Баястан (Көчө акыны): «РЭПСИЗ ЖАШООМДУ ЭЛЕСТЕТЕ АЛБАЙМ»

№533 18-24-январь, 2013-ж

«Эркелеп», «Керексиң мага» ырларынын аткаруучусу, рэпер Баястанды угармандар Бегиш менен көп алмаштырышат. Мындан ары да алмаштырбаш үчүн Баястанды сиздерге жакындан тааныштырып коюуну чечтик.

РЭПЕР ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА
Аты-жөнү
– Баястан Ботоканов
Туулган жери – Балыкчы шаары
Туулган жылы – 1993-жыл, 4-июнь
Бою – 176 см
Кызыгуусу – Баскетбол ойноо
Билими – КОСУнун медициналык факультетинин 2-курсунда окуйт
Үй-бүлөдө – Эки бир туугандын кичүүсү

– Салам, эмнеге Баястан эмес, Көчө акыны деген лакап ат менен чыктың?
– Рэп менен 3-класстан бери "ооруп" келем. Сыналгыдан чет элдик рэперлердин көчөдө ырдап тургандарын көрүп, балдар менен көчөгө чыгып айтышып калчубуз. Байкем клипмейкер Мирлан Саткымбаев кичинесинде рэп айтчу, андан да көп таасирлендим. Ошентип көчөдө рэп айтып жүрүп эле ырларды жарата баштадым. Чыгармаларымдын сөздөрү өзүмдүкү болгондуктан жана алгач көчөдө ырдап жүргөндүктөн, Көчө акыны деп алгам. Ал кезде жаш экенмин да, азыр өз атым менен эле Баястан деп чыгып жүрөм.

– Сенин ырларыңда көбүнчө окуя баяндалат. Баары жашоодон алынабы?
– Туура айтасыңар. «Керексиң мага», «Эркелеп», «Сүйүүмдү суранам» деген ырларым бир кезде сүйлөшүп жүргөн кызыма арналган. Чынында, аны аябай катуу сүйдүм, чыгармачылыгыма да дем берип турчу. Бирок экөөбүз сүйлөшпөй калганыбыздан кийин мүңкүрөп чыгармачылыгымды таштап салган жокмун. Менин жүрөгүм чоң, кыздардын баарын батыра берет.

– Сенин табитиңе кандай кыздар туура келет?
– Бардык кыздар жага бербейт. Эң негизгиси ички дүйнөсү бай болсо жетиштүү.

– Кандай кыздар жакпайт?
– Кыргыздын менталитетине туура келбеген кийимдерди кийип, мисалы, кыпкыска кийинген, ачылып-чачылып жүргөн кыздар жакпайт. Кыргыз болгондон кийин өздөрүн татыктуу алып жүрүшсө. Анан да мүнөз жагынан жөнү жок таарына бергендерди жактырбайм. «Неге чалбайсың, жазбайсың?» дей беришет го. Кыз деген сабырдуу болуш керек. Андай болбосо, өз жолу менен кете берсин, мага туура келбейт.

– Бегиш экөөңөр ынак дос эмессиңерби, кайдан таанышып-достошуп калдыңар эле?
– Бегиш экөөбүз эки жыл мурун ырларыбызды угуп, учурашып калчубуз. Кийинчерээк бири-бирибизге чогуу ырдоону сунуштап, анан иштешип, достошуп кеттик. Көп жерге чогуу барабыз, ошондуктанбы, кыздар мени көрсө да алмаштырып, «Беги-иш» деп сүйүнүп келип калышат. Кыздар, Бегиш экөөбүздү адаштырбай жүргүлө!

– Бизде ырчылык менен байыса болобу?
– Болот, мен деле акча иштеп жатам жакшы эле. Корпоративдик кечелерге барабыз. Бегиш экөөбүз концерт коюп калабыз. Ар жума сайын фристайл-батл болот, ал жактан акча түшөт. Кыскасы, жетишерлик тапсаң болот.

– Сени сындагандар көппү?
– «Сен рэп окуй албайсың» деп көп айтышчу. Азыр ошол кишилер келип «жакшы, азамат» деп учурашып калышкан. Мени канча сындашса да, көңүл бурбай иштей бердим. Азыр аларды жеңдим десем болот, өзүмдү көрсөттүм. Анан да мурун тартынчумун. Эми болсо ыр аркылуу бардык кубаныч, сүйүү сезимдеримди ачык айтып, рэпсиз жашоомду элестете албай калдым.

– Бир ыр канча убакытта жаралат?
– Жарым күндө, 10 күн же такыр эле жарым жылга барып бүтүшү мүмкүн. Эгер илхам келсин деп күтүп жата берсем, 5 жылда бир эргүү келсе, кантем? Андыктан эргүүнү күтпөй, минусовканы уксам деле азыр сөздөрүм куюлушуп чыга берет. Бул үчүн мен атайын машыккам.

– Маегиңе чоң рахмат.
– Рахмат сиздерге да.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Баястан: "Рэпсиз жашоомду элестете албайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(23)
SUPER.KG видео
19.01.2013. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
molodes, yspehov vo vsem.
SUPER.KG видео
19.01.2013. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ушул журналист кызды айабай жакшы кором.Аты жону ким бул кыздын билгендер барбы?
SUPER.KG видео
19.01.2013. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Балыкчы шаарынын кулуну! Токтоо, орду менен сулогон жаштардан экенсин. Кыргыздын РЕП багытын онуктуруудо, чон бийиктиктерди багындыра бер!
SUPER.KG видео
19.01.2013. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын чыгармачылыка чон ийгиликтер! Ырлардын жана тасмалардын устунон талыкпай иштегенинер корунуп турат!Рахмат!!! Мындан ары Кыргыз тилиндеги Эне тилиге коп басым коюп мыкты мыкты ырларды оз куйормандарынарга тартуулай бергиле!!!
SUPER.KG видео
19.01.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КЫРГЫЗ репин алдыга тарта бер !!
!
SUPER.KG видео
19.01.2013. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын айтат Баястан мен дагы коргондо экоосун алмаштырып алганмын! ийгилик тартынбаган балдардан экен!
SUPER.KG видео
19.01.2013. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Eldiyar85, жакшы корсон башка интервьюларында атын окуп эстеп калмаксынго.

Ой Бегиш менен мен да алмаштырып алганмын. Баястан озунчо эле озгочо стилде кийинет экен, красавчик мага жагат айткан рэптери. Жаралуу журогумду сен кайрадан козгобо. Мммдааа жонокой экенсин, коп ийгиликке жетесин буйруса
Модератор admin_media түзөттү 21.01.2013 09:24
SUPER.KG видео
20.01.2013. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баястан красавчик!!!обожаю его!!! оомат силерге дайым алдыга кадам таштай бергиле!!
SUPER.KG видео
21.01.2013. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Очкинизди чечип эле албаптырсыз да
21.01.2013. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгына ийгилик!
Баястан деген ат эмнени тушундурот, билгендер барбы?
26.01.2013. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Barika, баястан бул эч нерсени тушундурбойт бул жон гана адамдын аты,совет бийлигине каршы курошкон чаткал ороонундо бийлик кылган адамдын аты да Баястан болгон мумкун ошонун атынан болушу мумкун
21.01.2013. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
медицинада окуйт экенсин!таштай корбо жакшы оку!а реп киин деле айта бересин!
21.01.2013. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2 тен тааныбайт экем, анан жигиттер ушу кыска, ачык кийинген кыздар жакпайт деп отмазка теппегилечи калп эле биринчи ошондойлордун артынан чуркайсынарго ай бетинер бир да чымырабайт эээ тообо
SUPER.KG видео
21.01.2013. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кочо акыны, ой чонойуп калган элего, Баястан ачки менен кепка сонун экен... :) Репермин деп эле баардык жерде кепка менен ачкини кийип журоберген болбойт чонойгон жигит, ой Баястан...
22.01.2013. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
доске балдардын баары эле биринчи кыздардын сулуулугуна карайт мындай боло бербечи
22.01.2013. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добрга салыштырганда бул реперлер таланттуураак!
SUPER.KG видео
22.01.2013. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
L zeep деген реперден интервью алгылачы сураныч...король kg rapa
23.01.2013. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tushunbodum,bul Begishpi je ... ?ekoo okshosh go
23.01.2013. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Knt,
Бул Баястан, ал эми Бегиш Баястандын досу:)
27.01.2013. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баястан сага ийгилик! Чыгармачылыгын оркундой берсин! Дагы жакшы чыгармаларды чыгарып, Балыкчыдан деле клип тартып, элге корсотуп койчу ;)
SUPER.KG видео
27.01.2013. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нравится его песни.Уважаю
SUPER.KG видео
24.04.2013. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атам деп койсок болот.... мен деген чыгарган болушум керекмин....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо