы Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылынын тургуну Садыров Темирлан Нурадиновичти издейм. Ал менин жолдошум менен мурунку аялынын уулу. Эгер ал бул гезитти окуп калса, ушул номерге чалып, мени менен байланышып коюшун өтүнөм.

Света, т.: 0777 214656

"ТУУГАНЫБЫЗДЫ ИЗДЕЙБИЗ"
– Саламатсыздарбы «Супер-Инфо»гезитинин эмгек жамааты! Биз Эсеналиев Султан Төлөгөнович аттуу тууганыбызды издейбиз. Азыр Чүйдүн Орловка айылында жашайт деп уктук. Эгерде Султанды тааныган адамдар же өзү бул катты окуп калса, бизге кабарлап коюшун суранабыз. Биздин дарегибиз: Нарын шаары, Ленин көчөсү, № 4/36.

Туугандары, т.: 0703 943760

"КУРБУЛАРЫМДЫ САГЫНДЫМ"
– ОшТУнун ФМО ПиП 1-01 тайпасын 2006-жылы бүткөн группалаштарымды, Оштогу тааныштарымды издейм. Баткендин Төрт-Күлүнөн Каныкей, Жалал-Абаддан Сагира, Кара-Суудан Кызжибек, мындан сырткары Назгүл, Жыргалай аттуу курбуларым да бар эле. Аларды тааныгандар болсо, perizatmazeitova@mail.ru электрондук дарегине билдиришиңерди суранам. Мен силерди сагындым.

Кадамжайлык досуңар Перизат Мазеитова,
т.: +89267206058

"КУРБУМДУ КӨП ЖЫЛДАН БЕРИ КӨРӨ ЭЛЕКМИН"
– 1988-1989-жылдары Каракол шаарында бухгалтердик мектепте чогуу иштеген, жатаканада чогуу жашаган Үсөнбаева Бермет Ахунбаевна аттуу курбу кызымды издейм. Бермет Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылынан болот. Аны көрө элегиме көп жыл болду. Курбум менен жолугуп, катташкым келет.

Шайлоо Искакова,
т.: 0557 447763

"СТУДЕНТТИК КЕЗДИ ЭСТЕЙЛИ"
– 1997-жылдан 2002-жылга чейин ОшМУнун дүйнөлүк тилдер факультетинде окуган группалаштарым Айсара Абдыгапар кызы, Наима Алчынбаева, Элзат Муканова, Бермет Сатыбалдиева, Шайыр Абдрахманованы издейм. Мындан тышкары Зыйнат Алымкулова жана Ыкыбал Мааткеримованы да тапкым келет. Алар Чоң Алайдан болушат. Курбуларым, эгер окусаңар мага байланышкыла.

Барчынай, т.: 0773 393600
0312 556786

koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
17.01.2013. 05:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда бир кездеги достошуп жургон досумду тапкым келет Ал Алайдан болчу.Бишкекте Ахунбаева Абаядагы Дастан деген магазинде иштечу ошол жерде жердеш байкесинин колунда аты Каныбек 1975ж болсо к-к эле унутуп жатам.жанында Талай деген досу бар эле.Талайды коруп калчум.акыркы 5жылдан бери коро элекмин.Каныбек м-н окуп жургон кезде 2002жылдары таанышкам.Каныбек бул мен Малика унутпасан к-к.эгерКаныбек жонундо ким билсе мага кабарлап койунуздарды суранам.тел.0779185242.чалып кой Каныбек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо