Модель Аида Чоткараева: «СУЛУУЛУК ТҮБӨЛҮКТҮҮ ЭМЕС»

№532 11-17-январь, 2013-ж

Тасмаларда мүнөзү оор "стерванын" ролун жараткан актриса, клип, жарнамалык түрмөктөрдөн жүзү таанылган модель, бир кездеги телеалпаруучу Аида Чоткараева жашоодо сылык-сыпаа сүйлөгөн, назик кыз. Ар бир суроого кылдаттык менен жооп берген Аида «бизде модель болуп жарытылуу акча таба албайсың»дейт.

АИДА ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА...

Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы – Сыр тутат
Бою – 170 см
Салмагы – 51 кг
Параметри – 88-60-90
Жылдызы – Эгиздер
Тартылган тасмалары «Ашыктык асманында», «Сулуулар жана миллион»
Тартылган клиптери – Амир Аскаровдун «Сени эстеп», «Алдадың», Тилек Каниметов «Girl number one», Бека «Гламурная жизнь»жана башка
Ийгиликтери – "Мисс Айчүрөк", "Мисс мен эң мыктымын" (БААУ/КОСУ), "Мисс БААУ", "Вице-мисс Кыргызстан-2007" деген наамдарга ээ болгон
Учурда – Модель, актриса

– Аида, моделдик бизнеске кантип келип калгансың?
– 5 жашымда эле подиумга баскан моделдерди сыналгыдан көрүп, туурап баса берчүмүн. Үйгө коноктор келсе, апам баарын тизип отургузуп алып, «Аида, моделдердей болуп басып койчу»деп калар эле. Мен да тыпыйып ары-бери "модель" болуп басып берсем баары күлүп калышчу.

– Эң алгачкы подиумуң эсиңдеби?
– 2009-жылы жазгы мода жумалыгына биринчи жолу чыктым. Подиумга чыксам эле толтура киши, свет жаркырап турат. Өзүмдү кармап, басып кеттим. Оюмдун баары кулап кетпесем экен деп, буттарым титиреп араң чыккам.

– Моделдик бизнесте атаандаштык күч эмеспи. Көпчүлүктүн көлөкөсүндө калбаш үчүн эмне кылыш керек?
– Туура айтасыз, моделдер арасында атаандаштык өтө күч жана катаал. Модель болом деген кыздар аябай көп. Мисалы, мода жумалыгына эле 100дөй кыз кастингге келет. Ал эми заказ андай көп эмес. Көпчүлүктүн арасына сиңип, жок болуп кетпеши үчүн адам сүйкүмдүү болуп, жаман сапаттарды жоготуш керек. «Бул мага жакпайт, аны кийбейм»деп тандап, кыял көрсөтүүгө акыбыз жок. Анткени кардарлар, дизайнерлер бизге акча төлөшөт. Кардар анын айтканынын баарын кылууну талап кылат. Ошону жок дебей аткара билиш керек.

– Өзүңдүн актёрдук чебер­чи­ли­гиңе кандай баа бересиң?
– Өзүмдү сындай албайм, көрүүчүлөр баа беришсин. Алгач «Ашыктык асманында»тасмасында мүнөзү катаал кыздын ролун жараткам. Андан кийин баары мени ролдогудай кабыл алып, жалаң ошондой "стервалардын" ролун сунуштап башташты. Жаңы таанышкандар да мени «жашоодо такыр башка кыз турбайсыңбы»деп таң калышат. Кинодо мен роль аткарам да, образга кириш – менин милдетим.

– Эмне үчүн экономисттик кесибиңди эмес, дал ушул чөйрөнү тандадың?
– Мага сүрөткө түшүү, образ жаратуу, аны кайра карап суктануу жагат. Сүрөт деген бул – продукт, көп эмгек жумшайсың. Жыйынтыгында сулуу сүрөт чыкса, абдан жагымдуу.

– Киного тартылып, модель болгондон тарта жашооңдо эмнелер өзгөрдү?
– Аябай чоң өзгөрүү болду деп айта албайм. Бирок кичинекейимдеги максатым ишке ашкандыктан, көңүлүм жай алып калды.

– Жүрөгүңдү багынткан мырза барбы?
– Ооба, сүйлөшкөн жигитим бар. Аны менен 10 жыл мурун таанышкам. Алгач жөн гана жакшы тааныш-дос катары сүйлөшүп жүрүп, мамилебиз токтоп калган. Бир жыл мурун экөөбүз кайра кезигип калып, ортобузда сүйүү жаралып, азыркыга чейин уланып келет. Анын мени баалаганын көрүп-сезип турам, бул мен үчүн чыныгы бакыт.

– Бош убактыңды кандай өткөрөсүң?
– Бош убактымдын 90 пайызын жигитим менен өткөрсөм керек. Экөөбүз кинотеатрларга, ашыкча көз жок, тынч кафелерге барабыз. Үйдө болсом психология боюнча китептерди көп окуйм.

– Кемчилигим деп кайсы сапатыңды эсептейсиң?
– Уйкучулугум болсо керек. 12 саат болсо да уктай берем. Анын айынан көп жумуштарым артка сүрүлүп, жасалбай калат.

– Кыздар үчүн эмне маанилүү деп ойлойсуң? Сулуулукпу же ички дүйнөбү?
– Ички дүйнө демекмин. Анткени сулуулук деген түбөлүк нерсе эмес. Ал азыр бар да, 20-30 жылдан кийин жок. Ички жан дүйнөң менен өсө берсең, көп ийгиликтерге жетишесиң.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Аида Чоткараева: "Сулуулук түбөлүктүү эмес"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(38)
SUPER.KG видео
12.01.2013. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
классная...девч.....
Модератор jaina түзөттү 14.01.2013 09:01
SUPER.KG видео
12.01.2013. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында жакшынакай кыз экен.саякатты жакшы коробуз дейт,албетте каражат болсо ким эле жактырбасын.бирок азамат кыргыздын желегин желбиретип алыстарга да чыга бер.
SUPER.KG видео
13.01.2013. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Vot na samom dele, linzy portjat ee lizo, ochen jal! Aidochka nado bylo vse je pochistit pomadu s zubov, ne krasivo...i postoyanno upotrebljat slovo " poluchaetsja" v razgovore kak minimum ne professionalno. Sorry, no moe mnenie, i konechno govori na svoem rodnom jazyke!
SUPER.KG видео
13.01.2013. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм
SUPER.KG видео
13.01.2013. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жерге комментарий калтыргандардын баары эле ушу Аиданын тааныштарыбы деген ой келди мага. Бул кыздан адамды суктанткан сулуулукту деле көргөнүм жок. Болгону жаш кыз,өзүн тыкан алып жүрөт,тырышчаак,алдына койгон максатына жеткен кыз болсо керек. Таттыбүбүгө окшоштуруп жибергенге жетишиптир дагы бирөө. Эльмира Кайып кызына окшош экен десеңер ишенет элем.
SUPER.KG видео
13.01.2013. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сулуу экен.Бирок,Таттыбубу Турсунбаевага окшош эмес.
SUPER.KG видео
14.01.2013. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналистка кыз айтып койсо болмок экен, тишин помада болуп калыптыр деп. Жакшынакай эле кыз экен тиши эле журокту айлантат экен! жашы канчада болду экен, жакшы кыз экен жакты
SUPER.KG видео
14.01.2013. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jinn, sizge tolugu menen koshulam, bizde kerek bolo 100 ese suluu kyzdar bar, bolgonu bul kiz tyryshchaaktygy menen ayrmalanat,je bolboso bul kyzdy turtup turgan "kryshasy" jakshy bolso kerek degen oilor ketip jatat.Birok sozdorunon oto akylduu aymdy ne vnushaet myndaicha aitkanda, erke okshoit jana maktanchaak!
14.01.2013. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аида,ты супер -и душа и красота,и как ты говоришь на русском,у тебя один недостаток-научись на кыргызском языке говорить,ты же модель
14.01.2013. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мне все понравилось.но есть одно но...че с зубами??
14.01.2013. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айланайыын супсулуу экенсин дайыма жылмайып эле жур а то мисирррейсинго
14.01.2013. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан татынакай кыз экен. Ушинтип шыр сүйлөгөндөрдү абдан жактырам, онтолобой. Өркөнүң өссүн, анан да кыргыз тилинде сүйлөгөндү үйрөнгөнү жакшы болмок.
14.01.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
молодец! озун алып жургону, суйлоо речи жакты. бирок интервью алып жаткан журналист айып койсо болмок тиши помада болуп калганын:-))
14.01.2013. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эне тилинди уйрон, кыргызча суйло деп кенеш бермекмин
14.01.2013. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shaship boyongon go tishi pomada bolup kalgan eken,gozuno linza koldonot eken ...Jakshinakay kiz eken ...
15.01.2013. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
krasivaya, mne kajetsya ili sliwkom mnogo tonalki, kak budto v maske))
SUPER.KG видео
15.01.2013. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оой кыргызбыз да кыргыздыгыбызга барабыз журналист кай жакты карады экен тишинин баары помада болуп калса деле отурат токтотуп кайра тартса болот эле
16.01.2013. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоналка нанесена через чур,шашып ушуп оозун боеп келген го, а так все хорошо.
17.01.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайда болсон да оз тилин оз динин мененсин адамсын.Айтарым кыргыз тилин ургонсонуз жакшы болмок.Оз тилбизди билбесек уят ко?
17.01.2013. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туулган жылы 1986
17.01.2013. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойюмча баары жакшынакай эле , только тиши жана эне тилин эс албаганы жаман экен да бул кыздын ))))
SUPER.KG видео
20.01.2013. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге страшный линза тагып алган? Озунун эле козу жакшыныкай гоо. Короче бул кыз жонундо айта турган болсом, чындыгында эле келбеттуу татынакай, мотурайган кыз. Бирок минус жактары бар. Аларын айта турган болсом аябай чоюке, мактанчаак, аябай жасап суйлойт
20.01.2013. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Молодчина!Вперед! Есть просьба, дай адресок(тел, почту) Элина Абай кызы.
SUPER.KG видео
21.01.2013. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шпаклевканы болушунча бериптирго:D
SUPER.KG видео
25.01.2013. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikoldar, Madina.vip.90,
Сиздерге эскертүү!
Бирөөнүн дарегине карата негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга тыюу салынат!
27.01.2013. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тишинен да бети апапак го ыя!
27.01.2013. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тишинен да бети апапак го ыя!
01.03.2013. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zuby jeltye takie...
02.03.2013. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
незнаю но я думала что она оочень красива.
SUPER.KG видео
27.11.2013. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
и йгилик д айыма и штерине на, зик.. фиг, урная кыз экен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо