КЫЗЫКТАРГА БАЙ ЗООМУЗЕЙ ЖАРДАМГА МУКТАЖ

№532 11-17-январь, 2013-ж

1000ден ашуун экспонаты бар зоомузей Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында жайгашкан. Зоологиялык музейдин түптөлүшүнө Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Кушубек Кутуналиевдин салымы зор болгон.
Экспонаттар 1968-жылдан бери топтолгон. Музейдеги ар бир жаныбар ким тарабынан кармалып, качан, кайсы жерде жасалгандыгы тууралуу маалыматтарды Кушубек агай өзү жазып чыккан. Музейди ачуу идеясын айылдын мергенчилери, окуучулары жана кесиптеш мугалимдер колдоого алып, жардам көрсөтүшкөн. 3 кабаттан турган имараттын ар бир кабатына көтөрүлүп баратканыңда тоо текелердин, бүркүттүн жана ар түркүн жандыктардын катырылып орнотулган экспонаттарын көрүүгө болот.
Кызыгы, окуучулардын бул экспонаттарды көздүн карегиндей сактагандары болду. Мугалимдерден «атайын күндө кайтарып турасыздарбы?» деп сураганымда «жок, балдар өздөрү эле тийбейт, тескерисинче, ар бирин тазалап, кылдаттык менен мамиле кылып турушат. Бул да болсо тартиптен болсо керек» деп билдиришти алар.
Бул айылда 1966-жылдан 1976-жылга чейин «Андаш» алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында табылган эки баштуу, бир көздүү козулар, эки баштуу, бирок денеси бир музоо жана топоздун
сиам эгиз мамалактары музейге катырылып коюлуптур. Бул өзгөчө туулган жандыктар ошол кенден чыккан заттардын экологияга тийгизген таасиринен болгон экен. Мектептин биология мугалимин, тилекке каршы, таба албадым. Андыктан социалдык педагогика мугалими Мухтаркан Ибраимов музейдин абалы туурасында төмөнкүлөргө токтолду:
Экспонаттар узак убакытка бузулбай сакталып турушу үчүн химиялык жактан иштелип турушу зарыл. Жергиликтүү бюджеттин каржылоосунда турган музейге учурда акча артпайт. Кээде демөөрчүлөр болуп калган учурда гана атайын дарылануудан өтүшөт. Жаз келген сайын аларды эшикке алып чыгып күнгө жайып, бир сыйра дарылап коёбуз. Өзүңүздөр көрүп турган чакалардагы жасалма гүлдөр, бул жерди жашылдандырууга кеткен каражаттар жана дагы майда экспонаттар Искендербек Айдаралиев Таласта губернатор болуп турганда колдоо көрсөтүп алынып келинген. Музейге такай көз салып, өз убагында атайын химиялык заттар себилбей калгандыктан, эчендеген жылдар бою сакталып келаткан уникалдуу экспонаттардын жок болуп кетүү коркунучу жаралууда. Негизи, катырылган экспонаттар 5 топко бөлүнгөн:

  • Сүт эмүүчүлөр
  • Курт-кумурскалар
  • Канаттуулар
  • Жерде-сууда жашоочулар
  • Сойлоп жүрүүчүлөр

Музейден чыгып, жергиликтүү бюджеттен баалуу экспонаттарды сактап калууга эмнеге акча артпай жаткандыгы туурасында айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу Болотбек Таласбаевге кезигип, суроо салдык. Ал «мектепти каржылоо биздин мойнубузга жүктөлгөн. Азыркы күндө мектептин оңдоп-түзөө иштерине гана бир аз акча бөлүп бербесек, музейди каржылоого биздин чама-чаркыбыз жетпей келет» деп жооп берди.
Арийне, тиешелүү жерлерге кайрылуу жасап, кайдигер карабаган жергиликтүү тургундардан жардам сураса, айыл жергесинде болсо да миңдеген кызыктарга бай бул музейге кол сунгандар табылар...


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(2)
19.01.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин бир чонубуздун бир обедке же ужиныга кеткен акчасы жетмек ошо зоо музейге,бирок алар обед менен ужиндан кол жууганча лучще зоо музей жабылганы онго,
20.01.2013. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушундай жаныбарлар музейине жардам бериш керек да! кандай сонун музей ээ! туристер коруп суктанса булда биздин сыймыгыбыз болмок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо