№533 18-24-январь, 2013-ж
Эң жагымдуу белек, керемет даам, кайталангыс жыт... Бул – албетте, шоколад. Эми анын адамдын организмине канчалык пайдалуу жана канчалык зыян алып келери тууралуу биргеликте баамдап көрөлү.
ТАРЫХЫ
Шоколаддын аталышы – ацтектердин (Мексикадагы индей эли) "чоколатль" – "ачуу суусундук" деген сөзүнөн чыккан. Мекени – Борбордук жана Түштүк Америка. Тарыхка кайрылсак, илгери ацтек жана майя элдери какао дандарынан ачуу суусундукту даярдап, күнүмдүк тамак катары ичишкендиги айтылат.
Кийинчерээк XVI кылымдын ортосунда кечил илимпоз Бенцони Испаниянын падышасына дал ошол суюк шоколаддын пайдасы тууралуу доклад даярдайт. Падыша маалыматты уккан соң аны мамлекеттик сыр деп жарыялайт. Ал сырды кимде ким сыртка чыгарса, башы алынган делет. Көптөгөн жылдар бою шоколад бай адамдардын гана тамагы катары эсептелип келген. XIX кылымдын аягында гана кондитерлер шоколадды жасоонун ыкмасын ачыкка чыгарышат. Ал эми XX кылымдагы кумшекердин кескин арзандашы таттуу даамдын карапайым элге кеңири жайылуусуна өбөлгө түзгөн.
ТҮРЛӨРҮ
Шоколад курамына карата төмөнкүдөй бөлүнөт:
Ачуу шоколад – Какаонун өлчөмү кант пудрасына караганда көбүрөөк болот. Буга какао майы да кошулат.
Ак шоколад – Кант пудрасына какао майы гана кошулат (какао кошулбайт).
Сүттүү шоколад – Какао, кант пудрасы менен кошо кургак сүт (же коюлтулган сүт) көбүрөөк өлчөмдө кошулат.
Диабеттик шоколад – Какао, какао майы жана кант пудрасынын ордуна кантты алмаштыруучу сорбит, ксилит, маннит же изомальт кошулат.
Майда тешиктүү (пористый)шоколад – Десерттик шоколад массасынан жасалат. Суюк түрүндө атайын вакуум идиштерге салып, 40 градус ысык температурада 4 саат кармаганда көбүкчөлөрү чоңоюп, майда тешиктүү болуп калат.
Упа түрүндөгү шоколад – Кант пудрасы менен упаланган какао кошулган түрү. Айрым учурда сүт азыгы кошулат.
Негизи, какаого жер жаңгак, бадам, мейиз, имбирь жана башкаларды кошуп даамдуу, өзгөчө шоколаддарды да жасоого болот.
ТУУРА ТАНДОО
ПАЙДАСЫ
ЗЫЯНЫ
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Чын шоколадда кантип эле нефть болсун?