Дайыр Исмадияров:«ООРУКАНАДА ЖАТСАМ ДА ИЛХАМ КЕЛҮҮДӨ»

№532 11-17-январь, 2013-ж

Дайыр Исмадияров менен ооруканадан капысынан жолугуп калдым. Ал-жай сурашкан соң жаңы жылдык концерттерге ооруканага жатып калып катышпай калганын айтты. Ырчынын күйөрман кыздары Дайырды Супер концертте бир кыз менен колтукташып отурганын көрүп «ким экен?» деп кызыгып калышкан эле, кана, кыздар, чогуу билели анда.

– Дайыр, Жаңы жылды ооруканадан тостуңбу?
– Ушундай болуп калбадыбы. Бирок 31-декабрь күнү үйгө суранып барып келдим. Дарыланып жатканыма 20 күндөй болду. "Чыгаша чыкмайынча киреше кирбейт" демекчи, быйылкы жылы киреше кирсин деп жоруп коюп отурам. 

– «Сагынба» деген ырыңа клип тартканда «клибимде мен майып болуп калган кадр бар. Кудай сактасын, түлөө өткөрүп коюшум керек» деп жүрдүң эле?
– Ошону айтсаң, убакыттын тардыгынан улам же анча-мынча ырым-жырымдарга ишенбегендиктенби, түлөө өткөргөн эмес элем. Анан да актёрлор «кинодогу ролум чыныгы турмушта ушундай болду, жашоомо таасирин тийгизди» деп айтып калышса, өзүм скептик болгондуктан, кантип эле ошондой болсун деп ишенчү эмесмин. Бирок «Сагынба» деген клиптен кийин ооруканага жатып калганда ойлонуп калдым. Мен, негизи, Кудай сактасын, өмүрүмдө биринчи жолу ооруканага жатышым. Ошондуктан мындан кийин башка ырчы, актёрлорго болгон кеңешим, эгер тасмада же клипте ооруканага түшүп калган сыяктуу ролдор болсо, аткарбаганга аракет кылгыла же Кудай жолуна деп түлөө өткөрүп коюш керек окшойт. Себеп дегенде бул нерсе чынга айланып кетиши мүмкүн экен. Мен ал клибимде жол кырсыгына кабылып ооруканага түшүп калат эмесминби. Оорунун кесепетинен баспай калган жигиттин ролун ойногом. Клибим бүткөн соң көп досторум, туугандарым «эмне мындай роль аткардың, башкача эле кылсаң болмок» дешкен. Апам клипте мен майып болуп калган жерине келгенде көзүн жумуп, көрбөй отуруп алган эле. Балким, ошондон да мага көз тийдиби же болбосо сөз тийдиби, ушундай болду. Анан ушинтсем «Дайыр майып болуп калыптыр» деп ойлоп калышпасын.  Чыгармачылык деп гастролдо ысыкта, суукта жүрүп  суук тийген экен, өтүшүп кетиптир, дарыланып жатам. Кудай буюрса, бир жумадан кийин чыгам.

– Ошондой эле болсун. Ии, анан биздин концертте сенин жаныңдан карыш жылбай жүргөн керме каш Өзгөнгө келин болгону жатабы ошондо? Өзүң айткандай, Дубайга алпарып сынап келип туруп, анан үйлөнгөн жатасыңбы?
– Ха-ха... Азыркы учурда, чындыгында, бир кызды сүйүп калдым деп айтуудан алысмын. Бирок көңүлүмө жаккан кыздар бар дедим эле го, ал керме каш ошол көңүлгө жаккан, учурда жакшы сүйлөшүп жүргөн  кыз. Буюрса, убакыт-саат көрсөтөт, ал кыз мага ким болорун. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, кышкы эс алууда ооруканада жатып калбадымбы. А баягы айткан сөзүм боюнча, ал жакка кайсы кыз менен барарымды азыр айталбайм, аны турмуш көрсөтөт да. Балким, бул кыз мага жакпай калаттыр же, тескерисинче, мен ага жакпай калаттырмын. Азыр сүйүп калдым, мен ушул кызга үйлөнөм дегенден алысмын.

– Абайласаңчы, ушинтип сүйлөйм деп Кайыргүлдү таарынтып алгансың...
– Кайыргүл тууралуу комментарий бербейм, болду. Ал өттү-кетти да. Адам адашат, туура эмес сүйлөп, ошондо оюмду түшүндүрө албай калсам керек. Балким, Кайыргүл мени туура эмес түшүнүп алып ызасынан жооп кайтаргандыр.

– Дарыланганыңа 20 күндөн ашыптыр, зерикпей элесиңби?
– Ооруканада дарылануу менен биргеликте башыма идеялар, илхамдар келүүдө. Жаз алды менен жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тартып баштайм. Архивимди карап көрдүм. Ырларым көбүнчө жай ыргакта экен. 2013-жылда менде жай ыр болбойт, шайыр, шаңдуу ырлар болот деп сөз бердим өзүмө. Карындаштарга арнап ыр чыгарайын деп турам, сөзү да даяр болуп калды. Буга Нарынга концерт коюп баргандагы окуя себеп болду. Бир 7 же 8-класста окуган окуучу кыз кадимкидей чоң кыздардай болуп тийишип, көзүн кысып коёт мага. Таң калдым, кичинекей эле секелек го депчи. Эми ошолорго арнап «карындашым, сүйүүгө али жашсың...» деген саптары бар ырымды сунам. 

– «Мурдагы продюсерим Канат Кадыржан менен иштешип баштайм» дедиң эле, не болду?
– Канат Кадыржан менен иштешпей турган болдук. Мен жалгыз иштегенге көнүп калыпмын. Мага жардам кереги жок экен. Өзүм эле баарына жетишем деп. Менде дагы бир ой болуп жатат, бир кыз, бир баланы алып, балким, аларга продюсерлик кылсамбы деген. Эми ал алдыңкы пландарда да.

– Тилегиңе жет, эртерээк сакайып кет.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(25)
14.01.2013. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн башкысы ден-соолук каалайм...чыгармачылык ийгилик!
14.01.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Такыр жакпайт мага ушу ырчы,уну дагы жок,корсомле кыжырым келе берет.........
14.01.2013. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанале СТС каналынан телеберуу кордум эле,актерлордун рольдору мистически влияниеси м.н чыныгы жашоосунда жаман,жакшы жака озгоруп кеткенин
14.01.2013. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
хаха )))))) илхом келгени жакшы экен ай ))) Бир куну башка макала чыгат"Дайыр ооруканага жатып алып илхом келди деп мактанган" деген ))))))))) Бу Дайыр озу ото эле дарданке опко жигит окшобойбу. Корунгонду дардандап суйлоп салып озуно озу эле кылат да в общем )) А так ырчы катары сыйлабайм, больше пиаром занимается )))
14.01.2013. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ort emes opko kelishet ikshoit.....
14.01.2013. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адамдын кыжырын эле келтиресинда эмне учун чыгардынар буну ушул да жанылыкбы? Эртен уйуно барса ал да жазылат Дайыр уйуно келди чыкты деп!
20.01.2013. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monchok, сага жанылык болбосо башкасына жанылык,мисалы мен суранганмын суперчилерден ошол кыздын Дайырга ким экенин билип беруусун,эгер кыжырын келсе окубай кой и все
14.01.2013. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
balshirin,
Сизге эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинткен, мазактаган, жамандаган билдирүүлөргө тыюу салынат!
14.01.2013. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
monchok,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
5 күнгө бан!
14.01.2013. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
maga da jakpait!
15.01.2013. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сакайып кетсин ,чын ден соолук ким жана кандай адам болсо дагы
15.01.2013. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооруган адам жакшы болуп кетсин.

Айдай чырайын иттей кыялы бузат!!!!
15.01.2013. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лира Урмамбетова эмес беле жанындагы кызы
15.01.2013. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888, жок ай адашасын
15.01.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кара коз деген ыры популярный болуп ,ким ырдаган десек,кореецке окшогон бала деп мактап-эле калдык элек ,киин эле жамман айнып кетти азыр исмаадияров дегенде -ваще жаман коруп калдым негедир ырларынын клиптеринин мааниси жок,интервью бергенде да озун асмандан тушкондой кылып суйлоптур!
15.01.2013. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сакайып кет.Мен да кордум ошол передачаны.Ошол Сагынба деген чыгарман эн сонун болуптур азамат.
16.01.2013. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озуно ишенбейтко дагы деле, андан да сулуу кыз чыгып калабы, бир кызды суйуп калдым деп айтуудан алысмын деп
16.01.2013. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азамат эч качан ооруба.акыркы клипин мага жакты.
17.01.2013. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ей мышык майга жетпей сасык дейт екен. Озунорчо тааныбайм тоготпойм жакпайт дейсинер. Силерди суйлотуп еле койсо. Озунор ушундай артынардан журналисттерди больницага чейин алып бара аласынарбы. Озунор бир елге мактанаарлык иш жасап кийин аркимди арнерсе десенер. Дайыр озун асмандан тушкондой сезсе силер озунорду асманда калкып учуп жургондой сезесинерда тим еле. Кичине бир нерсени мойунга алгандыда уйронгулочу айнанып кетейин туугандар. А дайырга болсо ийгилик мага жагат!!!!
17.01.2013. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Umnitsa, ,бул деген комментарий жаза турган жер,акый айтыша турган жер эмес!мага жакпайт дедимби-мага жакпайт !
17.01.2013. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир гана нерсени айтам.Ден-соолук болсо баарына жетишесин.
18.01.2013. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Pfffff..."krasnomordyi",kichine jonokoi bolso bolo...
19.01.2013. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a men bul kerme kawty taanyyyimmm))))
20.01.2013. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айланайын кыргыздар кичине бироону сыйлаганды,колдогонду уйронолучу. алгач озубуз Дайырдай болуп алып анан сындайлычы,азаматсын дайыр алга!эл оозунда элек жок жаман создорго конул бурба,айыгып кет ийгилик сага
21.01.2013. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да ден-соолукта бол!Бул керме кашты мен да тааныйм)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо