№532 11-17-январь, 2013-ж
Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев Нарын шаарындагы облустук бириктирилген оорукананын төрөт бөлүмүнө барып, жаңы көз жарган жана кош бойлуу айымдарды Жаңы жылы менен куттуктап, майрамдык дасторкон уюштурду. Ошондой эле мэр Нарын шаарындагы карылар үйүнө барып, ал жактагы карыяларды куттуктап кайтты. «Сиздер да өзүнчө бир тууган болуп калдыңыздар. Карылар үйүндө жашап жатабыз деп кейибегиле. Биз сиздерге колдон келген бардык жардамдарды берип турабыз»,- деп чакан белектерди тапшырды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |