Иса Өмүркулов:«МЕНИН ФАМИЛИЯМА ӨТҮП АЛГАН КҮЙӨРМАН КЫЗДАР БАР»

№532 11-17-январь, 2013-ж

Кыргыздын Жастин Бибери атыккан жылдыздуу, сүйкүмдүү, таланттуу ырчы жигит Иса Өмүркулов азыр 2-курстун студенти. Окуусу менен кошо чыгармачылыгын тең алып жүргөн ырчы жаштык доорун армансыз өткөрүп жатканын баяндап берди.

– Салам, Иса, Жаңы жылың менен! Студенттик доорду кандай сүрүп жатасың?
– Рахмат. Кыргыз-Орус Славян университетинин юридика факультетинде 2-курста окуп жатам. Быйыл аскерге чейинки даярдык курсу кирип, ар дүйшөмбүдө аскер кийимин кийип, өзүмдү кадимки жоокерлердей сезип жүргөн кезим.

– Былтыркы жыл эмнеси менен эсте калды?
– Жылдын башында той-корпоративдерден кол бошогон жок. Октябрда Астанадагы «Дельфин оюндары» деген фестивалга барып катышып келдим. Ноябрда бир тууган агам, декабрда эжем балалуу болуп кубантышты. Боюм болсо 187 сантиметр болуп калды, жыл сайын 1 сантиметрден өсүп жатам. Буюрса, 20 жашымда окуумду аяктайм, боюм болсо 190 сантиметр болот экен (күлүп).

– Кепти сени сүйгөн күйөрман кыздарыңа бурсак. Өзүң айткандай, таенең кубалаган кыздардын саны азайып калдыбы?
– Жок, бар дагы деле, ха-ха... Сейилдемиш болуп үйүмдүн жанынан өтүп калганын же чогулуп турушканын көрүп калам. Мага билдирбейин дешет, бирок баары бир байкап коём. Ии, баса, бир окуяны эстеп кеттим. Менин туулган күнүмдө Мирбек, Арсен, Омар, Сайкал, айтор, биздин шоу-бизнестин ырчылары куттуктап келишкен эле. Өзүм Пишпек районунда жашайм да. Ошол күнү бүт Пишпекке менин үйүмө жылдыздар келгени жайылып кетиптир. Түнкү саат 3-4кө чейин эшигимдин алдында, короомдон аңдыган, дарактарга жашынып кол телефонуна тарткандар болду. Ошондо аябай таң калдым.

– Анда күйөрмандарың азайбай эле, көбөйгөн го...
– Ошондой окшойт. Социалдык тармактарда менин фамилияма өтүп алган күйөрман кыздар бар. Атайын өздөрүнүн фамилиясын меникиндей өзгөртүп, баланча Өмүркулова болуп алышат. Анан да өздөрүнүн сүрөттөрүн мажбурлап эле меникине чаптап кошуп алгандарычы. Бир чети күлкүм келсе, бир чети алар менин күйөрмандарым да деп өзүмдү токтотуп коём.

– Күйөрман кыздарыңдын арасынан сулууларына сөз айтып, тийишесиңби?
– Кандай десем, ооба, арасында сулуу кыздар көп эле болот, бирок мен статусумду кармаганга аракет кылам. Баары менен эле тааныша берсем болбой калат го.

– Учурда кыргыз ырларын казакча которуп ырдоо мода болуп калбадыбы, сенин ырларыңа казак туугандар тийише элекпи?
– Ии, жакшы эстеттиңиз, өзүм көргөн жокмун, бирок тааныштарым айтышты, менин «Сүйүү жазы» деген ырымды казактардын «Жебе» деген тобу ырдаганын Казакстандын бир телеканалынан көрүшүптүр. Башка өлкөдө ырдап, хит кылса мейли, бирок биздин бар экенибизди эске алып, бир ооз сурап коюшса болмок. Дагы бир казак продюсер ошол ырды сурап келди, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

– Сахна босогосун эрте аттагансың. Азыр ошол кичине кезиңдеги видеолоруңду көрүп суктанасыңбы өзүңө?
– Ооба, кипкичинекей болуп алып клиптеримде улуу эжелерге көз артып, тийишип ырдаганымды көрүп, ошондо эле тентек экенмин деп коём. Ошол видеолорду көрүп кадимкидей ностальгия болом.

– Чынында эле өзүңдөн улуу кыздар жагабы сага?
– Сиздердин порталда «Кош канат» деген ырымдын клибине бирөөнүн «Исага өзүнөн улуу кыздар жагат» деген комментарийин окуп алып күлгөм. Ойлосом, чындап эле бүт клиптеримде улуу эжелер менен тартылыпмын. Мага өзүм теңдүүлөр эле жагат, эмне кылам «старушкаларды», ха-ха...

– Түнкү клубдарга эс алганы барып турсаң керек?
– Жок, ырдаганга эле барбасам, эс алганы барбайм. Күндө той-корпоративде эс алып эле жүрөм да.

– Кыздар сенин эмнеңе арбалышат деп ойлойсуң?
– Кудай мени эч нерседен кем кылбаптыр. Бой десе боюм, ой десе оюм бар дегендей. Арбалчу сапаттарым толтура эле.

– Кино жаатында өзүңдү сынап көрөйүн деген ойлор жокпу?
– Бар. Өзүмө индия кинолору аябай жагат. Анан жакында эле «Курманжан датка» фильмине дал мендей бою узун, кең далылуу жигиттер керек экен. Барып видеопробадан өтүп кеткем, бирок ошондо фестивалга даярдык көрүш керек болуп баш тартканга туура келди.

– «18ге чыкканда «Жаңы толкун» сынагына катышам» деп айткан элең. Алдын ала даярданып жатасыңбы?
– Негизи, жаш курагым көп жерден тоскоолдук жаратып коёт. Эсептеп көрсөм, ал сынакка дагы эки жылдан кийин барат экенмин. «Евразия жылдызы» сынагына да өтүп кеткен болчумун, бирок «жаш экенсиң» деп коюшкан. Учурда 17 жаштамын. Буюрса, алдыда көптөгөн Эл аралык сынактарга катышам деген тилегим бар.

– Кел, келечекке көз чаптырып көрөлү. Канча жашыңда үйлөнгүң келет?
– Менимче, отуз жаштан өткөндө. Ырчы Ома деле отуздан өткөндө үйлөндү го. Качан чоң особняк салып, машина алып, бак тиккенден кийин дебейинби. Ошондо да ойлонуп көрмөкмүн, үйлөнгөнгө даярмынбы же жокпу деп.

– Канча жашыңа чейин ырдагың келет?
– Ырдай албай калгыча. Мейли, чачым агаргыча.

Кыялыңдагы кызды сүрөттөп берсең?
– Чынын айтсам, антип кыялданып көрбөпмүн. Болот го бир көргөндө кайсы бир жери менен жагып калат. Эмнеси жакканын деле билбейсиң. Анан, албетте, ата-энемди, бир туугандарымды сыйлаган, ыймандуу кыз болсо.

– Канча жашыңда темир тулпарлуу болдуң?
– 12 жашымдан баштап эле машина айдачумун. Алгачкы жеке концертимди 12 жашымда берип, түшкөн акчага ата-энем машина алып беришкен. Ал эми айдоочулук күбөлүктү алганыма аз эле болду.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Иса Өмүркулов: "Күйөрман кыздар номеримди сурашса экен дечүмүн"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(65)
15.01.2013. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздарда жакшы,ою таза адамдардын аздыгын жазылган коментарийлерден билсек болчудай.Ийгилик сага Иса!
15.01.2013. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
iiiy jojo dese, on ewe malenkiy je...))
20.01.2013. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Naziwka, xe xe kiyrattiz go! jojo
15.01.2013. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Хаха жашсында жашсын,антип старушкалар деп создон жанылба анда клипке озуно окшогон пацанкаларды тарт,клипке тартып алып старушка деп соз кылганын кара!:(" Буттан тайган турат,создон тайган турбайт" Статусунду этият кыл,бир кун болбосо бир кун оффлайн болуп калат мындай типте кетсен!!!
15.01.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мактанбай эле норма суйлоптур го !суроого жооп эле бериптир ,бирок жамман чоноюп кетиптирсин,иса,мен сени биринчи клиптеги кичинекей бала деп элестеттим эле
15.01.2013. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алдыга койгон максаттарын аткарылсын!иса,ийгилик,сен биберге эмес бибер сага окшош)))
15.01.2013. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иса салам иним. Эсинде болсо керек 2007-жылы 30-октябрь биздин свадьба "Шерине" кафесинде болгон. Ошондо сен келип куттуктап ырдап бергенсин.анда сен кичинекей болчусун.Азыр эле ошол ырдаганынды коруп олтурдук эле. Сага чыгармачылык ийгилик..
15.01.2013. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika2009, мактанбай норма суйлогону ушул болсо, мактанганда бизди вообщим...))
ийгилик, осо берсин!
15.01.2013. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЭЭ бул ким? дагы кайталайм менден башкасы баары эле ырчы го
15.01.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jhanibek, бул жастин иса бибер)
15.01.2013. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aika2009, кой ай пока Омуркуловалар жетишет, Биберовалар чыгып кетпесин
19.01.2013. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim, :)))) xa-xaaaaa! Olturdungo!))0
15.01.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jhanibek, сенден башкасы баары звезда
15.01.2013. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Иса, идеялный адамдай коргозуп коюпсунда озуну.Мактанган кыз тойдо о..... демекчи, этият болуш керек.Кордунбу,кандай (мактоолорду) жазышкан. Старушкалар -аял заты. Сенин апан,эжен болот.
15.01.2013. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аман эле бол.Опкон эшке чыгып озунду которуп турган убагын экен.
16.01.2013. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
опкосун он колуна которуп алган го! Менин фамилияма отуп дейби? Анда Бишкектин Мэри да аты фамилиясынан бери отуп алган го а?
16.01.2013. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Shekerbek, бишкектин мери анда иса бибердин ашкан фанатыго ээ фамилия эмес даже атына да отуп алыптыр
16.01.2013. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иса азамат! красавчик, чыгармачылык ийгилик сага.
16.01.2013. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биз кыргыздар ушинтип бири бирибизди кемсинте берип ошон учун онукпойбуз. Эми Иса мактанганчалык бар да,аябай таланттуу бала,кичинесинен бери ырдайт. Анын эмнеси бар экен. Ал эми старушкалар деп тамашалап эле койду да. Кыскасы бар эле болгула да туугандар!
16.01.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЕЕЕЕУУУУУУ ышкыртып коментарий бергендер!!!! Жашынар канчада? Кыйн экенсинер 12 жашынарда машина алып 17 жашынарда ырчы болуп силер да супер инфого "старушкалар" деп интервью берип коргулочу??? Колундан келсе айран чал дейт кыргызда. колундан келбейби суйлобош да ээ...
SUPER.KG видео
16.01.2013. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chachyn jon ele koiso bolmok.
16.01.2013. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Isa,saga iygilik,eldin oozundasyn baardyk sozdu tarazalap tuura oiundu elge jetkire bil.Chygarmachylygyn orkundosun.Azamatsyn.
17.01.2013. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Altinim социалдык тармактарда баланча биберовна деп ачып алгандар толтура.



Иса 17 Жашта болсо 95-турбайбы. Мен 93 деп ойлоптурмун.
Баса озу социалдык тармактарда катталган бекен логинин же номерин бергилечи анча тааныбайт болчум таанышып алайын)))
19.01.2013. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Umnitsa, o_isa@mail.ru
17.01.2013. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик! мынча ичинер таааааар ушинтип жазбаса дагы кантип жазсын ????? жонокой эле жазылып турбайбы.,тамашалашып позитивдуу жазыптыр
17.01.2013. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматту форумчулар! кеп коро албаган же жаман коруудо эмес! Ар ким озунун оюн жазганга укуктуу!!!
18.01.2013. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ech kim bul balany koro albai jatkan jerleri jok, ar kim ozunun oi pikirin aityp jatat.
18.01.2013. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pfffff...polnyi otstoi,net slov...a vot Adelite peredayu privet,jelayu uspehov,molodetc!
SUPER.KG видео
18.01.2013. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иий такой няша**) обожаю Ису!)**
18.01.2013. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
N.Bakazova значит это тебя не касается
18.01.2013. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ay uwu bizdi sinatip ele koyso Isa saga iygilik!!!
19.01.2013. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен жазбай еле коеюн
19.01.2013. 05:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
..)
20.01.2013. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
действительно слишком зазнался ...... чтобы быть красивым и душа в первую очередь должна быть красивой, так сказал будто ее будущая жена или там мама и сестры не постареют никогда, придет время ты тоже постареешь.. наверно девушки которые снимались в клипе обижены к такому интервью.....!
SUPER.KG видео
22.01.2013. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оператору надо научиться брать фокус!! если это действительно оператор снимал
22.01.2013. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
E he he hehe
04.12.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
unu ,4ygarma4ylygy jakwy ordunda 1 soz m.n ERRRKEEK!iygilik!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо